Алик Орозов, Коргоо Кеңешинин мурдагы катчысы: «Себеп жаралса аны “персона Нон грата” деп жарыялоо зарыл»

Alik Orozov 2(Маектин башы өткөн санда)

-Алик мырза, Россия акыркы жылдары Арктикадан Кара деңизге чейинки батыш чек араларында бир катар ири масштабдуу окууларды өткөрдү. Алдыда Чыгыш Жер ортолук деңизи районунда КЭР менен биргелешкен аскер-деңиз машыгууларын өткөрүү пландалууда (2005-жылы Тынч, Индия океандарынын акваториясында эки өлкөнүн ири аскер-деңиз окуулары өткөрүлгөн). Мындай аракеттерди АКШ менен согушууга даярдык катары баалоого болобу? Эгерде бул 3-дүйнөлүк согушка өсүп жетсе, анын күчөөсүнө эмне себеп болушу мүмкүн?
-Алгач дүйнөлүк согуштардын келип чыгуусунун себеп- шарттарын карап көрөлү. Ар 50 жылда дүйнөлүк коомчулукта карама-каршылыктар күч алып, күчтөрдүн катыштыгы өзгөрөт, геосаясий тең салмактуулук бузулат, анын артынан жаңы дүйнөлүк мүлк бөлүштүрүү аракеттери орун алат. Адамзаттык цивилизация мындай карама-каршылыктарды жокко чыгаруу үчүн дүйнөлүк согушту баштоодон башка ыкма ойлоп таба элек. Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштар да дал ушундай себептерден башталган.
90-жылдардын башына карата дүйнөдө күчтөрдүн катыштыгы кескин өзгөрдү. СССР ыдырап кеткенден кийин АКШ дүйнөдө жападан жалгыз супердержавага айланып, дүйнөгө үстөмдүгүн жүргүзө баштады. Күтүлгөндөй эле АКШ жаңы бир полюстуу дүйнөнү түзүү, дүйнөлүк мүлктөрдү бөлүштүрүү аракеттерин көрүүгө өттү.
Карап көрсөк, баары көнүп калгандай дүйнөлүк согуштун классикалык формасын күтүү менен жашап атат. Мисалы, интенсивдүү түрдө чек араларын бекемдөөдө, союздук коалициялар түзүлүүдө, кургакта, деңизде биргелешкен согуштук машыгуулар өткөрүлүүдө ж.б. Бул мыйзам ченемдүү, өзүн актаган көрүнүштөр десек болот, анткени теориялык жактан алганда, сырттан кол салууну жокко чыгарууга болбойт. Бирок бул теориялык жактан алганда гана. Ал эми турмушта геосаясий атаандаштарда өзөктүк куралдын болуусу түз кол салууну токтотуп туруучу фактор болуп саналат. Вашингтон да, Москва да бири бирине өзөктүк курал колдонушса, эки континентте тең чоң кыйроолор боло турганын жакшы түшүнүшөт.
Бирок жогоруда айтып кеткендей, дүйнөлүк согуштун белгилери, шарттары бүгүн орун алууда. Тагыраагы, азыр 3-дүйнөлүк согуш башкача ыкма менен жүрүп жатат. АКШ жер шарынын энергоресурстарга бай жерлерин жашоо үчүн зарыл, өзүнүн стратегиялык кызыкчылыктары бар зона экенин билдирди. Дүйнөлүк согушту баштоого 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШ өзү ишке ашырган үрөй учурарлык окуя себепчи болду. 3 миңден ашык адамдын өмүрү садагага чабылды. «Дүйнөлүк терроризмге» каршы күрөшүү жараянын баштоо менен АКШ бул күрөштүн башында туруп, күнү бүгүнгө чейин согушту жүргүзүүнүн ыкмасы катары активдүү колдонууда. Ооган плацдармын басып алгандан кийин терроризм эселеп күч алды, дүйнөлүк апийимди өндүрүүнүн көлөмү да кескин өстү. ИГИЛ, «Аль-Кайида», Бен-Ладен да «Талибан» сыяктуу эле АКШнын ушундай максатта ойлоп тапкан долбоорлору болуп эсептелет.
Бир нерсени байкасаңар, Россия да, Кытай да согушуунун мындай ыкма, формасын колдонушкан жок. Ал эми АКШ атаандаш тараптагы кырдаалды курчутуп, дестабилизациялоо үчүн терракт, фашизм ыкмалары сыяктуу эле жогорудагыдай ыкмаларды колдонуудан кайра тартпай келет. Өзүнүн исламдык кызыкчылыгына, мүдөөсүнө жетүү үчүн «жумшак күч» деп аталган ыкманы да активдүү, жемиштүү колдонууда («бешинчи колонна», мамлекеттик, коомдук институттары начар өнүккөн өлкөлөрдөгү саясатташкан ислам, каршылык кыймылдарын өткөрүү үчүн калың элди мобилизациялоо максатында интернет-ресурстардын таасирин күчөтүү ж.б.).

