Элдик трибуна

MugalimЖогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков мамлекеттик кызматкерлердин маянасын эки жумада бир берүү керек деген демилгесин айтып чыкты. Сиз буга макулсузбу?

Жыпара ЖОРТОЧИЕВА, №69 мектептин мугалими: «Айлык акыбыз көп болсо бир жөн»
– Биздин айына бир ала турган маянабызды эки жолу бөлүп бергени туура эмес эле болуп калат го. Себеби, айына саналуу эле каражат алсак, аны экиге бөлүп берсе, ал каражатты каягыбызга жеткиребиз. Айлык акыбыз көп болсо бир жөн. Ѳзүңөр билгендей мугалимдердин айлык акысы аябай эле аз. Аны кантип экиге бөлүшөт?

Рыскулбек БУЛАРКИЕВ, Улуттук китепкананын директорунун илим боюнча орун басары: «Эптеп айдан айга жеткирсек, ушул туура болмок беле?»
– Бул туура эмес. Себеби, мамлекеттин бюджетинен алган айлык маянабызды өлчөп, эптеп айдан айга жеткирип атабыз. А эгерде аз өлчөмдөгү айлык акыбызды экиге бөлүп алганда көзгө көрүнбөй, эч нерсебизге жетпей калат. Көп айлык маяна алгандар эки жумада бир алса болот. Алардыкы билинбей деле калат.

Чынара БОРСУКОВА, Куурчак театрынын кызматкери: «Айдын акыркы күндөрүндө жолго акча таппай, кыйналып калып жатпайбызбы»
– Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков жакшы эле идеяны көтөрүп чыгыптыр. Эгерде биздин айлык маянабызды экиге бөлүп эки жумада бир берсе, менимче, жакшы эле болот. Себеби, айрым учурларда биринчи айдан экинчи айга жетпей калып жатабыз. Айдын акыркы күндөрүндө жолго акча таппай, кыйналып калып жатпайбызбы. А эгерде эки аптада бир айлык берсе, мындай нерседен арылат белек деген ойдомун.

Гүлнар ЭСЕКЕЕВА, Улуттук университетинин илимий китепканасынын китеп бөлүмүнүн жетекчиси: «Бир четинен караганда экөө тең туура»
– Биринчиден, менимче, айлык маянабызды чогуу алганыбыз эле жакшы. Ѳзү аз эле каражат болсо, аны бөлүп-жарып эч нерсебизге жаратпай салабыз го. Мисалы, мен 7800 сом эмгек акы алсам, аны эки аптага бөлгөндө 3800 сомдон алып каламбы? Экинчиден, айлык маянаны эки жумада бир берели деген сунушу деле жакшы экен. Анткени кээде карайлап акча таппай калганда, «аванс» берсе деп калабыз да.

Табылды АКЕРОВ, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты: «Айлыкты бөлгөндөн пайда жок»
– Илгери ай ичинде аванс берип турчу. Ошол эрежелер кирсе эле жакшы болуп калмак. Ал эми айлыкты майдалап, бөлүп бергендин кажети жок. Себеби, бөлүнүп калып, айлыктын баркы жок болуп калат. Же өкмөт миңдеген доллар берип жатса бир жөн.

ПК-пресс

продажа алкоголя 24 часа в сутки