Ак үй, Көк үйдөгү туугандар

tuugandar
Төгөрөгү төп кудалар
Кезинде 300дөн ашык депутатты ийге, эпке келтирип, легендарлуу парламенттин легендарлуу спикери атыккан айтылуу Медеткан Шеримкулов Кыргызстандын туңгуч өкмөт башчысы, “Кумтөр” маселесинен улам табышмактуу өлүмгө туш болуп, өлүмүнүн анык себеби ушул кезге чейин белгисиз бойдон калган Насирдин Исановдун кан кудасы. Кызы Мария Исанованын кайын атасы. Эл оозунда экөө бардык жагынан төп келишкен кудалардан болгону күнү бүгүнгө чейин айтылып келет. Бири Кыргызстандын, кыргыз элинин кызыкчылыгын баарынан жогору койгону үчүн өмүрдөн жаш кетсе, бири чоң саясатта көптөн бери жүрүп, кези келгенде куу түлкүгө айланса, айрым учурларда карт бөрүгө айланат. Иши кылса жемин жедирбейт.

Оомат оолактаган кудалар
Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматов менен Эсеп палатасынын мурдагы төрагасы, айтылуу Искендер Гаипкуловду бакиевчи экендиктеринен сырткары, куда экендиктери да жакындаштырып, бир партиянын астында бириктирет. Дегенибиз, Искендер мырзанын кызы Мелис Мырзакматовдордун келини болот. Эсиңиздерде болсо, 2011-жылы алгач Искендер Гаипкулов, андан соң жооп иретинде Мелис Мырзакматов ой-да той берип, үйлөнгөндөрдүн шылтоосу менен куда эле эмес, бекем дос да болушканын жар салышкан. Кудалык, достуктан улам бир кемеде жүрүшөбү, же саясий позициялары, көз караштары дал келеби, белгисиз. Белгилүүсү, Мелис Мырзакматов “Улуттар биримдиги” партиясынын башында болсо, Гаипкулов партиянын идеологдорунун бирине айланган. Бирок акыркы убакта Мырзакматовдун былык иштеринин чети чыккандан бери анын партиясынын да, Искендер мырзанын да дайыны чыкпай, кудалардан оомат оолактап турган кез.

Кудасы үчүн бек турган депутат
ЖКнын “Ата-Журт” фракциясынын үстүнөн кылмыш иши козголуп, буга байланыштуу сот олтурумдарынан дале башы чыкпай жүргөн депутаты Акматбек Келдибековду фракциялаш депутат Надира Нарматова айымдай коргоп, жактаган эч ким болбоду окшойт. Надира айымдын Келдибеков дегенде төшүн дзотко тосууга даяр экендигинин жөнү бар. Себеби, экөө кан кудалардан. Кыргызда кудасын бир туугандардан жогору койгон учурлар жетишерлик эмеспи. Анын сыңары, Надира айым да чыныгы кудасы экенин далилдеп, кудасынын күнөөсү жоктугун айтып, кудасынын дарегине терс пикирлерди айткандарды гезит беттери аркылуу үстөккө-босток соккуга алгандан кайтпай, иши кылып темир тор артынан сактап калууга алынын жетишинче аракетин көрүп эле келатат.

Бакиевдин жээни Бабанов мененби?
Жашыруун эмес, “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Бакиевдин кезиндеги бир учурда бакиевдик бийликтин билерман, чечармандары менен жакын болуп, Максим Бакиевдин өнөктөшү болууга чейин жеткен эле. Бабановдун мындай ийгилигинин болушунда ошондогу президенттик администрациянын кадрлар боюнча бөлүм башчысы болуп иштеген Калдарбек Баймуратовдун да ролу аз эмес болгондугу талашсыз. Дегенибиз, Калдарбек Баймуратов Бабановдун эжесинин кан кудасы болуп эсептелет. Ал эми Калдарбек Баймуратов экс-президент Курманбек Бакиевдин жээни экени тар чөйрөгө белгилүү. Таякесинин арты менен президенттик администрацияда кадр маселесине кийлигишип турган Баймуратов 2010-жылдан кийин дайыны чыкпай кетсе, Бабанов партиясына Ташиевди учкаштырып алып, алдыдагы шайлоого катуу даярданып жаткан чагы. Ал эми Баймуратовдун Бабанов мененби дегенибиздин себеби, буга чейин маалымат каражаттарында Бабановдун партиясынын тизмесин дал ушул Калдарбек Баймуратов түзүп, чечип жатканы, “Республика” партиясына бакиевчилер чогулуп жатканы жазылган эле.

