Monthly Archives: May 2015

  • Эмилбек Каптагаев, «Шакемдин “агындыларын” улай аккан ойлор»

    (Башы өткөн сандарда) Сансызбай агай жөнүндө көп жазыптыр, ал кишинин жөнөкөйлүгүн, студенттерине атасындай мээрим менен мамиле кылып, атүгүл мас болуп милицияга түшүп калса, 15 сом штрафын да төлөп бергенин айтат Шакем. Таң калдым. Биздин мехматта андай болуусу да мүмкүн эмес болучу, дароо эле айдап чыгарылчу окуудан андай чатагы бар студенттер. Сансызбай агай менен мен 1975-жылы […]


  • Академик Алмаз Алдашев: “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйнап журт кылдым” деген сөздүн мааниси терең»

    Кыргыздардын этногенези (келип чыгышы) Борбор Азиянын этникалык тарыхында татаал жана талаштуу маселе катары көрүнөт. Биздин кыргыз окумуштуулары Россия Илимдер академиясынын медициналык генетика борбору менен бирдикте кыргыздардын генетикасын изилдеп чыгып, таң каларлык ачылыштарды жасаган. Биздин генетикалык иликтөөлөрүбүз Тянь-Шань кыргыздарынын айрым уруулары (айрыкча Ысык-Көл жана Нарындын тагай-оң канат уруулары) атасы жагынан андрондуктардын түз тукуму болуп саналарын далилдеди, […]



  • Төлөгөндүн төрт бурчу

    Атамбайыптын «шуубасын» жамынган баатыр… Ош калаасында Атамбаевдин памилесин «жамынган» Жалил Атамбаев деген жашайт экен. Мыкты жашайт экен. Оштун «теневой» кожоюну деген макамы жана мандаты суу тийбеген жерде бекем катылуу имиш. Аны элдин баары сыртынан тааныганы менен бирөө дагы алигиче өңүнөн көрөлек дейт. Сүрөткө түшпөйт, күндүз көрүнбөйт дейт. Кеч кирер менен эс алуу паркына кирип барып, […]


  • Алик Орозов, КРнын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы: «Кооптонуулар бар… Кыргызстан да жөн жаткан жок»

    Кесипкөй чекист, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Алик Орозов менен өлкөнүн ички, сырткы коопсуздугуна байланышкан маселелердин тегерегинде маектештик. -Алик мырза, алдыда шайлоо жакындап келатат. Экстремисттик күчтөрдүн жанданганын эске алсак, шайлоо алдында өлкөнүн түштүк аймагында кырдаал курчубайбы? -Алдыдагы шайлоо, албетте, коомчулукта жанданууларды, бүйүр кызытууларды пайда кылып, эмоцияларды жаратып, саясий кырдаалдын чыңалуусун шарттабай койбойт. Кандайдыр кагылышуулар болуп, митингдик […]


  • Батирден чыккан балээ…

    «Чырдын башы кимден чыкты? Алты соттук жерден чыкты…» демекчи, Карганбек Самаковду «чекистер» тутуп кетиптир дегенди угуп алып, төбө чачыбыз тик турду. Шилекейлеп жаткыралбадык. Үрөй учурган окуя болуп атса, өшөнтөт да. Илгери-илгери бир көзачык шыбырап айттыле, эч убакта бирөө «үй салып ал…» деп бекер жер тилке берсе, албай жүр деп. Албаганым жакшыле болуптур. Омей, бербегени жакшы […]


  • Кайың ыйлап, тал ыйлап… Табыкени жоктоду

    Табылды Эгембердиев дүйнөдөн өттү деген кабар тараары менен кайгырбаган, кабыргасы кайышпаган киши калбагандай. Эл арасында, социалдык түйүндөрдө кыргыздын бир көрүнүктүү уулунун ар тараптуу дараметин, адамдык бийик сапаттарын белгилеп жатышты. Кыргыздын атын, улуттук баалуулуктарын дүйнөгө жайылткан адам жай турмушта өтө жөнөкөй, бийик адамгерчиликтүү, башкаларга үлгү болгондой жашоону жашап өткөнү айтылууда. Биздин редакциябыз дагы Табылды Эгембердиевдин бизнес […]


  • СЫНАК!!! Машинеӊди таанып, бекер бензин куйдуруп ал!

    СЫНАК!!! Машинеӊди таанып, бекер бензин куйдуруп ал!

    “Полит Клиника” гезитинин окурмандарынын арасында сынак жүрүп жатат. Биз сан сайын көчөдө бараткан машинелердин бирин капилеттен сүрөткө тартып алабыз. Автоунааӊызды таанып, биздин гезиттин ошол сиздин унааӊыздын сүрөтү чыккан санын алып келсеӊиз, биз сизге 10 литр бензин куюп беребиз. Бул жолу В7005АТ номерлүү автоунаасынын кожоюнун издейбиз. Кимде ким бул машиненин кожоюнун тааныса, телефон чалып сүйүнчүлөп коюңуз! Анткени, ал машинесинин […]


  • “Замандаштан” чыккандар жаңы партияга биригет

    “Замандаштан” чыккандар жаңы партияга биригет

    “Замандаш” партиясынын катарынан айрым мүчөлөрү чыгып кеткени белгилүү болду. Алардын катарында партиянын тең төрагасы Рустам Маманов, Баткендин мурунку губернатору Арзыбек Бурканов, Жалал-Абаддын мурунку губернатору Асан Шакиров, Нарындын мурунку губернатору Канатбек Муратбеков, ЖК депутаттары Назарали Арипов, Замир Бекбоевдер, аны менен катар эле Таалайбек Тургунбаев, Константин Куценко, Станислав Епифанцев, Григорий Зозуля, Александр Степанюк, Галина Кетова жана Любовь […]


  • “Зомбулукка кабылган эки кыз боюнча иш акыйкат тергелишин көзөмөлдөп берүүңүздү суранабыз”

    “Зомбулукка кабылган эки кыз боюнча иш акыйкат тергелишин көзөмөлдөп берүүңүздү суранабыз”

    КР Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаевге “Балдардын укугун коргоо лигасы” жана башка коомдук уюмдардан, 10 жарандан Кат Биз, Кыргыз Республикасынын жарандары, балдарга карата жасалып жаткан зомбулукка үстүртөн мамиле жасалып жатканына кабатыр болуудабыз. Балдарга карата зомбулуктун саны күндөн күнгө көбөйүп баратканы буга далил. Элге бул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү системасы да, зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү системасы […]