Акаев Дубайда Келдибеков менен «чайлашканын» расмий тастыктады

Akaev 1Коррупцияга шектелип камакка алынары менен эле «оорукчан» болуп чыга келген экс-спикер Акматбек Келдибековду убагында адвокаттары, тарапташтары жабыла чуу көтөрүп атышып, Германияга дарылануу үчүн чыгарып кетишкени белгилүү эмеспи. Анан андан ары ал Дубайга, Малайзияга, Кореяга чейин «турист» болуп кеткени да билинген. Баягы ооруп аткан Келдибеков заматта айыгып, эс алып жүргөнү тууралуу маалымат каражаттары жакшы эле жазышкан. Ошол күндөрү Келдибеков менен жолугушуу үчүн Дубайга Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев барып, кең-кесири «чайлашып» келгенин да басылмалар жазышкан. «Жел жүрбөсө чөптүн башы ыргалмак» беле? Анын чындык экендигин Аскар Акаев өзү эркин басылмалардын бирине курган маегинде тастыктаптыр. Анан дагы ал Келдибековду айга-күнгө теңеп мактап, өз ишинин профессионалы катары сыпаттап жибергенин да окудук. Анын курган маегинен кыскача үзүндүнү келтирели: «Соцфонддо мен күткөн реформаны жүргүзө алды деп айтсам да болот. Акматбектей шакирттериме эртели-кеч ал-акыбал сурашып жолугушууга неге болбосун? Андан саясат кылуунун кажети жок», – дейт ал. Бул жоопту ал «Келдибековго сизди Дубайда жолукту деп жазып чыгышты эле. Ошонун чын-бышыгын өз оозуңуздан уксак?» деген суроого берген. Демек, экөөнүн жолукканы чындык экендиги тастыкталып атабы? Болбосо убагында Акаевдин адвокат-журналисти болуп жүргөн бирөө экөөнү жолуккан эмес деп ай-асманга секире жокко чыгаргысы келген болчу. Мынтип чындык акыры бир күнү жарылып чыгарын билбесе керек ал «адвокат». Бул бир жагы. Экинчи жагынан Аскар Акаев Келдибековду өзү тарбиялап өстүргөнүн, кызматтан кызматка көтөргөнүн айтып мактанат. Эмнеге аны мынчалык мактап калды деген суроо туулбай койбойт. Себеби бирөө гана. Бүгүнкү күндө Акаев өз Мекенине болгон сагынычы, кусалыгы канчалык ашып-ташыбасын, бир учурда Кыргызстанга жасаган кыянатчылыгы үчүн туулган жерине кире албайт. Себеби азыркы бийлик ага жол бербейт. Эл да кабыл албайт. Андыктан бийликке оппозициялык маанайдагы саясатчыларды мактап-жактап, алардын колдоосун алгысы келет. «Бүгүн мен силерди мактап берейин, эртең силер менин Мекениме кайтышыма жардам бергиле» деген кагазга оролгон талап турганын айтпаса да түшүнөбүз…

ПК- пресс