Monthly Archives: December 2013

  • Нуржамал Байболов, шаардык кеңештин мурунку төрайымы: «Балдарыбыздын саясатка аралашуусун каалабайбыз»

    Экс-башпрокурор, ИИМдин мурунку министри, ЖКнын бир  нече чакырылыштарынын депутаты Кубатбек Байболовдун жубайы Нуржамал Байболова  дагы бир кезде Бишкек шаардык кеңешинин төрайымы болуп саясат менен алпурушуп келгенин билебиз. Мына ушул айым менен бүгүн жаңы жылды утурлай, жаңы жыл, саясат, үйбүлө темасында маектештик. – Нуржамал айым, эски жылды кандай жыйынтыктап атасыз? – Биздин үйбүлө үчүн ийгиликтүү эле жылдардын бири болду. Чоң-Арыкта Кубат […]


  • Европада мода дүйнөсүн багындырган кыргызстандык Гүлнур

    Гүлнур Тоялиева Автриянын Вена шаарында жашап аткан мекендешибиз. Мода дүйнөсүндө ийгиликтерди жаратып, өзүнүн кыргыз жыттанган моделдери менен Европаны багындырып келет. Биз Гүлнур менен интернет аркылуу байланыштык. – Гүлнур, акыркы ийгиликтериңиз тууралуу айтып берсеңиз… – Мен ушул жылдын август айында Австриянын борбор шаары жана азыр мен жашаган Венада, африкалык сүрөт галереясында үчүнчү мода көргөзмөмдү өткөрдүм. Бул […]


  • Кыргызстанда жалданма эненин кызматы канча турат?

    Дүйнө жүзүндө балалуу боло албаган үй-бүлөлөр «жалданма эненин» кызматын кеңири колдонушат. Мындан Кыргызстан дагы четте калган жок. Жарнамаларда «жалданма эне керек» же «бала төрөп берем» деген саптарды көрүп эле жүрөбүз. Кыргызстанда башка аялдын жардамы менен балалуу болгондордун саны уламдан-улам көбөйүп баратканы менен бул ыкма мыйзам чегинде дагы, медициналык жактардан дагы колго алынбай келет. «Бирөөнү жалдап […]




  • Минюра РАХИМЖАНОВА, ырчы: «Жигитим таштап кетсе ыйлайм»

    –  Жигитиң сага «жакында үйлөнөбүз» деп айтып жүрүп бир күнү жок болуп кетти. Бирок аз убакыт өтпөй башка кыз менен турмуш куруп алганын досторуңдан угуп калдың. Аны абдан сүйөсүң, учурдан кантип чыгасың? –  Мен ыйламакмын (күлүп). «Тагдырыңа таарынба» деп өзүмдү өзүм сооротмокмун. Негизи мен бир нерсеге капа болуп турганда ар дайым өзүмдүн ырларымды ырдап кирем. […]


  • Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Кыргызстандагы үч-төрт бактылуу адамдын бири менмин»

    – Кайсы жасаган иши ңизди сыймыктанып айта аласыз? – Укук коргоо жаатында жасаган иштерим – жакында эле Ысык-Көл шеринесин өткөрдүм. Мындай шеринелерди үч жолу өткөрдүм. Бир эмес үч жолу акыйкатчы болдум. Парламенттин шайлоосунда ишенимге татыдым. Бул аябай чоң нерсе. Андан сырткары, Кыргызстандын тарыхында “кыргыз энциклопедиясына” ту ңгуч укук-коргоочу деп менин аты-жөнүм кирди. Адам укуктары боюнча […]


  • Жоомарт Оторбаев, КР биринчи вице-премьер министри: “Мен кичинемден эле “Битлзга” кызыгам”

    Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин “Битлздын” “Мишель” аттуу ырын катыра ырдап атканы Интернетте пайда болду. Анын ырдаганын жактыргандар интернет колдонуучуларынын арасында арбын болгонуна кїбє болдук. Оторбаев мырзада катылуу жаткан талантка баа бердик. – Жоомарт мырза, сиз “Битлздын” ырларын катыра ырдайт турбайсызбы? Интернеттен угуп, абдан жактырдым… – Рахмат. Бирок ырдаганымды өзүм угуп-көрө элек экенмин. – Анда ырас […]


  • Ботокс менен бырыштарды кетирип, эриндерин чоңойткон кем акылдыкка алып келет

    Азыркы учурда сулуулук салондорунда ботулинтоксин, же болбосо кыскартып айтканда ботокс менен ийне сайып, беттеги бырыштарды кетиришет, же болбосо эриндерин чоңойтуп беришет. Бул үчүн 30 еврого чейин каражат коротулат. Бирок, муну менен эле супсулуу болуп кетпейсиң, анткени, 6 ай же 1 жылдан кийин баягы калыбына келип, кайра ийне алууну талап кылат. Ботокстун сулуулук тартуулаган жакшы жагы […]


  • Докенин каттары

    Белгилүү коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин бир нече жолку депутаты маркум Дооронбек Салырбаев мединститутту 4-курсунан таштап, режиссер болом деп Ленинградга окуганы кетип, ошол жактан жубайы Сонунбүбү эжеге кат жазчу. Ал каттары бүгүн да сакталуу. “Докемдин көзүмө сүртөр таберик каттары. Анан калса катты кыска, нуска, анан абдан кызыктуу кылып жазчу. Тамаша сөздөрүчү? Кол жазмасы да мончоктой тизилип […]