Александр Кимдин укугун Максим Бакиевдин адвокаты коргойбу?

Vecherniy BishkekЧарбалык ишти саясатташтырып жиберген “Вечерний Бишкектин” чуусу жакын арада басылчудай эмес. Буга чейин Александр Ким Бакиевдер менен ымалага келип алып, ишкананын 100%ына ээ болгонун жазган элек. Бирок бул кыңыр иштерин моюндарына алгандын ордуна, сөз эркиндиги муунтулуп атканын жар салып келишет. Эми өзүнүн укугун коргош үчүн Москвадан Василий Сайкин аттуу адвокатты тартып жатканын «Рубикондун» дагы бир негиздөөчүсү Александр Рябушкин билдирди. Анын айтымында, Сайкин адвокаттар дүйнөсүндө, орусча айтканда, «темная лошадка» болуп саналат. Бирок адвокат катары репутациясы жогору. Болгондо да олигархтардын өкүлдөрүнүн өзгөчө талылуу маселелерин кароодо кызмат кылып келет. Москва облустук адвокаттар жамаатынын «Бизнес жана укук» сайтында анын реестрдик номуру, күбөлүгүнүн номуру жана 2012-жылдын 18-апрелинен бери карай иштеп келатат деген маалыматы гана бар. «Вечерканын» журналисттеринин маалыматы боюнча, Сайкин менен түзүлгөн контракттын баасы 100 миң доллардан ашышы мүмкүн. Андан сырткары, кымбат баалуу мейманканаларда жашоосун жана башка чыгымдарын да төлөп берет. «Вечерканын» журналисттеринин ою боюнча Ким эч убакта өзгөчө чыгым кылуу менен айырмаланчу эмес. “Сайкинге сунушталган акчага жергиликтүү мыйзамдарды билген жергиликтүү адвокаттардан элүүнү тартса болмок» дейт Рябушкин. Мындан сырткары, ал Кимдин кол алдында иштеп аткандар бул талаш-тартышка москвалык адвокатты тартуу сунушу Максим Бакиев тарабынан болгондугун айтып атышат дейт. Мындан улам Александр Ким дагы деле Максим Бакиев менен тыгыз байланышта болуп аткандыгын баамдасак болот.