Алмазбек Атамбаев, КР Президенти: “Биз демократиялык жолду тандадык, ушул жолубуздан эч качан кайтпайбыз”

Atambaev ayaly menenКыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Европанын беш өлкөсүндө иш сапары менен жүрөт. Сапар Австриядан башталып, андан соң Францияда уланды. Дагы Германия, Швейцария, Бельгия өлкөлөрүндө болот.

Президент Алмазбек Атамбаев алгач Австриянын Федералдык Президенти Хайнц Фишер менен жолугушту. Президенттик ак сарайдагы расмий кабыл алуу аземинен кийин өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Президент Алмазбек Атамбаев менен Австриянын Федералдык Президенти Хайнц Фишер эл аралык абал боюнча пикир алмашып, Борбордук Азиядагы жана Украинадагы кырдаалды талкуулап, Кыргызстан менен Европа союзунун ортосунда мындан аркы өз ара кызматташуунун негизги багыттары боюнча ойлорун айтышты.
Эки жыл мурда мен расмий сапар менен Кыргызстанда болгом, азыр Сизди бул жерде кабыл алууга абдан куштармын. Сиз жооп иретинде Австрияга келүү тууралуу чечим кабыл алганыңызга абдан ыраазымын. Мунун өзү өлкөлөрүбүздүн ортосундагы жакшы кызматташуунун мыкты белгиси. Биздин өлкөлөрүбүздүн көп жалпылыктары бар, Кыргызстан – парламенттик башкаруудагы, демократиялык принциптерди туу туткан өлкө. Демократия – татаал иш, ошондуктан биз Кыргызстандын өнүгүүнүн демократиялык жолун тандап алгандыгын колдойбуз”, – деди Хайнц Фишер.

Австриянын Президенти Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга, тактап айтканда коррупцияга каршы күрөшкө токтолду: “Биз Кыргызстандын Эл аралык антикоррупциялык академияга кошулуу тууралуу чечимин колдойбуз”. Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна кирүү боюнча маселесине келгенде Хайнц Фишер, бул чечимди Кыргызстан жеке өзү гана кабыл алышы керектигин, ошондой эле Европа союзунун мамлекеттери менен болгон мамилелердин мындан ары да өнүгүшүн кубаттаарын билдирди.

Өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Европа союзунун элдеринин жалпы демократиялык баалуулуктары бар экендигин жана эки мамлекеттин ортосунда ишке ашырылбаган кызматташуу потенциалын белгилеп өттү. “Бизди Европа союзунун беш мамлекетине чакыруу менен Европа Кыргызстанда демократия орнотулуп жаткандыгына ишеним артып кабыл алгандыгын билдирет. Экономикада жана саясатта биригип, көп нерселерди ишке ашырабыз деп ишенем”, – деди Алмазбек Атамбаев. Аны менен катар Европалык экономикалык союз тууралуу да айтты. “Евразиялык экономикалык союзга кирген мамлекеттер жалпы экономикалык кызыкчылык бар экендигин жакшы билишет. Бирок уюмдун ар бир мүчө-мамлекетинин саясатта жекече өнүгүү жолу бар. Биз демократиялык жолду тандадык, ушул жолубуздан эч качан кайтпайбыз”, – деди Алмазбек Атамбаев.

Ошону менен бирге, мамлекет башчысы Украинадагы кырдаал тууралуу да оюн билдирди. Азыркы түзүлгөн кырдаалды оңдоо үчүн Минск макулдашуусун бардык тараптар тең аткаруусу зарыл экендигин баса белгиледи. “Өз ара тирешүү жакшылыкка алып келбейт, кырдаалды гана курчутат”,- деди Алмазбек Атамбаев. Мамлекет башчысынын айтымында, Россия тарап Европа менен болгон мамилени жөнгө салууга жана Украинадагы согушту токтотууга кызыктар. Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрү аяктаган соң, алардын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Австрия Республикасынын Эл аралык жана европалык иштер министрлигинин ортосунда 2015-2016-жылдарга карата Кызматташуу программасына кол коюлду.

Андан соң, Президент Алмазбек Атамбаев жана Австриянын Федералдык Президенти Хайнц Фишер биргелешкен пресс-конференция өткөрүштү. Ошол эле күнү А. Атамбаев кыргыз-австриялык бизнес-форумга катышты. Ал жерде мамлекет башчы Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, өлкөгө ишкерлерди инвестор болууга чакырды.

Андан ары Президент БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов , ЕККУнун Башкы катчысы Ламберто Заньер менен жолугушуп, биргелешип кызматташууну талкууга алышты.

Сапардын кийинки күнү Францияда уланып, Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-француз бизнес-форумуна катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө 800 000 ашуун ишкананы бириктирген Франциянын Ишкерлер союзунун жетекчилери жана өкүлдөрү менен, ошондой эле төрага Жан Бюррел менен жолуккандыгына сыймыктанаарын билдирди. Президент кыргызстандыктар Францияга, анын тарыхына, адабиятына жана маданиятына өзгөчө сезим менен мамиле жасаарын белгиледи.
Президенттин сапары Европанын дагы башка өлкөлөрүндө уланат. Евробиримдик Кыргызстандын президентин атайын сапар менен чакырып жатканын өлкөбүздөгү демократиялык өнүгүүнү, реформаларды колдоп атканы катары түшүнүүгө болот

Акылбек Чынтемиров