“Алмазбек Шаршенович! Ошондо “бир күн кайрылармын” деп айттыңыз эле”

KatРедакциябызга Ысык-Көл областынын Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылдык депутаттарынан жана тургундарынан президенттин атына жазылган кат келген.

Биздин кайрылуубуздун себеби Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы Таалай Куланбаев менен айылдык кеңештин төрагасы Кубат Орозалиев мыйзамсыз иштери менен элди нааразы кылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарына, Өкмөткө, Башкы прокуратурага кайрылганыбыздан эч кандай майнап чыкпай келет.
Айыл башчысы Куланбаев жайыттар мамлекеттин менчиги экенин билип туруп, жеке менчикке бир нече гектарларды берип салган. Бирок мыйзамсыз иш-аракеттер далилденгени менен, жогоруда аты аталган адамдар жер иштетүү укугуна ээ болушкан. Куланбаевдин иштери боюнча кылмыш иши козголсо дагы, райондук сот аны жазадан куткарып жиберип келет. Анткени, жер сатып алгандардын бирөөсүнүн уулу прокуратура кызматында иштейт экен.
2009-жылы жайыт пайдалануучулар Асаналиевди жайыт комитетинин төрагалыгынан алып, анын ордуна Төлөнгүтовду шайлашкан. Бирок жайыттар үчүн төлөнгөн акча каражаттарын Төлөнгүтов менен Асаналиев өз максаттарына жумшашкан. Ал эми райондор аралык сот Көк-Мойнок айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары мамлекетке карыз дешүүдө. Аталган факты боюнча биз эсептөө палатасына кайрылганбыз, бирок жыйынтык чыккан жок.
Биздеги Көк-Мойнок МЖКХ ишканасынын карамагында МТЗ-82 трактор чиркегичи менен, сеялка, пресс-подборщик, комбайн, эксковатор жана ХОВО машинасы бар. Бирок ушул техника элге кызмат кылбай келатат. МЖКХ айыл аймагынын эмес, айылдык кеңештин алдында түзүлгөнү мыйзамга да каршы келет экен. Аталган техника эч кандай тарифтерге баш ийбей, айыл башчынын туугандарынын короосунда, жеке адамга кызмат кылууда. 2014-жылы “Кумтөр” ишканасы тарабынан жергиликтүү элге жардам катарында көмүр түшүрүлгөн. Ал үчүн айыл өкмөт башчысы элден 300-500 сомдон жол кире катары чогултуп алган. Негизи “Кумтөр” өзү ал көмүрдү бекер алып келип берген болчу.
Таалай Куланбаев менен айылдык кеңештин төрагасы Орозалиев 2012-жылы айыл аймагынын бюджетин кворумсуз бекиттирип алышса, кийинки жылы деле айыл бюджетин кабыл алуу мыйзам бузуулар менен коштолгон. Айылдык кеңештин санын 13 депутат түзгөн, ал эми бул жыйынга 6 гана депутат катышкан. Мында кол койгон эки депутаттын колу жасалма экени аныкталып отурат. Айыл кеңешинин төрагасы бир да жолу сессия өткөргөн жок. Депутаттын үйүнө келип кол койдуруп алат. Өзүн түшпөс хан сезип алган.
Айылдык кеңештин төрагасы Орозалиев райондук сот тарабынан кесилип, бирок мунапыс боюнча кутулуп чыккан. Куланбаев Таш-Сарай айылчасынын тургундарынын салыгын эки жыл бою албай койгон. Өзү ушул айылдан 42 теректи кыйдырып, өз кызыкчылыгына пайдаланган. Таалай Куланбаев Көк-Мойнок-1, Көк-Мойнок-2, ДЭУ айылдарынын тургундары менен жолугушууларды такыр өткөрбөйт, жылдык отчет бербей, элдин көйгөйлүү маселелерин чечпей келе жатат.
Жогорку Кеӊештин депутаттарына кайрылсак, алар айыл өкмөттүн деңгээлине түшкүсү келбей эле, кат жиберип коюшат экен. Прокуратура органдары болсо, үстөлдүн үстүндөгү даяр жообун жиберип коюшат. Депутаттар Кенжебек Бокоевге, Нышановго кайрылганыбызда, алар атайын комиссия түзүп жиберишти. Анын жыйынтыгында, Кыргыз өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы тарабынан мыйзамсыз жол менен 440 гектар жер берилгени ачыкка чыкты. Ал эми депутат Кенжебек Бокоевдин катына Ысык-Көл облустук прокурору А.Какеев жооп жазып, “Көмүр түшүрүү үчүн элден чогултулган 60 миң сом акча айыл өкмөтүнүн атайын эсебинде турат” деп билдирип атат. Атайын эсеп деген качан эле жоюлуп кеткенин прокуратура органдары билбейби? Андан сырткары 120 миң сом Көк-Мойнок айылындагы айылдык клубга бильярд столун алууга жумшалды деп билдирген. Бул айылда айылдык клуб жок, анан бильярд столун каякка алып жатат?
Мына ушуга окшогон мыйзамсыз иштер абдан көп, бирок тиешелүү чаралар көрүлбөй келатканы бизди кабатыр кылат.
Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Сиз 2009-жылы Курманбек Бакиев менен президенттик шайлоого ат салышып чыгып, Балыкчыда балдар кармалганда, биз тараптан өтүп баратып, “Көк-Мойнок-2” айылыбыздагы боз үйгө тийип, кымыз ичкениңиз эсиңизде болсо керек. Ошондо “бир күнү силерге кайрылармын” деп айткан элеңиз. Ушул мыйзам бузууларды адилет каратып бересиз деген үмүтүбүз чоң.

Султанов Кулмамат, Султанов Кубан, Кыдыралиева Майрам, жана Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн 28 тургуну кол койгон.