Алмамбет ШЫКМАМАТОВ, экс-министр: «Капа болуп турганда мен бала кездеги кыйналган убагымды көп эстейм»

Almambet Sh 2– Алмамбет мырза, адегенде кепти балалыгыңыздан баштасак. Бала чак дегенде кайсы көз ирмемдер эсиңизге келет?
– Мен Нарын облусунун Жумгал районунун Кызарт айылында туулуп чоңойгом. Бирок беш мектептен билим алдым. 1-класстан 3-класска чейин Нарын шаарында окудум. Анын баардыгы үй-бүлөлүк шартка байланыштуу болду. Анткени апабыз эрте өтүп кетип, шаарга келип туруп калдык. Кийин атам пенсияга чыгардын алдында айылга мектеп директору болуп, ошол жакка барганбыз. Айтор, балалык кез Бишкек менен Кызарттын ортосунда калды. Бирок балалыктан таасирленип калыптанганым айыл жергеси, элет жери болду. Анткени айыл жериндеги балдар бышык болот. Азыр бизнести, окумуштууларды, маданият тармагын, саясат тармагын карасак, баардыгы элет жергесинен келген адамдар. Себеби айылда адам чоңоюп, дүйнө таанып келе жатканда жаратылыш менен түздөн-түз байланышта болот. Айылдагы балдар турмуштан тарбияны көбүрөөк алат. Алар билимди шаардагы балдардан начарыраак алгандыр, бирок кыктын жытын жыттап, нан кайдан пайда болорун, мал кантип багыларын, эл кантип кыйынчылыкты башынан кечирерин билип, сарамжалдуулук, боорукердик, тууганчылдык деген кандай болорун жон териси менен сезип чоңоет. Анан да эң негизгиси, айылдык балдар намыскөй келишет. Айылдын өзгөчө бир касиети бар, ал жакка барып келсең, кадимкидей энергия алып келесиң. Анткени айылдын эли баё, таза болот. Мен аларды ак барактай элестетем. Балким, ал жерде чаң көптүр. Бирок жандүйнөнүн тазалыгы, акыл-эстин тунуктугу, жүрөктүн тазалыгы ак барактай да. Эмне үчүн айылдын эли шайлоодо көбүрөөк алданат? Анткени алар башкаларды да өзүндөй көрүп, «Аа бул кантип алдасын?» деп ишенет. А бирок жыйынтык көрсөтүп аткандай, барып алдап кетип жатышат. “Баарына трактор беребиз, баарыңарга үстөксүз насыя беребиз” деп алдап кетип жатышат. Эгер баарына трактор берсе, ал талапкердин шымы жок калбайбы? Бирок болбой эле ошентип убада берсе, эл ишене берет экен.

Almambet Sh 1– Апаңыздан эрте айрылып калганыңызды айтып кеттиңиз. Энесиз турмуш кыйын эле болсо керек анда?
– Апам үч жашымда, атам он алты жашымда каза болгон. Адамдын маанайы дайыма эле бир темпте турбайт да. Кээде капа болуп турганда мен бала кездеги кыйналган убагымды көп эстейм. Ошондогу кыйынчылыктар мага азыркы кыйынчылыктарды жеңгенге түрткү болот. “Ошондой кыйынчылыкты көрбөдүкпү, азыркы кыйынчылык эмне болуп калыптыр?” деп өзүмө-өзүм дем-күч берип турам. Анткени бала кездеги жокчулук, моралдык басынуу деген нерселер жетиштүү эле болгон. Он алты жашка чейин атамдын колунда чоңойгом. Атам өтүп кеткенден кийин өзүмдү өзүм тарбиялап, өзүмө өзүм ата-эне, окуучу болдум. Башкача айтканда, уядан эрте учтум. Бирок союз убагында камкордук деген жакшы болчу. Мисалы, институтта иштеп жүргөндө ата-энеси жок деп стипендия төлөчү. Мугалимдер басынтпай, тескерисинче, колдоо көрсөтүп «Сен жакшы бала болушуң керек! Тентек балдарга кошулба, жакшы оку!» деп сүрөп турушар эле. Балким, ошонун баардыгы түрткү болгондур…

– Демек, жогорку окуу жайда да өз күчүӊүз менен окудуӊуз да?..
– Мен тарых факультетине тапшырсам деп даярданып жүргөм. Ал кезде бир орунга беш киши тапшырчу. Ошол жагын да карап, акыл калчап, орус тили жана адабияты институтуна барып тапшыргам.

– Мисалы, сиз министрлик кызматка чейин жеттиңиз. Ошондой күндөрдө “ушул жетишкендиктеримди ата-энем да көрсө болмок” деп ойлойсузбу?
– «Бири кем дүнүйө» дегендей арманым ошол. “Ошолор көрсө жакшы болот беле? Сыймыктанат беле?” деп ойлоп коем. Бирок аны бир айтасыңбы, эки айасыңбы баары бир да. Менин атам өмүр бою мугалим болгон киши. Ал дайыма «Жакшы адам бол» деп айтар эле. Эгерде атам менин ийгиликтеримди көрсө, сыймыктанмак.

