Monthly Archives: March 2015

  • Асыл адамдар: Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн

    “Досум! Сага айткандарымды жан адамга айтпашың керек. Менин көзүм тирүү турганда мен сага ушундай талап коём, ал эми көзүм өткөндөн кийин жазгандарымды кимдерге айтсаң, кандай айтсаң, ал жагын өзүң бил. Анда эмесе, менин ой-толгоо, баянымды, башыман нелер өттү, келечекте мени нелер күтүп турат, баарысын тыңдап тур”. 22.08.1928 … Серафимовичтин “Железный потогун” окуп жатам. Бул толкуган […]



  • Илим Карыпбеков, КТРКнын Башкы директору: “КТРКны көтөрүүгө болгон күч-аракетимди жумшайм”

    Улуттук биринчи каналдын жетекчилигине Илим Карыпбеков шайланды. “Кара жашик” аталган бул каналды Илим мырза кандай жолго салаары тууралуу өзүнөн сурадык. – Илим мырза, айрым маалымат каражаттарына КТРКнын айлыгын да, сапатын да көтөрөм деп убада бериптирсиз. Аны аткарууга сизде мүмкүнчүлүк, каражат жетишеби? – КТРК мамлекеттик бюджеттен көз каранды. Жыл сайын бизге орто эсеп менен 400 млн […]


  • Ѳрт өчүрүү кызматы менен бир күн

    «Ѳрт – бул тилсиз жоо» дегендей, айттырбай келип, кокусунан эле жалбырттап күйө баштаган өрттү өчүрүү үчүн Өрт өчүрүү кызматына кайрылабыз. Демейде бул кызматтын дарегине «Дайыма суусу жок келишет», «Кечигип өрт өчкөндө келет» деген дооматтар көп айтылат. Биз бир күн бою бул кызмат менен бирге жүрүп, алардын ички иши менен таанышалы дедик. Биз барган күнү бир […]


  • Генерал кудалар, казы, аким, депутат Ариповдор жана академиктин дарыгер-саясатчы күйөө баласы

    Генерал кудалар, казы, аким, депутат Ариповдор жана академиктин дарыгер-саясатчы күйөө баласы

    Карап көрсөк, кыргыздын саясат айдыңындагы аткаминерлери арасында тууганчылык жайлары барлар жетишерлик экен. “Туугандуу бийде ыйман жок” дегендей, балким, ушундан улам оңоло албай, телчиге албай атабызбы деген ой келбей койбойт. Төмөндө тууганчылык жайлары бар айрым саясатчылар менен таанышып коюңуз, окурман. Генерал кудалар Милициянын генерал-майору, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары, кандуу Ош окуясында Ош, Жалал-Абад шаарларына кураторлук […]


  • Американын подиумун багындырган Акыл

    Кыргызстандык 26 жаштагы Акылбек Төлөмүшев Американын подиумдарын багындырып келет. Жакында эле кыргыздын сыймыгы болгон “Курманжан Датка” тасмасында башкы ролду жараткан Элина Абай кызынын чоң кинофестивалдардын бирине кийип чыга турган кийимин тигип берди. Элина социалдык түйүндөгү баракчасында Акылга ыраазычылыгын айтып, кинофестивалда көптөгөн адамдар анын көйнөгүнө суктанганын жазып чыккан эле. Чикагого кантип барып, ийгиликтерди кантип багындырып атканын […]



  • Президент аялын жетелеп жүргөнгө акысы жокпу?

    Президентибиз Алмазбек Атамбаев иш сапарларында жубайы менен жетелешип басканын социалдык тармактарда активдүү талкуулашып, аны сынга алгандар да болду. “Кыргыздын каада-салтын бузуп, аялын жетелеп жүрөт, жөн эле басса болбойбу?” дегендер чыкты. Аларга жооп иретинде “Протоколго ылайык мамлекет башчылары жетелешип жүргөнгө укуктуу. Керек болсо, Барак Обама, Михаил Горбачевдор деле аялын колунан жетелеп жүргөн” деп сүрөттөрүн да илгендер […]


  • Орозбек Дүйшеев, Тоо кенчилер ассоциациясынын жетекчиси: “Өнөр жайды саясатташтырбаш керек”

    – “Кумтөр” боюнча маалымат жыйынын өткөргөнү жатыпсыздар. Кайсы маселени талкуулайсыздар? – Тоо кен өнөр жайынын Кыргызстандын экономикасында алган орду чоң. Тоо кен өнөр жайын өнүктүрмөйүнчө биздин Кыргызстандын экономикасы алдыга жыла албайт. Бүгүнкү күндө тоо кен өнөр жайынын абалы оор. Мисалы, “Кумтөр” маселеси бүгүнкүгө чейин чечиле элек. Ал эми Жер үй алтын кениники эми эле башталып […]