Чолпон Жакупова биздин таламыбызды талашмак беле?

Cholpon JakupovaАр дайым чуулгандуу окуялардын үстүнөн түшүп, өзүн жарандардын укугун коргогон адам катары көрсөткүсү келген «Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованы кимдер гана тааныбайт. Ал Кыргызстандын кызыкчылыгынан дагы өзүнүн же кайсы бир саясый күчтөрдүн укугун коргогонунун себебин жакшы түшүнбөйт элек, көрсө, ага сырттан келген миллиондор дем болот тура. Бул тууралуу макалабызда кенен сөз кылабыз. Башкасына токтолуп отурбайлы, Чолпон Идиновнанын апрель окуясынан берки ишмердүүлүгүнө саресеп салалы. Апрель окуясынын башкы күнөөкөрлөрү саналган экс-чиновниктердин, тактап айтканда, «Альфа» тобунун кызматкерлеринин адвокаты болуп чыга келди. Логика боюнча, ал жакындарынан айрылган адамдардын укугун коргошу керек эмес беле? Анын элге каршы ок аткан «альфачыларды» колдоп чыкканы көп суроону жаратат. Чолпон айым өлкөдөгү кырдаалдын туруктуу болушуна кызыкдар эместей. Дегенибиз, былтыр 9-октябрда «Вечерний Бишкек» гезитинин маалыматтык борборунда өткөн тегерек столдо «Жаңы муун» кыймылынын жаштарына: «Өлкөдө хаос, башаламандык орноп турат. Силер шайлоо жолу менен келе албайсыңар» таризинде кеп айтты. Бул жаштарды бийликти басып алууга үндөгөнүбү? “Вечерний Бишкек» демекчи, аталган басма үйүнүн тегерегиндеги чуу басыла элек. Ал эми Чолпон айым айрым кесиптештери менен биргеликте БОКтун экс-төрагасы Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов менен «мини курултай» өткөрүп, «Вечерний Бишкек» боюнча 4-апрелде өтүүчү сот процессинде колдоо көрсөтүп, журналисттердин укугун коргоочу комитет түзүү чечимине токтолушуптур. Көрүнүп тургандай, Ч.Жакупова жалаң чуулгандуу окуялардын башында жүрөт. Кыргызстандын кызыкчылыгын эмес, бөлөк тараптын кызыкчылыгын коргойбу? Маалымат үчүн айта кетсек, 2013-жылы «Адилет» уюмунун банктагы эсебине 19,5 млн сомго жакын каражат түшкөн. Мындай ири сумма каяктан келсе, Жакупова ошол жактын кызыкчылыгын көздөбөйт деп ким кепилдик берет?

ПК-пресс