Monthly Archives: May 2015

  • Данияр Деркембаев, “Акыры укугумду коргоп калууга жетиштим”

    Бешинчи бөлүк. Аягы Редакциядан: “Полит Клиника” гезити “Элдик көзөмөл”  рубрикасынын алдында Кыргызтандагы тейлөө тармагынын күңгөй-тескейин чагылдырып келатат. Гезиттин ушул жылдын 9-апрелиндеги №9 жана 7-майдагы №13 санына “Удача” такси кызматынын таксистинин айланасындагы кылмыш окуясы, ага карата укук коргоо органдарынын иш-аракети тууралуу сөз болгон.  Кенедей нерседен  кылмыш окуясы келип чыкканын, анын аягы кандайча бүткөнүн окуп коюңуздар. Ошентип, […]


  • Ички иштер министри Мелис Турганбаев ачылбай жаткан кылмыш иштери, үй-бүлө, көзү ачыктар тууралуу

    – Алманбет Анапияевдин өлүмүнө өзүн күбө катары атап келген Гүлжигит Абилазизов менен чогуу милиция кызматкерлери учуп келгени тууралуу маалыматтар чыкты. Бул кандайдыр бир шектенүүлөрдү жаратпай койбойт экен. Бул иштин чоо-жайын өзүңүз түшүндүрүп берсеңиз? Себеби бул ишке сизди да байланыштырып жазып чыгышты. – Акыркы мезгилдерде интернет түйүндөрүндө Алманбет Анапияевдин өлүмүнө байланыштуу бир катар ушак түрүндөгү материалдар […]


  • Муратбек Мукашев, «Адамдар жана тагдырлар»

    Тагдыр деген сөздүн жашоо-турмушта маанисине көп көңүл бурбай эле жүйүр колдоно беребиз. Адам биринчи жолу космоско учту эле – тагдыр дедик, ким бирөө бүткүл дүйнөгө таанымал саясатчы, хирург же артист болсо – тагдыр дейбиз, дагы бирөөсү самолет же автомобиль кырсыгынан каза тапса – тагдыр деп айтабыз. Атүгүл мезгилди да кээде тагдыр аныктаар мезгил деп жибермейибиз […]



  • Күңгөйүнөн тескейи көп саламаттык сактоо программалары

    Күңгөйүнөн тескейи көп саламаттык сактоо программалары

    Кыргызстанда калктын ден соолугун сактоо боюнча ондогон жылдар бою «Манас», «Манас таалими» программалары кабыл алынып жана иштетилип келген. Аларды азыркы күндө «Ден соолук» программасы улантууда. Канчалык гранттык каражаттар жана башка акчалай салымдар келбесин, тармактын абалы жана калктын саламаттыгынын көрсөткүчтөрү жакшырып кетпегенин соңку 20 жылдын мисалы көрсөтүп турат. Эгемендик алган жылдардан бери Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына […]


  • Жер көчкү алты адамдын өмүрүн алды

    Өткөн жуманын аягында Сузак районунун Кыр-Жол айылында көчкү жүрдү. Тилсиз жоо тоо боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калды. Кырсыктын кесепетинен алты адам каза таап, айылдын беш тургуну ооруканага жаткырылды. Каза болгондор жерге берилип, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, кырсык 23-майдан 24-майга оогон түнкү саат 2ге жакын болгон. […]


  • Александр Кимдин укугун Максим Бакиевдин адвокаты коргойбу?

    Александр Кимдин укугун Максим Бакиевдин адвокаты коргойбу?

    Чарбалык ишти саясатташтырып жиберген “Вечерний Бишкектин” чуусу жакын арада басылчудай эмес. Буга чейин Александр Ким Бакиевдер менен ымалага келип алып, ишкананын 100%ына ээ болгонун жазган элек. Бирок бул кыңыр иштерин моюндарына алгандын ордуна, сөз эркиндиги муунтулуп атканын жар салып келишет. Эми өзүнүн укугун коргош үчүн Москвадан Василий Сайкин аттуу адвокатты тартып жатканын «Рубикондун» дагы бир […]


  • Алик Орозов, Коргоо Кеңешинин мурдагы катчысы: «Себеп жаралса аны “персона Нон грата” деп жарыялоо зарыл»

    (Маектин башы өткөн санда) -Алик мырза, Россия акыркы жылдары Арктикадан Кара деңизге чейинки батыш чек араларында бир катар ири масштабдуу окууларды өткөрдү. Алдыда Чыгыш Жер ортолук деңизи районунда КЭР менен биргелешкен аскер-деңиз машыгууларын өткөрүү пландалууда (2005-жылы Тынч, Индия океандарынын акваториясында эки өлкөнүн ири аскер-деңиз окуулары өткөрүлгөн). Мындай аракеттерди АКШ менен согушууга даярдык катары баалоого болобу? […]


  • Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүнөн

    (Башталышы гезиттин өткөн сандарында) 09.10.1928 Бул күн тез эле өтүп кетти. Бир нече дыйкан келди. Алар айыл чарба салыгы көп болуп жатканына арызданышты. Чын эле салыкты көбөйтүп жиберишиптир. Былтыр 10 рубль төлөгөндөр быйыл 100 рубль төлөп жатышат. Бул туура эмес, бирок мен муну өзгөртө албайм. Бул борбордун «алысты көрө билген» жетекчилерине байланыштуу. Зеленскийге Орто Азия […]


  • Гүлпери МУРЗАКУЛОВА, модель: “Сулуулардан да акылдуулар чыгат”

    – Гүлпери, моделдик дүйнөгө кандайча келип калдың? – Модель болом деп ойлогон эмесмин. 8-класста окуп жүргөндө “НБТ” каналынын музыкалык телеберүүсүнө алып баруучулукка кастинг жүрүп жатканын Айпери эжем экөөбүз угуп калып, ага катышып өтүп кеткенбиз. Теле алып баруучу болуп, шоу-бизнес жаатына бир аз аралашып калдым. Анан «Модель болбойсуңбу» деген сунуштар көп түшө баштаганынан, ушул чөйрөгө тартылып […]