Академик Алмаз Алдашев: “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйнап журт кылдым” деген сөздүн мааниси терең»

Aldashev AlmazКыргыздардын этногенези (келип чыгышы) Борбор Азиянын этникалык тарыхында татаал жана талаштуу маселе катары көрүнөт. Биздин кыргыз окумуштуулары Россия Илимдер академиясынын медициналык генетика борбору менен бирдикте кыргыздардын генетикасын изилдеп чыгып, таң каларлык ачылыштарды жасаган. Биздин генетикалык иликтөөлөрүбүз Тянь-Шань кыргыздарынын айрым уруулары (айрыкча Ысык-Көл жана Нарындын тагай-оң канат уруулары) атасы жагынан андрондуктардын түз тукуму болуп саналарын далилдеди, ал эми андрондуктар (протоиндоарийлер) биздин эрага чейинки 18-14-кылымдарда Саянда жашаган, алар бара-бара Енисей кыргыздарын калыптаган. Бул ырас эле азыркы кыргыздардын түпкү ата-тегинин мекени Түштүк Алтай жана Саян (нагорье) тайпак тоолорунун аймагы эсептелет.

Андрон маданияты кантип өнүккөн?
Эгер лингвистиканын жана генетиканын маалыматтарын археологиялык маалыматтар менен салыштырып көрсөк, анда ал аймакта коло доорунун андрон археологиялык маданияты үстөмдүк кылганын көрүүгө болот.
Андрон маданияты байыркы чуңкур жана шоона карапасы аттуу маданияттын базасында өнүккөн. Батышта ал Урал жана Волга аймагына чейин таралып, кыя чабуу маданияты менен байланыш түзгөн. Чыгышта андрон маданияты Минусин ойдуңуна жетип, өзүнүн карамагына алгачкы афанасьев маданиятынын аймагын камтыган. Андрон маданиятынын таралышынын түндүк чеги түнт токой, тайгага чейин чектешет.
“Андрон маданияты” деген термин фёдоров тибиндеги эстеликтерге тиешелүү, ал Уралдын алдындагы жана Түштүк Сибирдеги токой-түзгө чейин созулат. Алакөл маданияты өз алдынча Түштүк Урал, Казакстан, Батыш Сибирдин (анын ичинде азыркы Башкырстандын түздүк, жарым-жартылай токойлуу жана түздүк райондорун) райондорун ээлейт. Андрон маданиятынын эстеликтерине Түштүк Уралдагы Аркайым, Синташта, Челябинск областындагы Устье деген жердеги маданият комплекстери кирет. Тарыхый-лингвистикалык иликтөөлөр алакөлдүк калктын индоевропалык элдердин катарына киргендигин аныктаган.
Археологиялык маалыматтарга таянсак, фёдоров жана алакөл маданиятындагы чарбачылыктын негизин мал чарбачылыгы: бодо мал, майда жандыктар, жылкы) түзөт. Башкача айтканда, андрондуктар жылкыны биринчилерден болуп үйрөткөн уруулардан болуп саналышат.
Үйрөтүлгөн жылкынын эң биринчи сөөгү Түштүк Урал алдындагы Башкырстан аймагында жайгашкан Муллино II жана Давлеканово II деген турак жерлерден табылган, ал биздин эрага чейинки VII-VI миңинчи доорго таандык. Давлеканово II, Мурат, Карабалыкты VII, Суртанды VI, Суртанды VII турак жерлеринде жылкынын сөөгү арбын өлчөмдө табылган. Айрым эстеликтерде анын саны бардык сөөктүн болжол менен 80-90 пайызын түзөт.
Синташтын маданиятына таандык болгон Кривое озеро деп аталган жерде жоого алып чыкчу эки дөңгөлөктүү араба табылган, андагы жылкынын сөөгүнө карап биздин эрага чейинки 2026- жыл деп эсептелет. Ошентип, Синташтын маданиятынын өкүлдөрү тарыхтагы биринчи эки дөңгөлөктүү арабаны пайдаланышкан. Буга жакын ботой маданияты жапайы жылкыларга аңчылык кылуу үчүн атка мингенди үйрөнүшкөн.
2009-жылы андрон жана ага жакын археологиялык маданияттын ДНК ээлерине жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы жарык көргөн. (Keyzer et al. 2009).
Андрон маданиятына таандык (коло кылымы) төмөндөгү сөөктөрдүн калдыктары иликтөөгө алынган:
Краснояр крайы, Шарыпов району-андрон маданияты б.э.ч. 18-14 кк.(SO7).
Краснояр крайы-андрон маданияты б.э.ч. 18-14 кк.(S10).
Хакасия-андрон маданияты б.э.ч. 18-14 кк. (S16).
Анда көмүлгөн сөөктөрдүн калдыктарынын Y гаплогруппасы менен гаплотиптери аныкталган, булар негизинен R1a1a гаплогруппасына кирери аныкталган.
Андрондуктардын Y хромосомдорунун гаплотиптеринин 10 генетикалык белгисин салыштырганда, алар төмөнкү гаплотиптин өкүлдөрүнө толук дал келди: R1a1: түштүк алтайлыктар (17), алтайлыктар (2), кыргыздар (65), тувалыктар (4).
Ал эми андрондуктардын гаплотиптери менен тяньшань кыргыздарыныкы жана түштүк алтайлыктардыкы көбүрөөк дал келди.

