Алик Орозов, КРнын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы: «Кооптонуулар бар… Кыргызстан да жөн жаткан жок»

Alik OrozovКесипкөй чекист, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Алик Орозов менен өлкөнүн ички, сырткы коопсуздугуна байланышкан маселелердин тегерегинде маектештик.

-Алик мырза, алдыда шайлоо жакындап келатат. Экстремисттик күчтөрдүн жанданганын эске алсак, шайлоо алдында өлкөнүн түштүк аймагында кырдаал курчубайбы?
-Алдыдагы шайлоо, албетте, коомчулукта жанданууларды, бүйүр кызытууларды пайда кылып, эмоцияларды жаратып, саясий кырдаалдын чыңалуусун шарттабай койбойт. Кандайдыр кагылышуулар болуп, митингдик абал жаралып, стратегиялык жолдорду тосуу ж.б.у.с. негативдүү көрүнүштөр орун алышы ыктымал. Ачыгын айтканда, булардын баарынан биз өтө берип, көнүп деле калгандай болбодукпу, кыргызстандыктар үчүн көндүм көрүнүшкө деле айланып калды окшойт. Ал эми саясий аренада интригалар башталып, атаандаштарды жок кылуу, саясаттан четтетүү аракеттери жүрөт. Саясаттын «шахмат доскасында» жаңы жүрүштөр болуп, болочоктогу чөнтөк парламенттин болочоктогу коалициясынын конфигурациясын түзүү боюнча комбинациялар иштелип чыгат. Чындап келгенде биздин мамлекеттин жогорку чиновниктеринин «башкы баш оорусу» – экономика, элдин тагдыры, же өлкөнүн коопсуздугу эмес, кантип бийликти колдон чыгарбай сактап калып, жалпы элдин үстүнөн эбегейсиз бийлик жүргүзүүнү улантуу, болуп көрбөгөндөй привилегияларга ээ болуу деген маселе. Чыгышта бийлик деген түшүнүк биз билген, түшүнгөн бийлик түшүнүгүнөн кыйла жогору турат. Чыгышта бийлик – бул эң сонун, атаандашсыз бизнес, бизнестин мындай түрү утулууну, тобокелчиликти эгерим билбейт, каржыны да талап кылбайт.
Ал эми кыргыз аткаминерлери бийликти сактап калуунун үстүндө баш оорутуп жаткан чакта бизге бир караганда көрүнбөгөн, сезилбеген, бирок реалдуу чоң коркунуч жакындап келатат. Эгерде биз алдын алган превентивдүү чараларды көрбөсөк, Кыргызстан мамлекет катары жашоосун токтотушу ыктымал. Адамзаттын тарыхынан буга көп эле мисалдарды тартсак болот. Экөөнү эле мисал келтирейин: биринчиси- орто кылымдагы окуялар болсо, экинчиси- бүгүнкү жаңы тарыхта болуп жаткандар.
13-кылымдын 1-жарымында Орто Азияда азыр биз баштан кечирип жаткандай мезгил болгон. Ошол эле трайбализм, регионализм, коррупция, бийлик үчүн кландардын күрөшү, төңкөрүштөр… Мында келаткан катастрофаны эч ким аңдабай калат экен. Анан күтүүсүздөн Чыңгызхан келет да, заматта мындай өлкөлөрдү бийликтеги чиновниктери менен кошо жер үстүнөн тыптыйпыл кылып салып кете берет. Мамлекет жок болсо, көйгөйлөр да өзүнөн өзү жок болот. 21-кылымдын 2-жарымы. Украина өз алдынчалыгын жоготуп, сырткы күчтөрдүн башкаруусунда калып, алдыда бөлүнүп-жарылуу перспективасы күтүп турган квази-мамлекетке айланып калды.