– Бала кездеги  кыялыңызда ким болсом дечү элеңиз?
– Мен тарых факультетине тапшырып, андан ары өзүмдү коомдук иштерде көрчүмүн. Айылда той-топурга барсаң, аксакалдар отуруп алып сүйлөшөт. Алардын куюлушкан кептери укмуш болот. Бир нерсени ынандырып айтканы күчтүү. Баардык жерде атайын сөзмөр кишилер сүйлөчү. Анын оозун баардыгы карап отурушат. Мен да бала кезде аларды ээрчип барып, эл чогулган жерде аксакалдарды укканды аябай жакшы көрчүмүн. Алар куюлуштуруп сонун сүйлөшчү. Саясатты да көп сүйлөшчү. Мына ошолордон таасир алгам.

Almambet Sh.– Ата-энелүүлөргө деле үйлөнгөндө кыйынчылык жаралат эмеспи. А сиз кантип үйлөндүңүз?
– Келинчегим экөөбүз таанышып, ага болгон шартты түшүндүргөм. Ал кезде биринчи орунда сезимдер ойногон. Мен ага жакшы жолдош, балдарга жакшы ата болорума ишенген. Мен да ага «сени кор кылбайм» деп айтчумун. Бизди 8-март майрамында досторубуз тааныштырган. Бир жеңени майрамы менен куттуктап барып, таанышып калдык. Анда чөнтөк телефон деген жок болчу. Бири-бирибизди издешип, табышып, сүйлөшүп жүрдүк.

– Жеңебиздин ишеничин актадыңызбы анан?
– Кудайга шүгүр, төрт балалуу болдук. Ишеничин актадым го.

– Балдарыңызга кандай атамын деп ойлойсуз?
– Мен балдарымды тарбиялоого болгон күч-кубатымды жумшайм. Алар шаарда чоңоюп “паркетник”, “ботаник”, жалкоо, жатып ичер болуп калбаса экен деп корком. Үч уулум, бир кызым бар. Кызым эрке. Эмнегедир мага бөтөнчө жакын. Ал эми балдарым энесине жакын. Аларды бош отургузбаганга аракет кылам. «Эгерде азыр чалкалап жатсаңар, кийин маңыроо болуп каласыңар» дейм. Кээ бир учурда буга каршылык көрсөтүшөт. Бирок алар өздөрү эле эртең менен туруп кетишет. Мисалы, айыл жергесинде эртең менен кечке жаны тынбайт. Накта эмгекке, мээнетке айылдан тарбияланып атат. А шаардан биз кыйнап, тиякка бар, биякка бар деп атпайбызбы. Бирок шаарда жашагандан кийин айла жок. Эң негизгиси балдарды жалкоолукка көндүрбөш керек.

– Жубайыңыздын кайсы сапатын баалайсыз?
– Турмушта аялдарына ыраазычылык айтканда көп киши «мага чыдаган аялга рахмат» деп айтып калат. Ошол сыңары мен деле ошентип айтам. Менин кыялым да оңой кыял эмес. Кээде чорт кетем, кээде өз билгенимди бербейм. Мисалы, “тиги тойго баралы” десе, убакыт жок, мен барбай өзүн жиберип коем. Ошондуктан мен «мага чыдаганыңа рахмат» деп айтам. Аялымдын сулуулугу, койколоңдоп басканы эмес, мага чыдап, балдарды тарбиялап, мээримдүү эне болуп, мага жакшы жубай болуп жүргөнү үчүн баалайм. Анткени менин ийгиликтеримдин теңинен көбү жубайымдыкы деп коет эмеспи. Мен да ошентип эсептейм. Эгерде үйдө гармония болбой, сенин жүрөгүңдү өйүткөн маселелер болсо каяктан сенин потенциалың ачылып, каяктан иштей аласың? Ошондуктан бүт ааламда энелердин, келинчектердин ролу улук. Ошол нерсе менин аялыма да таандык.

– Кайсы сапатыңыз өзүңүзгө жакпайт?
– Толтура андай сапаттарым. Бир досум «чычалайсың» дейт, ошонум болсо керек. Кээде чорттугум бар. Бирок ошол эле маалда ак көңүлдүгүм да бар. Кудайга шүгүр, кекчил, зөөкүр эмесмин.

– Достукка бексизби?
– Досторум көп. Бирөөнөн да «Алманбет мени сатып кетти» деп уга элекмин. Кудайга шүгүр, досторум көп жана алар менен мамилем жакшы. «Адамдан кандай мамилени күтсөң, ошондой мамилени жаса» деген принцип менде бар. Ошондуктан досторума аябай жакшы мамиле кылам. Аларды көкөлөтүп, кадырлап, ардактап, баардыгын жакшы көрөм.

– Бош убактыңызда кандай эс алууну каалайсыз?
– Мончого, бассейнге барганды жактырам. Бош убактымда досторума барып, чай ичип сүйлөшүп отурганды жакшы көрөм. Биздин досторубуз көп ичпейт. Мурда бир аз сеп этип койсок, азыр калып баратат. Анын үстүнө ден-соолукка да жакпай баратат.

– Депрессиядан кантип чыгасыз?
– Депрессиядан чыгуунун жакшы жолу эле бул көңүл ачып, досторуң менен жолугуп, жаратылышка чыгып, спорт менен машыгуу. Бассейнге, мончого түшүү.

Дилбар Алимова