Элдик көзөмөл: “Ихлас” кафесиндеги тамактын ичинен лейкопластырь чыкканда

plastyr (1)20.04.2015 күнү түштөнүү убактысы болгондо Киев-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ихлас” ашканасына кирип калдым. Бул жерден буга чейин деле тамак жеп жүрчүмүн. Тамактары даамдуу, анан дагы өтө кымбат эмес баада эле. Жоолук салынган адамдар иштесе, булар таза жасайт деген ишенимде болчумун. Аты да башкача ишеним жараткандай, “Ихлас” деп.
Ошентип бул жолу да кирип, өзүмө “французча бышырылган эт” алдым, күрүчү менен кошуп. Жакшы эле жеп аткам, бир убакта оозума бир катуураак нерсе урунду, мен лавр жалбырагы окшойт деп тазалап эле, оозумдан алып чыксам кадимки эле лейкопластырь экен. Аябай жаман болдум. Ашкананын кожоюнун чакырып көрсөттүм. Ал дагы чын эле таң калдыбы же таң калгандай түр көрсөттүбү, “Каяктан мындай болот? Азыр” деп коюп, ичине кирип кетти. Бир убакта чыгып “Биз өзүбүз да таң калып жатабыз, сиз жеген тамакка кошулган козу карын колго тууралат, анан кантип бул аралашып кеткенин билбей жатабыз. Кечирип коюңуз! Бизге да бул нерсе жагымсыз болду” деп кечирим сурап, тамактын акчасын кайтарып берди. Албайм дегениме деле болгон жок. Баягы лейкопластырды эстегенде эле иренжип, тамак да жей албай калдым, аны көргөн жанымдагы шеригим да тамагын жебей койду. Кимдин кайсыл жагына чапталган лейкопластырь болду экен деп азыр деле тамагым ооруп турат. Эми бул кафеге киргис болдум окшойт.

Махабат Шакирова