Базарбай Мамбетов, мурунку вице-премьер министр: “Россия менен экономикалык интеграцияда чогуу болушубуз керек”

Bazarbay Mambetov
Кыргызстандын экономикасы жакынкы келечекте кайсы жагына өзгөрөт? Буга “Кумтөр” алтын кенин иштетүү боюнча талаштуу долбоор, Евразия экономикалык биримдиги, доллар менен рублдын олку-солку курсу жана мунай баасынын арзандашы кандай таасирин тийгизүүсү мүмкүн? Бул суроолор менен коомдук ишмер, мурунку вице-премьер Базарбай Мамбетовго кайрылдык.

Чатагы бүтпөгөн “Кумтөр”

– Базарбай Эстебесович, “Кумтөр” алтын кенин иштетүү боюнча Кыргызстан Канада менен бир пикирге келе албай жатат. Азыр 50/50 пайыздык үлүш менен биргелешкен акционердик коом түзүү тууралуу долбоор парламентке сунушталып жатат. Бул долбоордон утуш барбы бизге?
-Тилекке каршы, ушул 50/50 пайыздык үлүш менен биргелешкен акционердик коом түзүүдөн Кыргызстан эч кандай утушка ээ боло албайт. Тескерисинче, утулат десек болот. Анткени, 2009-жылы 29-апрелде мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев биздин колду толгоп туруп эле, Кыргызстан дүң кирешеден 13% алып турат деген долбоорго кол койдуруп койгон. Биз байлыгы бар жердин ээси болуп туруп, болгону 13% гана пайдага ээлик кыла алабыз. Азыр деле ошол тартипте, ошол келишим менен иштеп жатабыз. Болбосо акыркы жылдары «Центерранын» “Кумтөрдөн” алган кирешеси жылына 1 млрд долларга айланды. Биздин азыркы өкмөт менен Жогорку Кеңеш үч жылдан бери туура эмес жолго түшүп алып, Кумтөр көйгөйүн туңгуюкка кептеди. Ал жерде эң негизги маселе болуп, чыгарылган алтынды саткандан түшкөн дүң акчаны Кыргызстан менен “Центерра” бөлүшүп алганы адилеттүү болмок. Бирок муну чечүүнүн ордуна өкмөт, экономика министрлиги башка жолго түшүп, туңгуюкка кептеди. Эми биз үлүштү 50/50 пайызда кылбай эле, “улутташтырабыз”, “Кумтөрдү” өзүбүз башкарабыз” дебей эле, дагы көп баш ооруткан нерселерди айтпай эле, канадалыктар менен түз отуруп сүйлөшсөк болмок. “Дүң кирешеден 13% бергениңер шылдың, андан көрө 30% бергиле” десек макул болмок. Бирок, тилекке каршы, канадалыктар биздин сүйлөшүүгө катышкан адамдардын баарынын башын айландырып, алардын сабатсыздыгын билип алып, ар кандай махинациялардын негизинде пайданы тең бөлүшүүгө көнбөй атышат.

-Вице-премьер министр Валерий Диль парламентте “Центерра” “Кумтөрдү” иштетүүдөн алган пайдасын тең бөлүшүүгө макул болду деп айтпадыбы? Бул ага жатпайбы?
– Тилекке каршы, жок. Анткени биз азыркы мен шылдың деп айтып жаткан 13% үлүш менен эле жыл сайын “Центеррадан” бюджетке 110 млн доллар алып турганбыз. Эми “Кумтөрдүн” былтыркы кирешеси 110 млн долларга барабар болду деп, анын жарымын гана Кыргызстанга беребиз деп атышат. Бул таптакыр туура эмес. Эгерде биз ошол 13% үлүштүн ордуна, жок дегенде 30%ын сурап, көндүрө алсак, анда бюджетке 300 млн доллардан ашуун акча түшүп турмак. Эми биздикилер 50/50 пайыздык үлүш кылабыз деп атсаңар, анда өткөн жылдын кирешесинен гана жарымын беребиз деп атышат. Эми алар таза кирешени каалагандай көрсөтүп, ошонун гана жарымын берип атышат. Бир кездерде Кыргызстандын үлүшү 66% ды түзгөн. Бирок ошол учурда да канадалыктар таза кирешени көрсөтпөй, башка цифраларды көрсөтүп коюп келишкен. Бул жолу да ошондой болот. Муну менен алар бизди мурда 13% үлүш менен жылына алып турган 110 млн долларга да ээ кылбай атышат. 1997-жылдан бери Кыргызстан бир да жолу канадалык ишканадан эч кандай дивиденд алган эмес. А эгерде дүңүнөн түшкөн акчаны бөлгөнгө отурсак, аны эч жакка ката алмак эмес. “Кумтөр” –Кыргызстандагы коррупциянын туу чокусу. Эң башкысы биздин кен иштетүүгө берилген лицензияларда жатат. Мисалы, Кыргызстанда чет элдик компанияларга алтын изилдөө, казуу боюнча 173 лицензия берилген. Анын ичинен 33 лицензия запасы аныкталган алтынды иштетүүгө берилген. Бирок, ошол лицензиялардын бирине да эч кандай келишим түзүлгөн эмес. Өзү дүйнөлүк практикада лицензия менен кошо эле генералдык келишим түзүлүп, кимдин үлүшү канча экени, ошондо так жазылат. Бизде андай нерсе жок. Биргелешкен ишкана түзө коюп эле, берген акчасына ыраазы болуп кала беришкен. Ошентип, канадалыктар “Кумтөр” алтын кенин иштете баштагандан бери, т.а. 1997-жылдан бери 2013-жылга чейин 288 тонна алтын чыгарып алып кеткен. Өткөн жылы болсо 16 тонна казып алды деген маалымат бар. Бул азыркы баа менен 7,2 млрд долларга алтын сатты дегенге барабар. Бул Кыргызстандын бюджетинен үч эсеге көп. Бул кирешенин ичинен бизге болгону 27 тонна алтындын баасында гана акча берилип, 19 жылдан бери Кыргызстандын бюджетине болгону 580 млн доллар киреше түшкөн. Бул цифралар эч жерде жарыяланган эмес. Биз муну “Центерранын” сайтынан алып, салык кызматынан, казынадан текшерип, салыштырып алып, колдонуп жүрөбүз.