Ысыккөлдүктөр менен нарындыктар – андрондуктардын түз тукуму
Биз андрондуктардын гаплотиптерин азыркы Ысык-Көл (тагай), Нарын (тагай) жана Талас областынын (сол канат) өкүлдөрүнүн R1a1a гаплотип ээлери менен салыштырып көрдүк.
Нарын областынын эки тургунунун (тагай) гаплотиптери андрондуктардын 15 гаплотиби менен толук бойдон дал келген.
15 гаплотип менен салыштырмалуу андрон гаплотиптери менен көбүрөөк дал келген, бир гана мутация DYS448 маркери менен айырмалангандар Нарын (48%) жана Ысык-Көл (43%) аймагында жашаган кыргыздар болуп чыгышты, ал эми Талас областынын сол канат уруусунун өкүлдөрүнүн дал келүүсү 6 гана пайыз болуп чыкты.
Андрондуктарга тиешелүү болгон 21 белгиге барабар болгон DYS448 маркери- белгиси ысыккөлдүк тагайларга тиешелүү (90%), андан кийин Нарын областында жашагандарга (86%) жана Талас областынын сол канатына азыраак пайыз туура келген (18%).
Биздин генетикалык иликтөөлөрүбүз Тянь-Шань кыргыздарынын айрым уруулары (айрыкча Ысык-Көл жана Нарындын тагай-оң канат уруулары) атасы жагынан андрондуктардын түз тукуму болуп саналарын далилдеди, ал эми андрондуктар (протоиндоарийлер) биздин эрага чейинки 18-14-кылымдарда Саянда жашаган, алар бара-бара Енисей кыргыздарын калыптаган. Бул ырас эле азыркы кыргыздардын түпкү ата-теги Түштүк Алтай жана Саян тайпак тоолорунун аймагын мекендегендигин далилдейт.
Жалпысынан алганда азыркы кыргыздар гетероген генотибин алып жүрүшөт, алардын этногенези татаал генетикалык ар түркүн уруунун аскер союзунан куралган, ал биздин эрабызда Енисей боюнун үстүңкү жагында куралган деп айтууга болот. Кыргыз этносун калыптандырууда Түштүк-Алтай жана Саянда жашаган прото-индо-ариялык уруулар, кийинчерээк сак-усундар, андан кийин Түндүк Кытай жана Монголиянын түздүгүнөн келген монголоид хунн-сянбий уруусу роль ойногон. Кыргыздын бир катар урууларында Енисейдин үстүңкү жагында жашаган байыркы угро-финн (палеосибирь) калкы менен генетикалык байланыш байкалат, алар Пазырык жана Афанасьев археологиялык доорунда Саян жана Байкал калкы катары саналышкан.
Кыргыздардын келип чыгышындагы дагы бир маанилүү компонент бул түрк жана монгол уруулары, алар кыргыздар Тянь-Шанга келгенден кийин аралашкан болуш керек. Ушул эле түрк-монгол уруулары казак, өзбек, каракалпак урууларынын калыптанышына катышып, кыргыздарды ушул элдер менен да жакын кылган.
Ушундан улам биздин улуу “Манас” эпосубузда айтылган “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйнап журт кылдым” деген саптарынын мааниси тереңде жаткандыгы көрүнөт. Бул сөздөр кыргыздын тукумунун калыптаныш тарыхын кыска, нуска камтып турат.
Кыргыздардын таралышынын чыныгы тарыхын иликтөө илимий фактыларга жана методологияларга таянып, учурдагы технологиянын мүмкүнчүлүктөрүн колдонушу керек Мында мифтердеги ушактарга же компиляцияларга ишенбей, же саясий коньюнктуранын же айрым саясатчылардын уруулук амбицияларына же алардын маргиналдык базасына ишенбеш керек. Бул айрым “ура-патриоттордун” элди “таза” жана келгиндер, “таза эмес кыргыз” деп бөлүүгө аракеттенгендерине, мамлекеттин ээси жана квартиранттар, байыркылар жана келгиндер деп бөлүшүнө жана түпкү улуттун расалык тазалыгы деп фашисттик идеологияны алып келишине аргументтүү каршылык көрсөтөт, миңдеген жылдар бою биздин ата -бабаларыбыз түзүп жана көздүн карегиндей сактаган нерсени бир заматта бузууга алып келиши мүмкүн.