Базарбай ТЕМИШОВ, “Ата-Журт” партиясынын негиздөөчүсү: “Камчы, Акмат, Садыр мени кантип алдаган?”

1428037390_bazarbay-temishovСадыр Жапаров улам майдаланып, байдын жарчысы, Ташиевдин “тоту кушу” болуп, мага карата сасык оюн сайрап келүүдө. Көп жыл бою алардын абийирин ойлоп, сыр катары сактап, айтпай жүргөн менин маалымат сөздөрүмдү өздөрү айттыра башташты. Садырдын “Ата-Журтту” биз түзүп, атын коюп, автор болгонмун” деген апыртма калпын архивдик документтердин негизинде чукуп койгонума өтө катуу чычалап кетип, менин ажылыгыма асылып жибериптир, анысын Кудайга койдум. Ал эми “Ата-Журт” партиясын Аллах үйү – мечитте Акматбек Келдибеков сурап алганын билбейт окшойт. Ал тууралуу мен 2011-жылы эле: “Элдик Курултай- Ата журтту сактап калуунун жалгыз жолу” аттуу эмгекте так жазып, ал китепти Садырга, Камчыга, Акматка белек катары берген элем. Садыр ошол учурда көзүн “май басып” окубаса, эми деле окуп алса мени калп дебей калат. Садыр дагы бир “беш өрдөгүн” учуруп: “Ак жол” партиясы түзүлгөндө баары ага өтүп кетип, Акматбек, Камчы үчөөбүз эле калганбыз” дептир. Эмесе бул боюнча да архивдик ачуу чындыкты тактап, майдалап айтып берейин, унутса билип алсын. 2007-жылы 15-июнда А.Келдибековдун туулган күнүндө Курманбек Бакиев аны өзүнө чакырып, куттуктап, “Ата-Журтту” Назарбаевдин “Нуротаны”, Путиндин “Единая Россиясы” сыяктуу мамлекеттик партия кыларын айтып, өзүнө сураган. Муну уккан Камчыбек Ташиевдин кабинетинде амбициясы (баягы “кара жини”) кармап: “Менден эмнеге сурабайт, Бакиев экөөң ким болуп калыпсыӊ, партия керек болсо алдыма келсин?” деп айкырык салган. Бул кылыгына президент акасы “Ак жол” партиясын түзүп, ЖКны таркатып катыра жооп кылган. Анан эле күздө Медет Садыркулов “Ата-Журтту” жоюп, ”Ак жолго” толук кошулууну бизге сунуштады. Саясий кеңештин теңтөрагасы Улукбек Ормонов: “Ата-Журт” чогуу барсак, “Ак жолго” кабыл алып, мандат берүүнү бүт баарыбызга кепилдик берип жатат” деп билдирди. Мен дароо “Элдик улуу идеясын” таап, “Ата-Журтту” негиздеген идеолог адис катары партияны таштап кетүүдөн баш тарттым. Алардын бир тобу мага кырдаалды түшүндүрүп, арыз беришип, чечимдерин алып, дароо эле “Ак жолго” кетишкен. Камчыбек, Садыр, Акматбек үчөө болсо: ”Сиз менен дайыма бирге болобуз, булар “саткындар экен” дегендей болушкан эле (Садыр шерденип “биз үчөөбүз эле калганбыз” дегени ушул). Бирок, алардын алдамчылык, куу, кытмыр ою мага кийин билинди. Алар “Ак жолго” Камчынын акасы (Курманбек Бакиев) аркылуу сый менен барууну ойлошкон экен. Мени чакырышып: “Ата-Журт” жоюлду” деп токтом бериңиз, биз Бакиевге барып көрсөтөбүз” дешти. Мен: “Силер убара болбогула, Бакиев менен Садыркулов бир адам” десем да эч болушпады. Алар улам зордой бергенде, акыры эптеп айласын таап: “Ата-Журт” партиясынын саясий кеңешинин көп мүчөлөрү “Ак жол” партиясына өтүп кетип, Акматбек Келдибеков, Камчы Ташиев, Садыр Жапаров партиядан, саясий иштерден толук баш тартып, “Ата-Журт” партиясынын саясий кеңеши өз ишин токтотту, партиянын уставдык жана идеологиялык иштерин Уюштуруу кеңеши аткарат” деген №2 Токтомду 21-ноябрь 2007-жылы жазып берип, араң “Ата-Журт” партиясын “бакиевдик” куугунтуктан, ал үч эргулдун жоюп салуу коркунучунан сактап калдым (бул окуяга бильярдканада алар менен бирге турган Марат Султанов да күбө болгон). Эми алар айткан айлык акы маселеси мындай. Алар үчөө бир кезде же “Ак жолдо” жок же бийликте жок – беш айдай бош калган. Ошондо кудайды эстеп, эрмеги мен болуп, үйлөрүнө чакырып, кээси кеңеш сурап турган. Ошол кезде эки жылдык “ведомость-актыга” жапырт кол коюшуп, ар сайын кезектешип 8000 сомдон айлык акы берип турмай болушкан. Үч ай төлөгөндөн кийин бири ӨКМге министр, бири Салыкка төрага, бири Коррупция комиссары болуп, “эшектери ылайдан, төөлөрү кыядан” өтүп кеткен. Анан эле алар ар шылтоону бир айтып, айлык төлөбөй коюшту (ал “ведомость-акт” архивде сакталып турат). Негизги шылтоосу эле: “Сиз “Ак жолго” кеткен “саткындар” менен кызматташып жатыпсыз” дешти. Себеби, мен партиянын “Элдик улуу идеясын” өз алдымча болсо да аткара берүү максатында биздин өлкө, эл, коом, дин коопсуздугун шарттаган мыйзам долбоорлорду жазып, Жогорку Кеңештин баардык эле фракцияларына сунуштап, алар аркылуу кабыл алдырып жүргөн элем.