Евразия экономикалык биримдиги

– Базарбай Эстебесович, Кыргызстан бир буту менен Евразия экономика биримдигинин, Бажы биримдигинин босогосунда турат. Бул интеграциялык союздардан Кыргызстан кандай пайда көрө алат?
– Өтө чоң пайда көрө алат деп айтат элем. Анткени, 7-8 жыл мурун эле ЕАЭБ менен тыгыз кызматташып, Бажы биримдигине 2012-жылы эле өтүп алсак, экономикабыз үчүн жакшы болмок. Кыйла алдыга кетмекпиз. Азыр эми бир аз кечигип кирип атабыз. Анткени, Кыргызстан үчүн бул уюмдун пайдасы чоң, себеби Кыргызстандын мындан башка интеграциялык тандоосу жок. Бажы биримдигине кирүүдөн Кыргызстанга керектүү эң башкы төрт маселе чечилет: Биринчиден, товарлар эркин жүгүртүлөт. Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн ортосунда бажы төлөмдөрүсүз, текшерүүлөрүсүз, бири-бирине өтүп, сата алышат. Кыргызстан мында айыл чарба азыктарын, эт-сүт азыктарын Казакстан, Орусия, Беларусияга тиешелүү стандарттарга жараша эркин сатууга мүмкүнчүлүк алат. 5-6 жыл мурун баштаганда, бул стандарттардын баарына кыйла көнүп, киреше таап калмак. Жеңил өнөр жай товарлары да ушундай эле тартипте кеңири сатылат. Эмдигиче бизде Бажы биримдигинин стандарттарына ылайык сапаттуу товарлар арбын чыгып калмак. Биз убагында ушуну көрө албай койдук. Экинчиден, кызмат көрсөтүүнүн эркин болушу. Бул деген банк кызматтары, банк ачуу, финансылык борборлорду, камсыздандыруу компанияларын көбөйтүү. Кыргызстанда Эл аралык стандартка жооп берген банктарды түзүп, Кыргызстанды эл аралык каржы борбору кылса болмок. Анткени биз – Дүйнөлүк соода уюмунун да мүчөсүбүз. Бизде либералдуу акча-валюта саясатына либералдуу мамиле жасалат. Ушулардын баары бизге жардам бермек. Мейманкана, туризмди өнүктүрүү, кемпинг ачуу жана башкаларды өнүктүрүү өз жолуна түшөт. Үчүнчүдөн, акча эркин жүгүртүлөт. Биримдиктин ичиндеги гана мамлекеттер арасында эмес, үчүнчү өлкөлөрдөн инвестициялар да кенен келмек, анткени келишимдин шарттарында ошондой жазылган. Биздин ишкерлер, жаштарыбыз муну туура жагына эң сонун эле пайдаланып, эки-үч эсе көбүрөөк мүмкүнчүлүк алмак. Анткени, бизде чыгаан, күчтүү ишкер жигиттер бар. Алар тигүү тармагын да кыйла өркүндөтүп, өнүктүрүшмөк. Демек, ишкерлер керектүү өнөктөштөрүн ар кайсы алыс-жакынкы өлкөлөрдөн таап алышмак. Төртүнчүдөн, эркин эмгек рыногу иштей баштайт. Бүгүнкү күнү Россия, Казакстанда кыйналып иштеп жаткан кыргызстандык мигранттар биримдикке мүчө өлкөлөрдүн каалаган жерине эркин барып иштеп, алардын эмгекчилери менен укугу бирдей болот. Ошондуктан, Евразия экономикалык биримдигине, Бажы биримдигине Кыргызстандын кошулганы биздин экономикабызга пайда гана алып келет.

