«Балаң соттолгон» деп Баатыр эне наамын бербей жатышат»

Baatyr eneКыргыз Республикасынын
Президенти Алмазбек Атамбаевге
Нарын облусунун Кочкор районунун
Жаңы-Жол айылынын тургуну
Алымбүбү Ѳмүркуловадан
Кат!

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

  Мен Кочкор районунун Жаңы-Жол айылынын тургуну болом. Жети баланын энесимин. Балдарымдын үчүнчүсү Марат Кадыров деген уулум төрт жыл мурун ушул эле айылда жашаган Сыдыкова Азимкүл деген аял менен жайлоо талашып уруша кеткен. Ал аял милиция кызматкерлерин алып келип, баламды каматып койгон. Каматып жиберген келин тууганыбыздын эле аялы болчу. Биз барып алар менен сөзгө келишип, элдешип, балабызды милициядан чыгарып алганбыз. Андан бери, жогоруда айтканымдай, төрт жыл өттү. Азыр Баатыр эне деген наамды алуу үчүн Жаңы-Жол айылындагы социалдык фонд кызматына документтеримди тапшырган элем. Бирок «Сенин балаң кесилген» деп бул наамды алууга жол бербей жатышат. Мен «Баламды канча жылга кестиңер эле? Же сотко чакырылбаса. Эмне кылганы үчүн кесип жибердиңер?» десем «Тергөөчү билет» деп коюшту. Жакында эле Кочкор районунун милиция бөлүмүнө кайра барсам, Улан Жаманкулов аттуу милиция кызматкери «Тергөөчү эмгек өргүүсүнө чыгып кетти. 20-майда кызматына келет» деп жолго салды. Мен тергөөчүнүн аты-жөнүн да билбейм. Балам урушуп кеткен Сыдыкова Азимкүл 19.10.2011-жылы бизге элдешкенибиз тууралуу кат жазып берген. Ал жазган каты ушул күнгө чейин менде сакталып турат. Эмнеден улам баламды соттолду деп жатышканын да билбейм. А чын-чынына келгенде эч кандай сот иштери болгон эмес да.
Урматтуу Президент! Мына ошентип болбогон каралоолордон улам Баатыр эне наамын ала албай каламбы?! Ушул маселени карап берүүңүздү өтүнөт элем.

Кат ээси Алымбүбү Ѳмүркулова