-Бизге келаткан реалдуу коркунуч жөнүндөгү оюңузду түшүндүрүп кетсеңиз. Мамлекетибизди жер үстүнөн тыптыйпыл кылып салчу бүгүнкүнүн Чыңгызханы ким болуп калат анда?
-Чыңгызханды биз, кыргызстандыктар, алдыда кептелип калчу кырдаалды туура кабыл алып, баалоо үчүн образдуу түрдө айттым. Айтайын дегеним, жакынкы келечекте Борбордук Азия регионунда «евромайдандын» азиялык варианты ишке ашырылуу ыктымалдыгы, б.а. экинчи «украина фронту» ачылуусуна толук негиз, белгилер бар болууда. Бул океандын ары жагындагы режиссерлорго өтө зарыл. Биздин региондо ири геосаясий башаламандыкты уюштуруп, ишке ашырууга Кыргызстандын аймагы тардык кылат, ал үчүн бүткүл Борбордук Азиянын аймагы керек болот. Бул үчүн эмитен керектүү куралдар, патрондор алынып келүүдө. Болбосо, АКШ Ɵзбекстанга 300 ок өтпөөчү аскердик техниканы эмнеге берип жатат? Эмне үчүн Ооганстандан чыгарылган аскердик техника менен Ташкент куралданууда? Эмне, Ɵзбекстан Борбордук Азия аймагындагы алсыз, коргонууга жөндөмсүз өлкө катары аскердик жардамга муктаж дейсиңерби?! Жок, Ɵзбекстан оңою менен моюн бербеген, аңдап түшүнүүгө мүмкүн болбогон, коргонуу жөндөмдүүлүгү жогору мамлекет, бирок АКШ өзүнүн «токочу» менен Ташкентти Москванын фарватеринен чыгарууга жетишти. Себеби, Борбордук Азиядагы аскердик-саясий театрда ойнотулчу геосаясий спектаклде Ташкентке өзгөчө роль берилгени жатат.
Эсиңиздерде болсо, өткөн 2014-жылы нейтралдуу Түркмөнстандын чек ара тилкелеринде ИГИЛ кыймылынын отряддары пайда болушуп, бажы чек арачыларына ок чыгарышып, бүткүл региондо ызы-чуу жаратышты. Анын алдында ИГИЛ кыймылынын туткундарынын баштарын алган коркунучтуу «шоу» бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Мындай нерсе кимди болбосун эсине келтирип, көзүн ачпай койбойт. Чоочуп кеткен Түркмөнстандын жетекчилиги сырткы чек араларынын алсыз, бошоң экенин аңдап, мамлекеттик чек араны бекемдөө үчүн аскерлерди жалдоо чечимин кабыл алды. АКШдан заманбап куралдарды сатып алмай болушту. АКШ ушуну эле күтүп турган да, Түркмөнстанды миллиарддаган сумма өлчөмүндөгү куралдардын заманбап системасы менен камсыз кылууга дароо эле макул болду. ИГИЛ кыймылынын артында дал ушул АКШ турары таң калыштуу деле эмес, кыймылды куралдандырып, алардын аракеттерин манипуляциялап турат. ИГИЛ – бул америкалык «ноу – хау» десек болот, бирок Катар мамлекети тарабынан каржыланат, ал эми Катар АКШнын Жакынкы Чыгыштагы эң ишенимдүү аскердик союздашы болуп эсептелет. Дал ушул Катардын аймактык суусунун акваториясында 6-америкалык аскердик-деңиз флоту жайгашып, АКШнын бул аймактагы стратегиялык кызыкчылыктарын коргоп келатат.
ИГИЛдин согушчандары Ооганстандын аймагына киришип, талибдерди дүрбөлөңгө салды. Акыркы учурларда «ИГИЛ» же талибдер кошуна Тажикстанга кирип барганы боюнча каңшаарлар айтылууда. Эмомали Рахмондун нерви чыдабай баратат окшойт, масштабы боюнча прецедентсиз, 50 миң аскердин катышуусундагы ири аскердик окууларды өткөрүүдө.
Ɵзбекстан болсо эчак эле өзүн кошуналардан тикендүү зымдар менен тосуп, аңдарды каздырып, чек ара тилкелерине жакын жерлерге миналарды койдуртуп салды. «Кытай дубалын» тургузуу эле калды окшойт.
Кыргызстан да жөн жаткан жок. Бардык күч органдарын координациялоого жетиштүү прецедентсиз ыйгарым укуктары бар генералдык штаб түзүлдү. Ɵлкө жетекчилиги согушчандардын кирип келиши мүмкүн болгон түштүк аймагындагы чек араларды бекемдөөгө катуу көңүл бурууда. Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер түштүк тарапка бат-баттан каттоодо.