Генерал кудалар
Милициянын генерал-майору, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары, кандуу Ош окуясында Ош, Жалал-Абад шаарларына кураторлук кылган Бактыбек Алымбеков – башка генерал менен кан куда. Тагыраагы, Бакиевдердин кезинде ташы тездик менен өйдө кулап, 2010-жылдын апрелинде Чек ара кызматынын башчысы болуп турган Замирбек Молдошевге куда болот. Бакиевдердин бийлиги кулагандан кийин экөөнө тең оңой болгон жок. Тагдырдын жазмышын караңыз, убагында “Жаныш Бакиевдин жакыны, санаалашы деп жетишерлик жазылып, айтылган Бактыбек Алымбеков 2 жылдан ашык убакыттан бери күч органынан алыстап, бош жүрсө, Замирбек Молдошевге 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуя боюнча айып тагылып, 5 жылга эркинен ажыратылып, темир тор артына жөнөтүлгөн. Бул генералдардын жылдызы качан жанар экен эми?

Көрүнбөй кетишкен акжолчу кудалар
Өзү ишкер, мурдагы “Ак жол” партиясынан шайланган депутат Арапбай Төлөнов менен бакиевдик бийликтин алмаштыргыс ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиев куда экени көпчүлүккө маалым болсо керек. 2010-жылдан кийин акжолчулардын бир тобу терилерин алмаштырып, ар башка партиялардан “жылт” этип чыга келишсе, кудасынын Таласта катуу сабалганы саясаттан көөнүн биротоло калтырган бейм, айтор Арапбай мырзанын 2010-жылдын апрелинен бери өзүн көрмөк түгүл, атын да укпай калдык. Чоң ишкер эмеспи, бизнесин өргөлөтүп, кеңейтүү менен алек болуп жүргөндүр. Ал эми Молдомуса Ташполотович журналист журтчулугунан жаа бою качып, таптырбаганга өтүп алган, “Ооруп жатам” деген шылтоо менен. Болбосо, улак оюндарына барып, балээдей эле ойноп жүрөт. Алдыдагы шайлоодо көптөн бери дайынын таптырбай кеткендердин депутаттыкка ат салышы мүмкүн экендиктери айтылып, жазылып келет. Демек, сөз кылынган эки куданы да кайсыл бир партия курамдарынан көрүп калышыбыз ыктымал.

Калматовдун кудасы Чолпон Баекова
Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаты, өзбек ырларын катыра ырдаган Анарбек Калматов менен айтылуу Чолпон Баекова куда. Анарбек мырзанын уулу Чолпон Баекованын небересине үйлөнүп, экс-депутат менен учурдагы депутат тууган болушканын Бишкектеги ресторандардын биринде чоң шаан-шөкөт менен белгилешип, ырдап, бийлеп, чер жазышкан. Ошондуктан Анарбек мырза Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Аалы Карашев менен Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын дарегине жаман сөз айтпай, жалаң жакшы сөз айтып туруп алса, ага таң калбай эле коюңуз. Себеби, Аалы Карашев Чолпон Турсуновнанын бир тууганынын кызынын жолдошу болсо, Индира Жолдубаева Чолпон айымдын бир тууган жээни эмеспи. Көрсө, ушинтип кудалашып атып эле Ак үй, Көк үйдө тууганчылык жагдайлары чынжырдай эле чырмалышып, анан кызыкчылыктардын кагылышы жүрөт тура.

Саясат менен тууганчылыктын өз жолу бар
ЖКдагы “Республика” фракциясынын депутаты Роза Акназарова – мурдагы акжолчу депутат, күч органдарынын генералы, 2010-жылкы шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын туусун кармаган Рашид Тагаевдин бир тууган кайын эжеси. Демек Рашид Тагаев – Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун күйөө баласы. Роза айым менен Рашид мырза тууганчылык менен саясатты бири бирине аралаштырышпайт окшобойбу. Болбосо, Акаевдин бийлиги учурунда министр болуп иштеп келаткан Роза айым Бакиев келгени, мамлекеттик кызматтардан алыстап, жогорку окуу жайында окутуучу, профессорлукту аркаламак эмес эле дейбиз. Бакиевдин “Ак жол” партиясында салмагы, таасири бар Рашид Тагаевдин кайын эжесин бир жерге “лоббировать” эткенге мүмкүнчүлүгү бар эле да. Бирок анткен эмес. Бүгүн деле күйөө баласы үчүн Роза айым эч нерсе кылбады. Негизи, идеалында ушундай болсочу. Саясат өз жолу, тууганчылык өз жолу менен дегендей. Туурабы, ыя?

Мирбек Нарынбеков