Ал эми “Мерседес” боюнча, бир жолу Камчыбек Ташиев ошол бекерчи кезинде мени үйүнө коноктоду, кечигип барсам: “Уюштуруу фондунун” эсебинен партияга машина алып, миниңиз” деди. Мен эки айдай бул сунушун аткарган жокмун. Кийин үчөө бирге олтурганда, Камчыбек дагы айтып калса, баары колдошту. 2008-жылы “Мерседес” партияга (мага эмес) алынды. Алар “Ак жол” менен тил таап, чоң кызматтарга барган соң, эми: “машинаны сизге менчикке берели, бирок “Ата-Журт” партиясын жоюңуз, Юстиция министрлигинен тез чечим алыңыз, антпесеңиз бизди бийлик “ата журтчу” деп куугунтуктап жатат” дешти. Мен ошондо машинадан да, партияны жоюудан да баш тартып, аларга машинаңарды алгыла дедим. Бир мертебе Акматбек Келдибековго катуу айтып: “Адам кошуп бер, машинаңар чаң басып, кор болуп турат” десем, ал: “Биз кайра албайбыз, уят болот, бул машинага Садырдын да, Камчынын да, менин да акчам кеткен эмес, ысык-көлдүк бир бизнесмен каржылаган, сиздин эмгек деле чоң, сизге бердик, аны эмне кылсаңыз ошол кылыңыз” деди. Мен бул мерседес маселесин Уюштуруу кеңешине койдум, алардын чечими менен аны саттырдык да, түшкөн каражатты толук кайрымдуулукка жумшадык (бул боюнча Уюштуруу Кеңешинин токтому, 2012-жылда болгон акча которуунун банктык дүмүрчөктөрү, квитанциялары архивде бар). Ал эми Садырдын бизге берген “оң жообу” тууралуу өз адвокаты менен соттошсун. Аны деле мага шылтай берсе болобу? Бул тууралуу анын адвокаты Садырдын агасы Сабыр менен бирге Садырга электрондук почта менен байланышып чечкенин айткан. Садыр менен Камчыбек “Ата-Журт” партиясынын “Элдик улуу идеясы”, партиянын тарыхы тууралуу көп нерсе билишпейт. Ошондуктан, аларда көп маалымат жоктугунан эле өздөрү көрбөгөн турмуштук эпизоддор боюнча мени калпка чыгарып коюшууда. Садыр Жапаровдун ахвалын биз деле түшүнүп жатабыз, ал биздин дооматка оң жооп берип алганына ичи ачышып жатат, бир чети Камчы досунун пейил запкысын да жеп жатат. Ал улам ар кандай калп айтып, мага жалаа жабуулар менен ага улам жагынып жатат. Буга дагы бир мисал, жакында эле бир гезитке: “Темишов шайлоодо бир орун эмес, партиялык тизмеден он орун сурап келген, ошондуктан тизмеге кирбей калган” деп “беш өрдөк” калпын дагы бир жолу бийик учура салды. Эми муну да өзү чукулап калды, айтып берейин. Алар келишим боюнча мага ыйгарган алдыӊкы бир орунду Нариман Түлеевге миллион АКШ долларына сатканын билдирип, мени башка орунга жылдырган. Мен шайлоого чоң каражат керек дешсе, туура көрүп, макул болгомун. Кийинки орунумду да Нургазы Айдаровго жарым миллион АКШ долларга сатканын айтышкан. Бирок, мен Айдаровдун өзүнөн сурасам, менин ордумду ага эмес, Нурлан Сулаймановго сатышканын айтты. Андан кийинки берилген үчүнчү орунумдун Талант Мамытовго ыйгарылганын уккамын. Ошентип, Кудайдан коркпой, ыйманын жеп, менден аяган мандаттары аларга деле, өздөрүнө деле буюрган жок. Кыскасы, алар көп келишимдерде кол коюп, “эркекче” деп убада кылып деле бир орун бербей жатса, мен кантип эле он орун сурап калайын, тооба, бул баягы эле “беш өрдөк” калпы. Деги менин негизги максатым эле тизмеге кирүү, мандат алуу болгон эмес. “Ак жолго” чакырганда деле мандаттан баш тартканымды өздөрү көрүшкөн. Мени эң башкы кызыктырган нерсе – менин докторлук диссертациям болгон “Элдик улуу идеяны” шайлоодогу партиялык саясий платформа кылуу эле. Бирок, тилекке каршы, алар акча үчүн тизмеге экс-коррупционерди топтоп алып, Садыр менен болгон жаңжал ошондон чыккан. Ал мени кууп чыккан эмес, мен андан түңүлүп, тез, дароо чыгып, Юстицияга 2010-жылы 31-майда кат жолдоп, алардын шайлоого баруучу жолун тосуп койгом. Бул туӊгуюктан чыгуу үчүн Акматбек Келдибеков мени жардамчысы Жаныш аркылуу дагы таптырып, дагы партиялык идеяны аткарууга убада кылып: “Бизди уят кылбаңыз, сизге мен өтө уят болдум, бир орун табам, тизмедеги 3-ордумду деле берейин, юстициядан тосмону алыңыз” деген. Алардын куулугуна түшүнүп, түңүлүп, Юстицияга 7-июндагы №4 токтомду жазып берип, алардан кутулуп, “Силерди кудайга койдум!” деп, алар менен бир тизмеде бирге баруудан баш тартып, кетип калганмын.