-Сиздин айткандарыңызды тыңдасак, Кыргызстанга негизги коркунуч ИГИЛ тарабынан жаралып жатыптыр да?
– Мен антип ойлобойм. Кошуналардай эле биздин күч органдарынын мээлерине «мамлекетке коркунуч сырттан болот» деген стереотип бекем орноп калган. Бардык мезгилдерде дайыма ушундай болуп келген. Бирок сыртта азыр 21-кылым, бүгүнкү согушту жүргүзүү ыкмалары таптакыр башкача мүнөзгө ээ. Бирок биздин генералитет дале УАМ согуш мезгилиндеги категориялар менен ойлонот. Ошондуктан кошуна өлкөлөрдө ири талаа окуулары өтүп жатат. Баткен окуясынын алдында Коргонуу кеңешинин жыйыны болуп, анда коргоо министри Эсен Топоев биздин чек араларда тишине чейин куралданган 7000 куралчан согушчан чек араны кесип өткөнү жатканын маалымдаган. Акаев мындай былжырак кепке ишенген болчу. Эгерде ал УКМКдан оперативдүү маалыматты алганда, Тажикстандын Тавиль-Дары тоосунда Ɵзбекстандан качып барган Жума Намангани өзүнө окшогон 250дөн ашпаган качкындар менен жашынып жатканы боюнча маалымат алмак. Генерал Эсен Топоев качкын кылмышкерге каршы түштүктөгү 5000ге чейинки аскерлерди каршы койгон. Баткен кампаниясында чоң жылдыздарды алышкан биздин генералдардын көбү Жума Наманганиге ыраазы болушу керек. Кайсыл цивилдүү өлкөдө болбосун «генерал-полковник» жогорку аскердик чинине ээ адам болбоду дегенде 100 миңден 1,5 млнго чейинки аскердик округду башкарат. Бирок ошого карабай Эсен Топоевге «согуштагы жетишкендиги» үчүн «генерал-армия» чини берилген.
Сырттан кол салуу – бул кечээги мезгил, бирок биз дагы деле шаблон боюнча иш жүргүзүп келатабыз. АКШ өзүнүн каршылаштарынын дал ушундай стереотиптик ой жүгүртүүлөрүнө ылайыктап өз пландарын түзүүдө. Чындап келгенде ИГИЛ – бул жөн гана декорация, алаксытуучу маневр. Бизге ИГИЛ эч качан кол салбайт, болгону имитация болушу мүмкүн. Кол салуу таптакыр башка жерде, башка ыкмада болушу ыктымал. Эсиңердеби, зор СССР мамлекети бир оксуз эле ыдырап кеткен. Украинага башка өлкөнүн бир да танкы киргизилген жок, а мамлекет биздин көз алдыбызда бөлүнүп-жарылып, чыгыш Европа дестабилдүүлүктүн зонасына айланууда.
2011-жылы ислам дүйнөсүн «араб жазы» деген аралап, натыйжада аскердик жактан күчтүү мамлекеттер талкаланды. Эгерде Египет менен Ливияга ИГИЛдин согушчандары кол салганда, Хосни Мубарак менен Муамор Каддафи «игилчилердин» оңой эле таш- талканын чыгарып салмак. Бирок күтүүсүздөн көтөрүлгөн өз элинин кантип таш-талканын чыгарат? Колунда куралы жок, жалган демократия идеясына баштары айланган Тахрир аянтындагы миллиондогон элди кантип атат? Египеттик бир генерал өз өлкөсүндөгү кырдаал жөнүндө минтип айтпадыбы: эгерде аянтка миң эл чогулса – биз аларды кууп, таркатабыз, эгерде он миң адам келсе – сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз, эгерде 100 миңдеген эл болсо, анда алар тарапка өтүп кетебиз.

-Демек, сиздин оюңузча, Кыргызстанга коркунуч «евромайдан» Борбордук Азия аймагына келгенде пайда болобу?
– Ооба, эң ириде дал ушундан кооптонуу керек. Бул эң эле реалдуу коркунуч. АКШ россиялык аскерлерди Украинага киргизүү үчүн колдон келгендин баарын, мүмкүн болбогон нерселерди да кылууда. Бул үчүн дүйнөдөгү эң демократиялуу өлкө орустарды өлтүрүүгө ачык эле чакырык жасап, атүгүл фашизмди жандандыруудан артка кайтпай турганын көрсөттү. Бирок Владимир Путин да моюн бербей келатат, бир жагынан Россия менен күрөшүүнүн бул варианты аксап жатса, экинчиден, Европа чыгыш аймактарынын согуштун отунда калуусун каалаган жок.
Экономикалык санкциялар да Россияны биротоло «сулк жыгылтуучу» сокку боло алган жок. Эми геосаясаттагы атаандашка «Б» планы боюнча кийинки сезилерлик соккуну уруу каралат. Ага ылайык, борбор азиялык «евромайданды» ишке ашырып, Россиянын башка тарабынан аракетке өтүү каралган. Эгерде АКШ Украинада фашизмди колдоого алса, анда алардын Борбордук Азия аймагында исламдык радикализмди колдонорунан шек санабасак болот. Азия коомчулугундагы хаоско алып келчү массалык башаламандыктар башка себептерден улам да болушу мүмкүн. Мисалы, Ɵзбекстандагы саясий кырдаалдын өзгөрүүсү, же Кыргызстандагы этникалык кагылышууларды козутуу ж.б. Биз үчүн биздин өлкөлөргө «игилчилердин» кол салуусу жеңил болмок. ЖККУ тиешелүү аракетке дароо өтө алат эле. Бирок Борбордук Азия регионунда Кыргызстанда 2010-жылы болгондой жарандык согуш оту тутанып, этникалык тирешүүлөр күч алып турган маалда ЖККУ кырдаалга кийлигише алар бекен?

Мирлан Дүйшөнбаев