Аламандын алдында

Kanat Isaev“Кыргызстан” партиясы жарышка түштү
Жаңы түптөлгөн “Кыргызстан” деп аталган партия съездин өткөрүп, келе жаткан парламенттик шайлоого барарын жар салды. Партиянын төрагалыгына Канатбек Исаев, тең төрагалар болуп Каныбек Иманалиев менен Арзыбек Бурканов дайындалды. Алардын катарында белгилүү ишкер Шаршенбек Абдыкеримов, Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков, депутаттар Алмазбек Баатырбеков, Элмира Жумалиевалар бар. Партиянын кудум Казакстандыкына окшогон желеги коомчулукта катуу талкууга алына баштады. Балким, бул тактика коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн атайын жасалган кадам болушу мүмкүн.

Chynybay TursunbekovЧыныбай Турсунбеков КСДПга таарынды
КСДП фракциясынын жетекчиси ушул бүгүнкү күндө аталган партияга катуу таарынганын аны жакындан билгендер билдирди. Бул таарынычка келе жаткан шайлоодогу тизмеге аны 20-орундан ылдый коюп салганы себеп болгон. “Менин партияга кошкон салымымды силер ушунчага бааладыңарбы?” деп нааразы болуп жаткан чагы экен. Демек, ал лидерликтин өтөөсүнө чыга албаса керек да.

Alltynbek JumaevАгасы чуркап келип эшик ачып берген Алтынбек Жумаев
Жалал-Абадда Камчыбек Ташиевге тиешелүү делген “7-канал” бар. Ошол каналды жетектеген Алтынбек Жумаев учурда “Республика Ата-Журт” партиясынан депутат болом деп өзүн хан сезип алыптыр. Мынтип айтканга негиз бар. Себеби кымбат баалуу машинелерди “тээп”, анан калса, бир тууган агасын өзүнө жардамчы кылып алыптыр. Ал агасы Алтынбек Жумаев машинеден түшөрдө эшигин ачып берип, папкесин көтөрүп, андан мурда чуркап келип эшикти ачып берерин ошол эле каналдын кызматкерлери айтат. Эгер ал күчтүү аналитикалык макалаларды жазган журналист болгон болсо, “Ооба, депутаттыкка татыктуу болчу” демекпиз, даярдаган программасы – ырчыларды студияга чакырып алып, чогуу салат жасашат. Анан дагы анын аты аралашкан кылмыш иши бар экенин буга чейинки сандарыбызда жазган элек. Эми ушундай адамдар депутат болуп келсе шорубуз катпайбы?

Bolot OtunbaevБолот Отунбаев КСДПнын биринчи тизмеси менен барабы?
Келе жаткан парламенттик шайлоодо КСДПнын курамы толугу менен өзгөрөрүн буга чейинки саныбызда жазган элек. Партия ичиндегилер түп- тамырынан бери өзгөрүп кетсе да болбой калат деген жүйөө менен азыркы депутаттардан жок дегенде 10 чактысын калтырууну чечиптир. Бул партияга кирүүгө кара крест коюлгандардын катарында Турсунтай Салимов, Ыргал Кадыралиева, Алла Измалкова, Жусубали Исаев, Бактыяр Кадыров, Исмаил Исаков, Заирбек Жоошбеков, Замирбек Алымбеков, Мамытбай Салымбеков, Мамат Орозбаев, Жамгырчиева, Нурбек Касымбеков, Карамат Орозова, Данияр Тербишалиев, Эркин Сакебаев, Олег Домшенколор бар. Ал эми кириши да, кирбей калышы да мүмкүн болуп кылдын учунда тургандардын катарында Таалайбек Ибраев, Галина Скрипкина, Акылбек Султанов, Төрөбай Зулпукаров, Токтогул Туманов, Мурадыл Мадеминовдор бар. Партияга кирүүгө жол ачылган талапкерлер катары Асылбек Жээнбековдун, Ирина Карамушкинанын, Абдыманап Кутушевдин аты аталууда. Айтмакчы, КСДП тизменин 1-катарына кимди коебуз деп баш катырып жатканы тууралуу маалымат алдык. Балким, ал бактылуу адам Болот Отунбаев болуп калышы мүмкүн экен.

ПК- пресс