Monthly Archives: May 2015

  • Сагын Ишенов: “Эр Төштүктү” тартсам деген тилегим дале тирүү”

    Кыргыздын алгачкы аниматору, КР эл сүрөтчүсү Сагын Ишенов улуттук кинематография жаатындагы “Ак илбирс” сыйлыгына көрсөтүлүп, жеңүүчү болуп табылды. Сыйлыкты ыйгаруу аземи 16-майда өткөрүлмөкчү. С. Ишенов кыргыз анимациялык фильминин баштоочусу, “Сандардын чатагы”, “Олокон”, “Меке чал жана Кара дөө” , “Толубай сынчы” ж.б. мультфильмдердин, “Бакайдын жайыты”, “Уркуя” сыяктуу бир катар залкар фильмдердин сүрөтчү-коюучусу. Чыңгыз Айтматовдун салымы зор […]


  • Гүлнара КАЛДАРОВА, ырчы: «Кызыбыз да ырга-бийге шыктуу»

    Чыгармачылык чыйыры «Кыз Бурак» тобунан башталган ырчы Гүлнара Калдарова учурда өз алдынча ырдап келет. Ал чыгармачылыгындагы жаңылыктары, үй-бүлөсү тууралуу айтып берди. – Гүлнара айым, чыгармачылыгыңызда кандай жаӊылыктар болуп атат? – Жаңылыктарым көп. Жаңы ырлардын үстүндө иштеп атам. «Күткүм келет» аттуу жаңы ырыма клип тарттырганы турам. – Сахнанын босогосун аттагандан бери кандайча өсүп-өзгөрдүңүз? – Бала кезимден […]


  • Жылдыз Мусабекованын ашканасында

    №3 МАБ башчысы, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жылдыз Мусабековадан олобо менен өрдөк Керектелүүчү азыктар: Олобого Койдун таза өпкөсү Сүт – 10 литр Ат-Башынын сары майы Сабиз – 1 даана Калемпир, мурч, сарымсак, татымына жараша туз Өрдөккө Койдун жумуру Койдун боору Күрүч Кан Ич май Карын Картошка Пияз Олобонун даярдалышы: – Койду тандап жатканда мен […]


  • Президентке кат: Жеримди “акжолчу” Динара Молдошева тартып алып, адилеттүүлүк таппай келем

    Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге Чүй облусунун Сокулук районунун Военно Антоновка айылынын жашоочусу Жанызак уулу Жылдызбектен Кайрылуу Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Сизге кайрылуумдун себеби, 2008-жылдан бери жеке менчикке болгон конституциялык укугум тебеленип келет. Адилеттик таппай жүрөм. Сот системасынын кыжырды кайнаткан негизсиз жана мыйзамсыз чечимдеринин жана мурунку «Ак жол» партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышынын депутаты, учурда […]


  • Талашка түшкөн жерлер дагы канча?

    Талашка түшкөн жерлер дагы канча?

    Кыргызстан эгемендик алганына 20 жыл болгон менен чек арасы али толук такталып бүтө элек. Кытай, Казакстан менен гана чек ара маселеси толук чечилген. Ал эми Өзбекстан, Тажикстан менен чек ара тактоо иштери али адистердин сүйлөшүүсүнүн деӊгээлинде эле чечилбей калууда. Бул өлкөлөр менен чек ара тактоо бир топ кыйынчылыкты жаратышы мүмкүн. Анткени талашка түшкөн жерлер көп. […]


  • Чек арадан дагы чыр чыгып, бир жараныбыз каза тапты

    Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен жеринде дагы бир чатак чыгып, бир жараныбыз каза тапты. Вице-премьер Абдрахман Маматалиев 2014-жылы Кыргызстандын чек арасында 40ка жакын жаңжал катталганын айтты. Анын 32си Казакстан менен, бешөө Өзбекстан менен, экөө Казакстан менен, бирөө Кытай менен чектешкен жерде болгон. Бул жаңжалдардын дээрлик көпчүлүгү чек аранын такталбаганынын кесепетинен болууда. 12-май күнү кыргыз – өзбек […]


  • Кыргызстан экономикалык карым-катышын кеңейтүүгө багыт алды

    Акыркы 2-3 жылдан бери кыргыз коомчулугунда катуу талкууланып, эки ачакей пикирди жаратып келаткан Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине (Кыргызстан экономикалык карым-катышын кеңейтүүгө багыт алды) кирүү маселеси акыры бир ыңтайына чечилди. Ушул жылдын 8-майында Кыргызстан аталган биримдикке расмий кирди. Тиешелүү документтерге Москва шаарында Жогорку Евразия экономикалык биримдигинин отурумунда мамлекет башчылары кол коюшту. Эксперттердин пикиринде, Кыргызстан аталган уюмга […]


  • Аламандын алдында

    “Замандаштын” ичинде ызы-чуу Өткөн сандарыбызда Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрам Илмияновдун “Замандаш” партиясы менен парламенттик шайлоого аттанганы тууралуу жазган элек. Бул маалыматты окуп “Замандаш” партиясынын ичиндегилер ызы-чуу болуп эле жатып калышыптыр. Анткени, бул тууралуу партия мүчөлөрүнүн маалыматы жок экен. Аттары коомчулукка өтө белгилүү болбогон менен “Замандаштын” атын чыгарып, ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жүргөн […]


  • Төлөгөндүн төрт бурчу

    Бажы-кужу кантип башталды? Ашамбайып Маскөөгө барды. Аны ал жакка Бүтүн Болоткэ дэгэн быратан чакырган болчу. Киремилге кирсе, ичи толо кымкап чапанчандар экен дейт. Баары менен учурашып амандашты. Жакшылап бир майрамдайын деп барган эле. Анын үстүнө Биримдикке кирип, алар менен бажа, опей, бажы болсом деп барган эле. Кагаз-кугаздарын да толуктап, бапкесине баптап салып барган. Өзү ойлогондой, […]


  • Бул кимдин үнү, ыя?..

    Биздин Жокешке үжө азыртатан эле ийрелеңдеген узун өчүрөт тизилип, «Эй! Куто там кырайный?! Сыразу пашол вон!» деген айбаттуу үндөр кабат-кабаты менен угула баштады. Арасында эркек-танасы да бар, катын-калачы да бар. Кийинки кезде мамлекеттик ырасмий өчүрөттүн тынчын алган башкача бир голос пайда болду. «Голос Амеркамес», «Голос Европамес», «Голос Динар» дешти. Кайсы Динар деп сурагандарга, атырынан тааныгандар, […]