Абдыманап КУТУШЕВ, ЖК депутаты: «Төшөктүн ичине жашынып китеп окучумун»

Kutushev 1 kutushev 2 Kutushev 3

– Кепти балалыгыңыздан баштасак, балалыгыңыздын таттуу көз ирмемдери кайсы жерде өттү?
– Мен 1966-жылы Алай районунун Сопу-Коргон айылында төрөлгөм. Он бир бир туугандын бешинчисимин. Апам совет мезгилинде Баатыр эне деген наамды алган. Атам кесиби боюнча педагог. Көп жыл мектепте мугалим, директор, кийин сельсоветтин төрагасы болуп, активдүү иштеген адамдардын катарын толуктады. Ѳзү чоң кызматтарда иштесе да, бизди коомдук кызматтарга алып калууга аракет кылбастан, татыктуу тарбия берди. Эсимде, окуучулук кезде төрт жолу пахта тергени, беш жолу чөп чапканы совховдун чарбалык иштерине баргам. Азыр ойлосом, ошол кезде эле атам бизди калкалабастан, турмушка бышык болсун деп бышырып койгон экен. Убагында райондук бийлик атама автоунаа алууга буйрук берген күндө да атам «Машина алгандын ордуна балдарымды окутам» деп макул болгон эмес экен. Баардыгыбызга жогорку билим бергенге жетишти. Мына ошол берген билими, татыктуу тарбиясы менен турмушта өз ордубузду таптык. Кудайга шүгүр, азыр ата-энем Алайда эң кичүү инимдин колунда турушат. Мен ошол айылдагы орто мектепти аяктап, Фрунзе шаарындагы институтка тапшырып, беш жыл окуп, кийин иштеп калдым. Ошол бойдон өмүрүмдүн басымдуу бөлүгү Чүйдө өтүп жатат. Кесибим боюнча инженер-механикмин. Биздин балалык кезибиз окуу, оюн, коомдук иштер менен өттү деп эсептейм.

– Мектепте кандай билим алдыңыз? Мугалимдин үй-бүлөсүнөн болсоңуз, китепти көп окусаңыз керек?
– Сабактан чыгып үйдөгү жумуштарды аткарып коюп, китепти көп окучумун. Китепти көп окуган адамдын дүйнөгө болгон көз карашы, таанып-билүүсү дурус болот. Көп окуганым көзүмдүн көрүүсүнүн начарлашына дагы себеп болду. Анткени, мен түнгө чейин китеп окуп отуруп алсам, апам “Жатып эс ал” деп урушаар эле. Мен укпастан, төшөктүн ичине чыракты күйгүзүп алып окучумун. Ал эми орус тилди жакшы өздөштүргөнүмдүн себеби, 1981-жылдан 1986-жылга чейин Екатерина Волохина деген беларусь кыз менен кат алышып жүрдүм. Каттарды орус тилинде жазышчубуз. Алгач катты сөздүк китептерди чогултуп алып жазсам, кийин орус тилинде кат эмес, дил баяндарды жазчу болуп калдым. Тилекке каршы, кийин биздин байланыш үзүлүп калды. Азыр туугандарым «Издейм сени» деген берүүгө берип издебейсиңби?” деп тамашалап калышат. Бир четинен антип издегенде, анын бала-чакасы болсо керек. Ал менден эки жаш улуу болчу.

– Бала кезде тентектик кылчу белеңиз?
– Биз бала кезде ойногон «чүкө», «лянги», «ортого турмай», «жамба», «мак» деген оюндар азыр ойнолбойт. Азыркы балдар компьютер менен көп ойноп калышпадыбы. Мына ошол балдарга салыштырмалуу биздин балалыгыбыз кызыктуу өткөн. Эсимде, бир ирет күндөгүдөй эле сабактан келип огороддо иштеп атсам, классташ балам келип калды. Ал учурда биздин айылга көп кинолор көрсөтүлчү. Классташ баламдан “Бүгүн кайсы кино болот экен?” десем, ал «Пираты хе, хе» болот деп тамашалаганы эч эсимден кетпейт (күлүп). Көрсө ал, “Пираты XX века” деген тасманы айтып аткан экен да. Дагы бир ирет сырттан дене тарбия сабагынан келдик. Бир маалда мен токтобой ыктытып кирсем болобу. Анда Чынара деген классташ кызым «Ой Абдыманап, менин үч сомум бар эле, аны сен уурдап алыптырсың» десе, менин көзүм чанагынан чыгып кеткиче «Эмнени айтып атасың, кайсы үч сом?» деп кыйкырып атам. Ошол маалда Чынара мага жылмайып күлүп туруп «Көрдүңбү, ыктытканың токтоп калды» десе болобу. Көрсө, адамды катуу чочутканда ыктытканы токтоп калат экен да (күлүп).

Кымбат Турдубекова