Асыл адамдар: Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн

Jusup Abdrahmanov(Башталышы гезиттин өткөн сандарында)

“Досум! Сага айткандарымды жан адамга айтпашың керек. Менин көзүм тирүү турганда мен сага ушундай талап коём, ал эми көзүм өткөндөн кийин жазгандарымды кимдерге айтсаң, кандай айтсаң, ал жагын өзүң бил. Анда эмесе, ой-толгоо, баянымды, башыман нелер өттү, келечекте мени нелер күтүп турат, баарысын тыңдап тур”.

22.09.1928
Эртең менен БКда болдум жана БКнын саясий бюросунун Токмок тилкеси тууралуу материалдары менен тааныштым. Саясий бюро тилкенин Фрунзеден Токмокко чейинки курулушунун 28-29-жылдардагы мөөнөтүн чектеп жатат. Анын көчүрмөсүн бербей коюшту. Мен анын формулировкасын жакшы билип алдым, БКдан чыккандан кийин бир кичинекей кагазга «28-29-жылдары Фрунзеден Токмокко чейин тилкени куруу маселесин чечиш керек, андан башка кандай каалоо болмок эле» деп жазып алдым.
Бул токтом 1927-жылдын 3-ноябрында чыкты. Союздун Мампланынын президиумунун жыйынында ал справканы Квиригинге бергем, ал нааразы болуп калды. Саат 11ден 3кө чейин Мампланда олтурдум. Мага болгону 10 мүнөт беришти. Бул убакытты экономикалык жактан туура, саясий жактан зарыл болгон тилкенин курулушун мындай курулуштардын башына коюу боюнча аракет жасадым.
НКПС кызматкерлери жана өкүлчүлүктөгүлөр менин сөзүмдөгү келтирилген далилдер иштин көзүн билгендей жана далилдүү болгонун айтып жатышат.
Балким… бирок мен өз сөзүмө эч качан ыраазы болгон эмесмин. Мен дайыма андан да жакшы сүйлөгүм келет.
«Бул оюнду мен жеңип алдым. Мамплан Токмок тилкесин курулуш планына киргизди жана ага титул берди.
Саат үч жарымда Москвиндин орун басары жолдош Рябовдо болдум. Кызматкерлер тууралуу жана жолдош Мейрахановду Свердлов университетине жиберүү боюнча сүйлөштүм. Кызматкерлерди беребиз дешти. Мейраханов тууралуу МК менен сүйлөшүп көрүүнү сунуштады. Саат беште Кубякта болдум. Жазгы талаа иштерине акча бербей жатышат. Кыргызстанды импорттук айыл чарба шаймандары менен камсыз кылуу боюнча Союздун Соода Эл Комиссариаты Борбор Азиялык органдар тарабынан бекитилген план боюнча биздин үлүшүбүздү түздөн-түз берсин деп сүйлөштүм. «Марконини» дагы бир сезонго калтырып жатышат…

23.09.1928
Бүгүн кеч турдум, эртең мененки саат 10до. Эртең мененки тамактан кийин Бородинанын «В застенках китайсих сатрапов» деген китебин окуп жаттым. Бул китептен кимде-ким өзү күбө болгон окуялардын кандай талданышын табам десе, ал убакыттан уттурмак. Ал эми ким өзүн-өзү мактагысы келсе, ал өзүнө упай топтоо менен бул китепти окуп чыкмак. Ушул китепти окуп чыккандан кийин кагаз баарына чыдай берет экен деп айтса боло турган экен деп калдым.
Күндүзгү саат 12де Раиса менен Кушнерге, Е. жана В. Гольдмандар менен Останкиного бардым. Ал жакта эки саатка жакын болдум. 18-кылымда граф Шереметьевдин аялы Параша үчүн курган Ак сарайын карап олтуруп, азыр дагы миллиондордун эсебинен бир ууч кишилерге ырахат тартуулагандар аз эмес экен деп ойлоп кетесиң. Миллиондогон эзилгендер менен кул болгондордун кызыкчылыгы үчүн болгон күрөштө акыркы жоокер эмес экениңе сүйүнөсүӊ.
Саат үчтө Садаевде болдум жана анын жолдоштору менен тамактандым. Түштөнүүгө улуттук тамактар берилди. Эмеректери бар бөлмөдө стул менен креслолорду четке түртүп салып, биз кыргызча эле жерге олтуруп алдык, бир гана боз үй жетишпей турду…
Саат беште Тойчинов, саат алтыда Ольга келди. Аны менен Чоң театрга барып «Конёк горбунокту» көрдүм. Мен үчүн балеттин кызыгы жок болду. Көңүлүмдү топтой албай, маанисин деле түшүнө албадым…

(Уландысы келерки санда)
Орусчадан которгон Айгүл Бакеева