Аламандын алдында

Kanatbek MuratbekovКанатбек Муратбековду Чыныбай Турсунбеков КСДПга киргиздирбей койдубу?
Нарындын мурдагы губернатору Канат Муратбеков башында КСДП менен шайлоого аттанууга кызыкдар болуп, өзүнүн жакшы жактарын көрсөтүүгө аракет кылып келген экен. Бирок КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков буга каршылык көрсөтүп, тизмеге коштурбаганга жан үрөгөнү тууралуу маалымат алдык. Анын себеби да белгилүү. Чыныбай мырза күйөө баласын Жумгалга аким кылбай койдуң деп Канатбек Муратбековго таарынган жайы бар экен, көрсө. Ошентип, КСДПга кире албаган Муратбеков адегенде “Замандашка”, андан кийин “Кыргызстанга” мүчө болуп турган чагы.

Mombekov 3100 миң сом сайган Момбеков
КСДПнын алдыңкы тизмелери менен “Учкун” ААКсынын жетекчиси Рыскелди Момбеков дагы шайлоого аттанганы турат. Ал учурда партиянын саясый мүчөсү да экен. Жакында эле Момбеков Таластын Шекер айылына барып, 100 миң сом сайып, волейбол өткөрүп келди. Даярдыкты катуу көрүп жаткандай.

KaysarЛегендарлуу Кайсар депутат болобу?
“Республика-Ата-Журт” партиясынын тизмесинин алдыңкы саптарынан орун алып, казак улутундагы Кайсар аттуу мырза депутат болгону турат. Эсиңиздерде болсо, Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турган чакта Камчыбек Ташиев баш болуп, “Өлкөнү Кайсар сыяктуулар башкарып калды, баарын ошол чечип жатат” деп ызылдап чыккан болчу. Мына дал ошол Кайсар менен эми бир партияда шайлоого барганы турушат.

Kanat Isaev“Бир бол” менен “Өнүгүүнү” акмалаган “Кыргызстан”
Ачык айтылбаганы менен Кыргызстандагы партиялардын баары түндүк-түштүк болуп биригип жатышат. Муну “Республика” менен “Ата-Журттун”, “Эмгек” менен “Бүтүн Кыргызстандын” биригишинен баамдасак болот. Азыр бирикпеген партиялардан “Бир бол” менен “Өнүгүү” гана калып отурат. Мына ушул акчалуу эки партияны пайдалануу максатында Чүй губернатору Канат Исаев “Кыргызстан” партиясын долбоор катары алып чыкты деген маалыматтар бар. Эки партиянын бири түндүктөн чыккан партия деп баары бир куда түшөт деген ишенимде болуп жаткан болушу мүмкүн.

ПК – пресс