Monthly Archives: June 2015

  • Аламандын алдында

    “Кыргызстан” партиясы жарышка түштү Жаңы түптөлгөн “Кыргызстан” деп аталган партия съездин өткөрүп, келе жаткан парламенттик шайлоого барарын жар салды. Партиянын төрагалыгына Канатбек Исаев, тең төрагалар болуп Каныбек Иманалиев менен Арзыбек Бурканов дайындалды. Алардын катарында белгилүү ишкер Шаршенбек Абдыкеримов, Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков, депутаттар Алмазбек Баатырбеков, Элмира Жумалиевалар бар. Партиянын кудум Казакстандыкына окшогон желеги коомчулукта […]


  • Акаев Дубайда Келдибеков менен «чайлашканын» расмий тастыктады

    Коррупцияга шектелип камакка алынары менен эле «оорукчан» болуп чыга келген экс-спикер Акматбек Келдибековду убагында адвокаттары, тарапташтары жабыла чуу көтөрүп атышып, Германияга дарылануу үчүн чыгарып кетишкени белгилүү эмеспи. Анан андан ары ал Дубайга, Малайзияга, Кореяга чейин «турист» болуп кеткени да билинген. Баягы ооруп аткан Келдибеков заматта айыгып, эс алып жүргөнү тууралуу маалымат каражаттары жакшы эле жазышкан. […]


  • Муратбек Мукашев, «Адамдар жана тагдырлар»

    (Башы өткөн санда) Таңданып жана өкүнсө да, кайран киши мени туура түшүнүп, келтирген жүйөөлөрүмдү кабыл алды. Анан коштошуп жатканда гана: -Ошондой болсо да, аскер комиссарына бир барып көрчү, -деген кеңешин айтты. Көрсө Алиаскар Токтоналиевич мында да мага камкордук көргүсү келген экен. Аскер комиссарында болгонумда, ал ошол замат эле мага “жылуу-жумшак” орун издей баштады. Бирок менин […]



  • АЙАР, ырчы: «Өзүмдү дүйнөлүк аренадан көргүм келет”

    Анкета Аты-жөнү – Айар Акылбеков Туулган жылы -1991-жыл, 8-декабрь Билими – Караколдогу К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетинин экономика жана менеджмент бөлүмүн аяктаган. Кумири – атасы Фобиясы – жалгыздык Хоббиси – сууда сүзүү Акыркы окуган чыгармасы -Александр Беляевдин чыгармалары – Салам, Айар! Сен жаңы эле чыгармачылыкка аралашып келе жатасың. Кандай жаңылыктарың бар? – Жакында эле “Тамчым менин” аттуу […]


  • Чек ара үчүн өлүп берүүгө даяр Шаар эне

    -Мен Мажитова Шаар, Баткендин Көк-Таш айылынанмын. Ушул айылга бизди 90-жылдары (андан бери 24 жыл өттү) тажиктин Чаркөө айылынан көчүрүп келишкен. Тажиктер менен коңшу болуп, кыргыздын чек арасында силер гана жашай аласыңар, кыргыздын жерин тажиктер басып алып койбосун дешип көчүрүп келишкен. Он бир балам Чаркөөдөн окуду. Көк-Таштын бир жагында кыргыздар, экинчи жагында тажиктер жашайт. Айылда 5-6 […]


  • Курут менен кошкон май устаты -Айымжан Аманова

    -Мен- Айымжан Аманова, Нарын областынын Жумгал районунун Жел-Арык айылынанмын. Мурда мектепте химия жана биология сабактарынан мугалим болуп иштечүмүн. Азыр пенсияга чыккам. Бир катар жылдардан бери кыргыздын тамак-ашы, даамдары боюнча конкурстарга катышып, жеңүүчү болуп атам. Жакында М. Өмүракунов атындагы фонддун конкурсунда “Жылдын кыргыз даамы” номинациясынын жеңүүчүсү болдум. “Кыргыз даамы” долбоорлоруна кандайча аралашып калгандыгым тууралуу айта кетейин. […]


  • Шайлоо келатат. Мурдагы убадалар аткарылдыбы?

    Ушул жылдын күз айларында Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайлоо өтөт. Шайлоонун алдында саясий партиялар, алардын талапкерлери убадаларды кош кабаттап берет. Убадалардын аткарылышын көзөмөлдөш үчүн биз, шайлоочулар, politmer.kg сайты менен биргеликте саясий партиялардын программаларына дагы бир сыйра көз жүгүртүп, алардын кандай аткарылганын таразалап, аткарыла элек убадалар качан аткарыларын шайлоо алдында партиялардан сурап, анан таразалап шайлайлы. Тизмени мурунку […]


  • Төлөгөндүн төрт бурчу

    Алтынбектин «алтын» шилекейи Улуу согушка катышкан ардагер акыныбыз Сооронбай Жусуевдин мааракесин белгилеп аткан расмий чогулушта бир чекилик иш болуптур. Маданият министри болуп иштеп атканына али бир жыл тололек Алтынбек Максүтов тилинен «мүдүрүлүп», Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбековду күтпөгөн жерден Жээнбаев деп «байытты». Бул жерде «байыды» деген терминдин эки бети болуп атат: бир мааниси байлык жөнүндө, […]


  • Шайлоо кечиксе, шакыйым кармачу болду…

    Эх, жыргал! Күзүндө шайлоо болот, буюрса. Кара шым, ак көйнөк кийип алып участөкө барабыз. Жалжайып түшкөн сүрөттөрдүн ичинен бирөөсүн тандайбыз. «Мобурекиге салагөр, салааңан май агызам…» дейт кимдир-бирөө калп эле жөтөлүп. Андайларды «сүтөнөр» деп тергеп алганбыз. Барагын барактай питичка кылып урнага салып ийип, арагын арактай ичип, кайра үйгө «ак» шым, «кара» көйнөк кийип, темтеңдеп кирип келебиз. […]