Биздин замандын кишилери

USA– Атым Манас, 22 жаштамын. Кыргыз эл аралык университетинде 5-курста окуйм. Жакында эле “Жумуш жана саякат” программасы менен АКШнын Вирджиния бич деген шаарына барып келдим. Ал жакта “5 star servise” деген мейманканада хаусмен болуп иштедим. Англис тилин билем дегеним менен америкалыктар аябай бат, анан да жаргондор менен сүйлөшөт экен, башында ошондон аябай кыйналдым. Анан дагы жалаң эле фаст-фуд жешет экен, мен өзүбүздүн тамактарды сагындым. Бирок, бардык жагынан бул өлкө катуу өнүгүптүр. Бизде чет элдиктерди жериген сыяктуу карашат эмеспи, америкалыктар башка жактан келгендерге аябай сылык мамиле кылышат. Мен барган программанын шартына ылайык, кайра Кыргызстанга кайтып келип окуумду улантышым керек эле. Ошон үчүн кайра кайтып келдим. Эми кайра барып Чикагодогу “Computer system institute» окуу жайына тапшырайын деп аракет кылып жатам. Барып окуп, грин кард алгандан кийин Кыргызстанга сөзсүз кайтып келем.