-Биздин куралдуу күчтөрдүн абалын кандай баалайсыз, алар бизди коргоого даярбы?
-Кыргызстандын куралдуу күчтөрү эң ириде сырттан болчу агрессияларга каршы турууга даярданышууда. Генштаб да ушул максатта түзүлүп, ЖККУнун алкагында ошол эле бизге карай ок чыгарып аткан Тажикстан менен өз ара аракетке келүү боюнча иштерди алып барууда. Бирок биздин куралдуу күчтөр эрегишкен абалда турган «бомбаны» жок кылууга даярбы? Мындан чоң күмөнүм бар. Кыргызстандын куралдуу күчтөрү эки жолу кырдаалды колдон чыгарып ийип (1990, 2010-жылдары), кесепети кейиштүү, коркунучтуу болгон, үчүнчү жолкусунда алапайыбызды таппай калышыбыз мүмкүн, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө чоң коркунуч туулушу ыктымал. Эсиңерде болсо, аскердик жактан күчтүү Египет менен Ливиядагы араб режимдери «жумшак күчтөрдүн» кысымы аркасында кыйрап калбадыбы.
Ал эми Украинада славян бир туугандарды кагыштырып коюшту, бизде кыргыздарды, өзбектерди, тажиктерди, казактарды, түркмөндөрдү кагыштырып салышы ыктымал. Исламдык радикализмдин потенциалы максималдуу түрдө активдештирилиши мүмкүн. Кошуна өлкөлөрдүн чек арачылары Кыргызстанга карата кастык саясатты карманып алышты, биздин чек арачылар менен атышууларды көкүтүп, биздин позицияларды минометтор менен аткылашып, эч себепсиз биздин жарандарды өлтүрүп жатышат. Ушулардын баары тынчтык маалда, жай учурда болууда. Борбордук Азия аймагынын куралдуу күчтөрүнөн эмнени күтөбүз? Азиялык жапайы этникалар аралык кыргындыбы? ЖККУ кайсыл тарапта болот? ЖККУнун саммитинде Өзбекстан, Тажикстан менен чек аралаш жерлердеги ок атышуулар менен коштолгон инциденттердин бири да каралган жок. Эмнеге? Же эмне, ЖККУнун курамындагы өлкөлөрдүн чек араларындагы инциденттер президенттер талкууга алууга болбогон майда-барат маселелерден болуп эсептелеби?

