Американын подиумун багындырган Акыл

Akyl 1 Akyl 3 Akyl 4Кыргызстандык 26 жаштагы Акылбек Төлөмүшев Американын подиумдарын багындырып келет. Жакында эле кыргыздын сыймыгы болгон “Курманжан Датка” тасмасында башкы ролду жараткан Элина Абай кызынын чоң кинофестивалдардын бирине кийип чыга турган кийимин тигип берди. Элина социалдык түйүндөгү баракчасында Акылга ыраазычылыгын айтып, кинофестивалда көптөгөн адамдар анын көйнөгүнө суктанганын жазып чыккан эле. Чикагого кантип барып, ийгиликтерди кантип багындырып атканын өзүнөн сурадык.

– Акыл, саламатсыңбы? Биз сени Элина Абай кызынын кийимин тигип бергениӊден улам таанып жатабыз? Аны менен кандайча байланышып калдың?
– Декабрдын башында Чикагодо кар жаап, аябай суук болду, ошондо биз достор менен жылуураак жакка, тагыраак айтканда, Лос-Анджелеске барууну чечтик. Көптөн бери Голливудду көргүм келип жүргөн. Ал эми Элина менин досумдун дос кызы экен. Биз таанышкандан кийин эгерде “Курманжан Датка” тасмасы Оскарды жеңип алса, Элинага кызыл килемден кийип өтө турган кийимин мен тигип бермей болуп макулдаштык. Бирок, тилекке каршы, тасма Оскарды жеңбей калды. Ал эми Элина дагы бир маанилүү кинофестивалга катыша тургандыктарын айтып калды, үч күндүн ичинде ага образ ойлоп таап, кие турган кийимин даярдаш керек болчу. Ошол үч күндүн ичинде үч образ жаралып, иш аябай жеңил кетти. Менимче, бул Элинанын аурасы жарык, жакшы адам экенине байланыштуу болсо керек.

– Күчтүү дизайнер экенсиң. Бул өнөрдү кайдан үйрөнгөнсүң?
– Бул өнөр балалыгымдан бери болсо керек. Дайыма сүрөт тартканды, кызыктуу бир нерсе жасаганды жакшы көрчүмүн. Мисалы, үйгө кооз бир нерселерди жасай коер элем. Кийин мен котормочу болуу үчүн окууга тапшырдым, бирок бир жыл окугандан кийин бул нерсе мен үчүн эмес экенин түшүндүм. Андан кийин Орус-славян университетинин архитектура, дизайн жана курулуш факультетине тапшырып окуп калдым.

– АКШга кандайча барып калдың?
– Студент кезимден эле мага жаратмандык кылуу, фантазияларымды ишке ашыруу жакчу. Ошондуктан, ар кандай сынактарга катышып жүрдүм, алар мага стимул берчү. Кийинчерээк муну токтотуу мүмкүн болбой калды, гран-при, биринчи орундар биринин артынан бири келе баштады. “Мода индустриясы-2012-2013” сыяктуу сынактарга катышып жүрдүм, бул жактан гран-прини жеңдим, ал эми Kyrgyzstan Fashion Week 2011-2012 мода жумалыгына катышып, биринчи орундарды алдым. Орто Азия мода жумалыгында жеңип, Америкага жолдомо утуп алдым. 2013-жылдын сентябрында болсо Нью-Йорктун Couture Fashion Week New York мода жумалыгына катыштым, андан соң мени Чикагого жумушка чакырышты. Ушул жылы эле Чикаго искусство окуу жайынын Маркетинг, брендинг жана брендди алдыга жылдыруу факультетине тапшырдым. Окуу мөөнөтү эки жыл. Андан сырткары мен сүрөтчү-модельер жана иллюстратор катары Viero Bridal той салонунда жана дагы Чикагодогу кийим саткан бир катар ири дүкөндөр менен кызматташам.

– Сени жумушка чакыргандар табыла электе кыйынчылыктар болдубу?
– Тил жагынан кыйналдым десем болот, жыл бою мен колледжге барып тил үйрөнүп жаттым, азырга чейин окуп жатам.

– Кийимдерди өзүң тигесиңби, же дизайнын чийип берсең, башкалар тигеби? Идеяны кайдан аласың?
– Эгерде дизайнердин чоң корпорациясы жок болсо, сүрөтүн өзү тартып, бычып, кала берсе өзү тигип, баарын өзүнүн колунан чыгарыш керек деп ойлойм. Ал эми идея өзү келет, мен аларды дайыма тартып калганга аракет кылам, жок дегенде эсимде сактап калганга жан үрөйм. Анан дагы кардарларымдын каалоосуна жараша иштейм, албетте, аларга дизайнер катары канткенде жакшыраак көрүнөрүн кеңеш берем.

– Келечектеги келинчегиңе да кийимдерди өзүң тигип берип кубантат турбайсыңбы, ээ? А баса, сүйлөшкөн кызың барбы?
– Келинчек туралуу айтсам, мен чыгармачыл, өзгөчөлөнгөн инсандарды жактырам. Азырынча, жубай таба элекмин, бирок жактырып жүргөн кызым бар. Буюрса, келечекте экөөбүз чогуу болобуз деген ойдомун. Менимче, жубайым үчүн мен эч кандай кийим тикпейт болушум керек, алдын ала айтып койчу нерсе, ал менин жардамым жок эле өзгөчөлөнүп турушу керек.

– Келечектеги пландарыӊ кандай?
– Ар бирибиз өзүбүздүн өлкөбүздүн патриоту эмеспизби, ошолор сыяктуу эле мен дагы Кыргызстанга кайтып келип, өз Мекенимде жашагым келет. Ага чейин койгон максаттарыма жетишим керек. Алардын бири дүйнөлүк моданы багындыруу эмес, өзүмдү Кыргызстандан чыккан таланттуу дизайнер, модельер кылып көрсөтүү. Бирок мен Москва бир күндө курулуп калбаганын жакшы билем. Эң башкысы, токтоп калбай, кичинеден кадам таштап, алдыга жылып отуруу керек жана дагы өзүбүздүн күчүбүзгө ишенишибиз абзел. Мен биздеги мода индустриясынын өнүгүшүнө өз салымымды кошуп, билген нерселерим менен бөлүшүүгө даярмын.

– Ойлоруң ишке ашсын! Ийгилик каалайбыз!

Махабат Шакирова