Monthly Archives: June 2015

  • Өкмөт «Мегаком” уюлдук компаниясын сатыкка коюуну сунуштады. Сиз колдойсузбу?

    Өкмөт “Мегаком” уюлдук операторуна ээлик кылган “Альфа Телеком” ЖАКсын сатууну сунуштады. Бул тууралуу мурдагы күнкү өкмөт жыйынында Экономика министри Олег Панкратов билдирди. Анын айтымында, “Альфа Телеком” ЖАКсын өкмөт пайдалуу баада сатышы мүмкүн. “Мегаком” компаниясы 2015-2017-жылдардагы менчиктештириле турган объектилердин катарына кирди. Эми бул тизмедеги объектилердин тагдыры парламенттин кароосуна коюлат. Министрдин айтымында, эгерде парламент компанияны сатууну жактырса, […]


  • Аламандын алдында

    Канатбек Муратбековду Чыныбай Турсунбеков КСДПга киргиздирбей койдубу? Нарындын мурдагы губернатору Канат Муратбеков башында КСДП менен шайлоого аттанууга кызыкдар болуп, өзүнүн жакшы жактарын көрсөтүүгө аракет кылып келген экен. Бирок КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков буга каршылык көрсөтүп, тизмеге коштурбаганга жан үрөгөнү тууралуу маалымат алдык. Анын себеби да белгилүү. Чыныбай мырза күйөө баласын Жумгалга аким кылбай койдуң […]


  • Белорус бийлиги канкор Бакиевдерди качанкыга чейин коргойт?

    Мындан бир нече ай мурун Белоруссиянын Минск шаарында Кыргызстандан чыккан кримтөбөл Алманбет Анапияев киши колдуу болуп каза тапканы белгилүү. Анын жанында ар дайым чогуу жүргөн жардамчысы жана ашпозчусу Гүлжигит Абилазизовдун Кыргызстандын ИИМине берген көрсөтмөсү боюнча Анапияевди Жаныш Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү өлтүргөн. Албетте, бул бир гана адамдын берген көрсөтмөсү. Бирок ал ар дайым Анапияевдин жанында […]


  • Айкөл АЛИКЖАНОВА, модель: «Модель болуу актриса болуу менен барабар»

    –  «Мегаком» компаниясында да иштедиң. Өзүңдүн ишиң тууралуу кеңири айтып кетсең? – Ооба, ал компанияда эки жыл эмгектендим. Бул жылдардын аралыгында ар тармактын адамдары менен тил табышып, документтер менен иштегенди үйрөнүп,  тажрыйба топтой алдым. Компаниядан ушул жылдын январь айында кызматтан кетсем да айрым учурларда кесиптештериме, досторума барып  турам. Өзүмдүн моделдик мектебимди ачкандан кийин ал жактан […]


  • Куурчактар

    Куурчак театрына балдарыңызды алып барып көрдүңүз беле? Ар бир спектаклде ойногон ар башка куурчактар кандай жасалып, каякта сакталарын билгиңиз келсе, бул макаланы окуңуз. Гүлайым АБДЫЛДАЕВА, куурчактарга кийим тигүүчү: «Өлчөп кесип, колдорун кибиретип тигиш керек» – Мен куурчак театрында төрт жылдан бери куурчактарга кийим тигем. Театрларда иштегендерден баланча айлык алып байып кеттим дегенин уга элекмин. Мен […]