Аламандын алдында

Ilmiyanov I.“Замандаштын” ичинде ызы-чуу
Өткөн сандарыбызда Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрам Илмияновдун “Замандаш” партиясы менен парламенттик шайлоого аттанганы тууралуу жазган элек. Бул маалыматты окуп “Замандаш” партиясынын ичиндегилер ызы-чуу болуп эле жатып калышыптыр. Анткени, бул тууралуу партия мүчөлөрүнүн маалыматы жок экен. Аттары коомчулукка өтө белгилүү болбогон менен “Замандаштын” атын чыгарып, ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жүргөн мүчөлөрү “Замандашты” “Замандаш” кылган биз болсок, анан эмнеге сырттан эле бирөөлөр келип калышы керек?” деп будуң-чаң болуп жатышыптыр.

Emil AbdykadyrovСариевге таарынган Эмил Абдыкадыров “Республика Ата-Журтка” өтө качты
Ушул жумада Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов Таласка барып, зыярат кылып, партия мүчөлөрү менен жолугушуп келди. Аларды 2010-жылы “Ак-Шумкардын” тизмеси менен алдыңкы катарда парламенттик шайлоого аттанган Эмил Абдыкадыров жылкы союп, тосуп алыптыр. Мурунку лидери Темир Сариевге таарынганбы, айтор, Бабанов менен Ташиевге кошулуп кетти.

Bolot OtunbaevКСДПнын курамы түп-тамырынан өзгөрөт
КСДП партиясы дагы шайлоого катуу даярдык көрүп жатат. Партиянын түштүк боюнча штабын Аалы Карашев, Түндүк боюнча штабын Болот Отунбаев жетектейт деген маалыматтарыбыз бар. Германияда элчи болуп жүргөн Болот Отунбаевдин жакында кызмат мөөнөтү аяктайт экен.
Анан дагы бул партия келе жаткан парламенттик шайлоого тизмелерин даярдап, азыркы курамын түп-тамырынан өзгөртүүгө бел байлаптыр. Азыркы ЖКда отурган КСДП фракциясынын депутаттарынын ичинен Асылбек Жээнбеков менен Токтогул Туманов гана кошулат экен, калганынын бирөө дагы кирбейт дейт. Таза, жаш кадрларды алып чыгалы деп аракет көрүп жатышыптыр. Мисалы, Сапар Исаков, Жанар Акаев сыяктуу жаштар тартылат экен. Анан дагы экс-мэр Иса Өмүркулов бул жолу шайлоого өзү барбай, кызын же жубайын ушул партиядан чыгармакчы болуп жаткан кези.

Зарылбек Рысалиев КСДП менен “Замандаштын” ортосунда
Мурунку министр Зарылбек Рысалиев дагы парламенттик шайлоого баргысы келип, партиялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатыптыр. Өзү КСДПга кошулсам дегенде ак эткенден так этип, бирок ал жактагылар буга “добро” бербей жатышыптыр. Бул болбой калса “Замандашка” барсамбы деп ойлонуп аткан кези экен.