Айгүл ЧАЛОВА, ырчы: «Ырчылар дайым ырдап тургудай робот эмес да»

chalovaАйгүл Чалова “Сүйүү арманы” деген ыры менен белгилүү болгон бул ырчы айым сахнада өзүнүн жагымдуу чыгармалары менен бир топ ырларды аткарып жүрөт. Келишкен келбетине шаңшыган үнү төп келип, көп адамды куштар кылган ырчы Айгүл Чалова менен кызыктуу баарлаштык.

– Айгүл, күн жылып жаз мезгили келди, аны менен бирдикте чыгармачылыгыңыз да жанданып жатса керек. Жаз мезгили сизге кандай таасир берип атат?
– Жаз мезгили бир гана аялзаты үчүн эмес, бардык эле кыргыз эли үчүн абдан жагымдуу учур. Бул мезгилди чыдамсыздык менен күтөбүз. Жазында жаңы жашоо башталат. Мына ошонусу менен мага жаз мезгили жагат. Учурда колумдан келишинче күйөрмандарыма жаңы ырларды, жаңы клиптерди тартуулап, алдыда боло турган жеке концертиме талыкпай даярдыктарды көрүп жаткан кезим. Негизи, ырчылар кайрымдуулук концерттерге, ар кандай кечелерге барып, өз милдетибизди аткарып жүрөбүз. Болгону съемкаларга тартылбай калсак эле «Баланча ырчы шоу-бизнесте көрүнбөй калды» деп эл кеп кылып калышат. А чын-чынына келгенде андай эмес да. Ырчылардын баардыгы тынбай ырдап тургандай робот эмес. Кээде алардын да ырдагысы келбей, ырдайын десе ырлар жакпай, багыт табышы кыйын болуп калат. А биз күйөрмандарыбызга жаңы ырларыбызды тартуулабасак эле көрүнбөй кетебиз.

– Депрессияга көп тушугасызбы?
– Бул жашоодо дайыма жайдары болуу зарыл. Негизи эле мен өзүмдү кандай жагдай болбосун, позитивдүү алып жүргөнгө аракет кылам. Өзүн позитивдүү алып жүргөн адам депрессияга кабылбайт. Мен да ошол депрессияга кабылбаган адамдардын катарын толуктайм.

– Салонго тез-тез барып турасызбы? Канча каражат коротосуз?
– Чыгармачылыгыбызды жаңы баштап, элге таанымал болуп чыгып келе жатканда съемкага тартылуу үчүн салондорго барууга мажбур болчубуз. Бир барганда эле 6000-7000 сом коротчубуз. Андан көрө ал акчаны башка керегиңе жаратып алсаң пайдалуураак да. Маселен, ал убакта жаш болуп өзүбүз бетибизге макияж жасаганды билчү эмеспиз. Бара-бара анын баардыгын үйрөнөт экенсиң. Азыр салондорго көп деле барбайм, өзүм эле бетиме кам көрүп, жарашыктуу кылып боенуп алам. Тескерисинче, алар жасап берген макияждан жүдөп, бетимди тазалаганча шашам.

chalova2– Кыздарга тырмакка кам көрүү да өзүнчө мааниге ээ эмеспи. Тырмагыңыз үчүн кандай аракеттерди жасайсыз?
– Тырмак – бул биздин ден-соолугубуздун бир бөлүгү. Ошондуктан ага аяр мамиле жасап, дайыма кам көрүшүбүз керек. Мен интернет булактарынан «тырмакка кантип кам көрүү керек» деп карап, ошол аркылуу тырмагымды карайм. Жакшы эле салондорго барбай эле коеюн дейм, бирок үй шартында тырмакты жасоо бир топ убакытты талап кылат. Мен тырмагымды боемоюнча жүрө албайм, ошондуктан салондорго барганга мажбур болом. Боебой койсоң да айрымдары сөз кылышат. Салондорго макияж жасатканы барбасам да, тырмагыма кам көрүү үчүн барам.

– Байкашыбызга караганда муңдуу ырларды көбүрөөк ырдайсыз. Сиздин жашооңуздан алынган чыгармаларыңыз да болсо керек?
– Муңдуу ырларга көп деле басым жасабайм. Менин башка ырларымды укпай, муңдуу ырларымды уккан адамдар ошентип ойлошу ыктымал. Чыгарма деген чыгарма. Болгону ошол ырды жүрөккө жеткире ырдоо ырчылардын милдети. Акыркы күндөрү негедир жигиттин образы түшкөн ырларды көп ырдай баштадым. «Эмнеге жаңы ырларымдын баардыгы жигит тууралуу болуп атат» деп ойлонуп калам. Демек, менин жигитим бар деп коем.

Кымбат Турдубекова

бригадирам плитка пвх в Якутске скидки на стройматериалы