Доллар курсунун өсүшү

-Рублдын арзандап, доллардын кымбатташынан кандай пайда-зыян болушу мүмкүн?
– Орус бийлиги рублдын чектен түшө төмөндөп кетүүсүнө жол бербейт деп эки ай мурун берген интервьюмда айткам. Ошондо 80 рубль 1 доллар болгон, орус бийлиги аны кайра 60 рублге түшүрдү. Ушундай эле тагдыр кыргыз сомунун да башында бар, анткени, баары бир байланыш бар. Рублдын арзандашы, Россиядагы кризис – убактылуу нерсе. Бир күнү болбосо, бир күнү кризис бүтөт. Ошондуктан, рубль арзандап, кыргызстандык мигранттардан келген акча азайды деп трагедия кылуу жарабаган нерсе. Мигранттар бүгүнкүдөй шартта массалык түрдө кайтып келбейт. Анткени, бул жакта баары бир жумуш орундары жок. Ошондуктан, алар ошол жактан жумуш таап иштөөгө аракет кылышат, келгенге аракет кылбайт. Бирок ошентсе да, мамлекет мигранттарга жардам бериши керек. Алардын укуктарын, таламдарын талашып, маселелерди коюуга тийиш. Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин кыргыз бийлиги мигранттардын укугун талашып, талаптарын коюусу керек. Этап-этабы менен сүйлөшүп, талап кое берсе, акырындык менен маселелер чечилет.

Мунай, күйүүчү майдын баасы тууралуу

-Дүйнөлүк базарда мунай арзандап жаткан учурда Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы төмөндөйбү?
-Кыргызстанда күйүүчү майдын абалы Россияга байланыштуу. Ал жакта абал кандай болсо, бизде да ошондой болот. Мына, салыштырып көрүңүз, өткөн жылы Кыргызстанга сырттан 618, 428 тонна бензин импорт менен келген. Анын ичинен 618,169 тоннасы Орусиядан келсе, калганы Казакстандан келген. Дизелдик күйүүчү май былтыр 508 985 тонна импорттолсо, 508 558 миң тонна Россиядан келген. Казакстандын үлүшү өтө аз. Ал эми жогорку октандуу керосин былтыр 85 179 тонна келген болсо, бардыгы Россиядан импорттолгон. Сиз жакшы билесиз, 2006-жылга чейин биз күйүүчү майды, негизинен, Казакстандан алып турганбыз. 2006-жылдан тартып казактар бизге күйүүчү май берүүнү токтотту. Болбосо Казакстан жылына 90 млн тонна нефть чыгарат. Ошондон бизге 1 млн тоннага жетип- жетпеген күйүүчү май берүү ниети жок. Ошондо бизди Россия кыйынчылыктан чыгарып кетти. Казакстан толугу менен күйүүчү май бербей койгондо, орустар келип, биздеги кенемтени толтурган. Ушул жерден мен “Газпром Кыргызстан” ишканасынын башчысы Болот Абилдаевдин эмгегин баса белгилеп койгум келет. Анткени, Болот мырзанын Миллер менен жакшы мамиледе болгону Кыргызстандын мунай базарын сактап калды. Жыл сайын жазгы айдоо учурунда, күзгү оруп-жыюу убактарында Казакстан тараптан болуучу күйүүчү май кризисинен толук арылтып, туруктуулукту орнотту. Дагы белгилеп коеюн, азыр Кыргызстандагы күйүүчү майдын баасы Өзбекстандагы, Тажикстандагы баадан 30-40% арзан. Россияга санкция башталгандан бери күйүүчү майдын баасы бизде дагы 4 сомго арзандады. Эгер мунайдын баасы төмөндөй берсе, дагы арзандашы күтүлөт. Мен бир нерсени айтып койгум келет, Өзбекстан акыркы жылдары жылына 70 млрд куб газ чыгарды. Бирок ошонун ичинен болгону 250 млн куб метрин Кыргызстанга бергиси келбейт, бекер эмес, саткысы келбейт. Бул деген коңшулардын Кыргызстанга жасаган экономикалык мамилесинин деңгээлин көрсөтүп турат. Ошондуктан, биз Россия менен экономикалык интеграцияда чогуу болушубуз керек.

Маектешкен Альбина Караева