-Анда биздин мамлекеттин коопсуздугун кантип камсыз кылып, өзүбүздү өзүбүз «бомбанын» жарылуусунан кантип сакташыбыз керек?
– «Бомбанын» жарылуусуна даярдык көрүү пайдасыз. Жарылуу процессинин чынжырлуу реакциясын физикалык да, коомдук да мыйзамдар менен токтотуу мүмкүн эмес. Биз эң ириде «бомбанын» дегеле болбошунун камын көргөнүбүз туура. Бул үчүн биринчи кезекте коомду «айыктырууга», «зыяндуу заттардан» тазалоого багытталган профилактикалык -регламенттик иштерди алып баруунун мааниси чоң. Бул багыттагы иштер чечкиндүү түрдө жүргүзүлүүсү кажет. 1999-жылы 250 адамдан турган отряды менен Жума Намангани деген өзүн билдирип, ошондогу коргоо министри Эсен Топоевдин айдактоосу менен президент Аскар Акаев КРнын Коргоо Кеңешин түзгөн. Тынчтык учурда Коргоо Кеңешин түзүү – бул нонсенс. Бул бардык куралдуу күчтөрдү реалдуу коркунучтан алаксытып коет. Убактылуу Өкмөт Конституциянын жаңы долбоорун иштеп жатканда, кайрадан Коргоо кеңеши боюнча жобону киргизишти, муну менен убактылуу өкмөттөгүлөр айтканын бербеген коргоо министри менен эсептешүүгө аргасыз болушкан. Ошол эле Исмаил Исаков Акаевдин учурунда Коргоо кеңешин түзүүгө караманча каршы чыккан, анда анын мындай позициясы эң туура болгон. «Бомбаны» жок кылып, аны алдын алуу үчүн Коргоо кеңешине караганда Коопсуздук кеңешинин түзүлүүсү максатка ылайык келет.
2010-жылдын июнунда «бомба» жарылганда, УКМК бул боюнча маалыматы болгонун, аны жогорку инстанцияга жеткиргенин билдирген. Муну кандай түшүнсө болот? Убактылуу өкмөттүн башчысы, жарандык адам эмне кыла алмак эле? УКМКнын милдети – инстанцияны маалыматтандыруу эмес, а жогору жакты күтпөй эле бомбанын жарылуусун алдын алуу боюнча превентивдүү чараларды көрүп, колтугуна котур ташын каткан күчтөрдүн сазайын берүү болуп саналат.
Бүгүн атайын кызматтар АКШнын КРдагы элчилигине украиналык «Руслан» учагы аркылуу кандай сырдуу жүктөр ташылып келип жатканын, дагы эмне жүктөр келе турганын билиши керек. Эмне жүк экенин элчиликтен башка эч ким билбей жатат. Бирок бул мандемдүү жүк экенинен шек санабайм. АКШ кандайдыр бир нерсеге даярданып атканын боолголосок болот. Эгерде элчиликтен айтып жатышкандай, жүк элчиликтин жаңы имаратын курууга керектүү курулуш материалдары болсо, мынчалык «сырдуу» кылып, жаап -жашырышмак эмес. Демек, бул жагдай биздикилерди ойлонтуп, «сырдуу жүккө» маани берилбей калбашы зарыл.
Жазында Бишкекке пландалган элчинин ордуна убактылуу өкүл, мамлекеттерди ыдыратуу боюнча чоң адис – Ричард М. Майлз келди. Эми биздикилер аны менен иши болбой койбой, анын иш-аракеттерин бардык жагынан байкоого алып, кимдер менен жолугуп, кимдер менен сүйлөшүп жатканына чейин билип, себеп жаралса аны персона Нон грата деп жарыялоо зарыл. Ошондой эле хизбутчуларга, радикалдык исламдын жактоочуларына да катуу көңүл буруу зарылдыгы бар. Сирияга согушка кеткен биздин жарандарга да өзгөчө көңүл буруп, алардын Сириядан кандай тажрыйба, билим менен келип жатышкандары көзөмөлдө болушу абзел. Сириядагы жарандык согушту АКШ башкалардын колу менен жүргүзүп жатат.
Эң башкысы, эл менен жакындан тыгыз иштешип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. 2010-жылы түштүктөгү элдин бир тобу чагымчылдыкка алдырып, кан төгүүнү пландаштыргандардын жетегинде калып калган. 2010-жылдын июнундагы этностор ортосундагы коогалаңды күч органдары эмес, карапайым калк токтотту. Эсине келген кыргыз менен өзбектер элдешүү акцияларын өткөрүштү, 1990-жылдагы окуядан сабак алган Өзгөн менен Кара-Суу шаарындагы кыргыз, өзбектер биргелешип коргонуу аракеттерин жасашып, адам өлүмдөрүнө жол беришкен жок. Өзгөндөгү кыргыздар Кара-Кулжадан келаткан атчандарды Ошко өткөрбөй койсо, Кара-Суудагы өзбектер улуттарына карабай, канал аркылуу Өзбекстандын аймагына аялдарды, улгайгандарды, балдарды өткөрүп жатышты. Ал эми Жалал-Абаддагы кыргыздар өз үйлөрүндө өзбек үй-бүлөлөрүн жашырып, калкалап турушту. Бул Кыргызстанда жашаган элдин толеранттуулук потенциалы бар экенинен кабар берет, мына ушул нерсени деструктивдүү күчтөрдүн куйтум аракеттерин алдын алып, аларды нейтрализациялоо максаттарында колдонуу керек.

-Кыргызстан расмий түрдө Евразия экономикалык биримдигине кирди. Бул боюнча эмне дейсиз?
-Ооба, ушул айда аталган биримдиктин курамына расмий кошулдук. Бул кыргыз элинин даанышман чечими болду деп эсептейм. Биздин бул чечим мындан 150 жыл мурда, кырылып, чачырап кетүүгө жол бербөө үчүн Орус падышачылыгынын курамына кошулгандай эле көрөгөчтүк чечим болду. Бүгүнкү эл аралык кырдаал курчуп, чыңалып турган маалда Кыргызстандын изоляцияда калуусу таптакыр туура эмес болмок, ишенимдүү өнөктөшүбүз болуусу талап эле. Бул жагынан Россия бизге ишенимдүү өнөктөш боло алат. Бул убакыт, тарых менен текшерилген.

Мирлан Дүйшөнбаев