Алтынай Нарбаева, КРнын Эмгек сиӊирген артисти: «Жолдошум тамеки тартат, жолдошумду жыттаганда апам эсиме түшөт»

Altynay Narbaeva

– Жаз менен кошо элге жандуу үн менен концерт тартуулаганы турасыз. Даярдыктарыӊыз кандай?
– Концертке күнү-түнү чуркап, ыр жаздырып, даярданып аткан кезим. Оркестрдин, аккордеондун, ошондой эле эстрада жанрындагы ырлардын коштоосунда жандуу концерт бергени турам. Мэриянын алдында чоӊ эстрадалык оркестрде иштейм. Көркөм жетекчибиз – КРнын Эл артисти Муратбек Бегалиев, дирижерубуз – КРнын Эл артисти Бакыт Тилегенов.Ушундай залкар адамдардын кол алдында иштегениме бактылуумун. Кичинекейимде эӊсеген эӊсөөм оркестрдин коштоосунда ырдоо эле.Чоӊ оркестрде ырдагандар – кандай бактылуу адамдар, ошолордой болуп бир жолу ырдап дүйнөдөн өтсөм ыраазымын дечүмүн. Бала кезимдеги эӊсөөм, тилектерим кабыл болуп, эми элдин кучагында жүрөм. Чыгармачылыкка аралашканыма 15 жылдай болуп калды десем болот, ошондон бери жылдан жылга жаӊылануу менен, жаӊы эргүү менен концерт берип келем. Министрибиз Алтынбек Максүтов былтыр филармониянын режиссеру болгон учурда концертибиз аябай жакшы өткөн. Быйыл да даярданып, колдон келген аракеттердин баарын көрүп жатабыз. Буюрса, концертиме келген күйөрмандарым менин жандуу үн менен аткарган ырларымдан, чыгармачылыгымдан 100 пайыз ырахат алып кетишет деп айта алам.

– Апа тууралуу ырдаганда дайыма көзүӊүзгө жаш аласыз…
– Апа деген – ченеми жок энциклопедия, апа – сенин мугалимиӊ, жыгылсаӊ таянар тооӊ, дүйнөдөгү эӊ асыл адамыӊ. Качан барба – ар дайым кучак жайып тосуп алган ырыс- кешигиӊ болот экен. Мен барганда апамдын кубанычы койнуна батпай калар эле. Атам апамдан мурда өтүп кетти. Атам жоош, ак көӊүл, дардаӊдаган адам эле, анан да бою узун болчу. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан, кийин жакшы кызматтарда иштеди. Мен кичүү кызы элем, 6-7класска чейин артыма массаж жасаганда уктап калчумун. Жаны тынбай, оокатты көп жасагандыктан, колдору куудурап турар эле. Эненин мээримине эч нерсе жетпейт экен, үйгө эч нерсени ойлонбой келесиӊ, жер энедей болуп баардык тапканын, жыйган-тергенин эч кимге бербей бекитип, «студент кызыма» деп сактап коер эле. Эжелерим айылга турмушка чыгышкан, ал эми мен шаардан барганда эч ким менен сүйлөшкүсү келбей, мени жанынан чыгарбай, атүгүл башкалардан кызганып да кетчү. Турмушка чыканымда да жаман болуп жүрдү, анткени чоӊойгончо эле апамдын койнунда жатып жүрүп, жаныбыз бирге болуп калган окшойт. Кийин 10-11-класска барганда араӊ «тепкилейсиӊ» деген шылтоо менен бөлгөн эле. Апамдын жыты башкача болчу. Ден соолугуна байланыштуу врачтар түтүн керек деп, кичинеден тамеки тартып жүрүп көнүп кеткен эле. Элдин апалары башкача жыттанса, менин апам тамеки жыттанып турчу. Азыр жолдошум тамеки тартат, жолдошумду жыттаганда апам эсиме түшөт. Апам мени ар дайым маӊдайымдан сылачу, балдарыӊдын маӊдайынан сыласаӊ бактылуу болот деп айтар эле.

– Депрессияга түштүӊүз беле, андан чыгуунун кандай жолдорун издейсиз?
– Негизи 10 жылдан бери эле депрессияда жүрөм. Атамды, энемди, агамды, эки инимди жоготтум. Жөнкөй депрессия эмес, тереӊ депрессияда жүрөм ушул күнгө чейин. Үй-бүлөм, жанымдагы жоро-жолдошторум чыйралтып, тирек болушуп, анан көбүнчө ыр, музыка мени алаксытып, жашоого дем берип келет. Жакында эле агамдын ашы болуп, барып келдим. Арты жакшылык болсун деп быйыл там той берейин деген ниетте турам.

– Кайгыӊызды, капаӊызды ким менен бөлүшөсүз?
– Менде дос деле жок. Мектепте, техникумда чогуу окуп, чогуу иштеген Жумагүл аттуу дос кызым бар эле, өмүрү кыска экен, дүйнө салып кетти. Ошондон кийин дос деле күткөн жокмун. Курбуларым бар, бирок жан дүйнөмдү акчкан адамым жок. Толук бирөөгө сырыӊды ачуу болбойт экен. А бирок опера жана балет театрынын солисти Бактыгүл Бокоеваны эжем дагы, сиӊдим дагы болуп калды деп айта алам. Ага ыйлаганда ыйлап, сүйүнгөндө күлүп алам. Экөөбүз «чек арасы жок» сүйлөшөбүз, бири-бирибизди түшүнөбүз, колдойбуз. Жашы кичүү болсо да, мага кеп-кеӊешин айтып турат.

– Сөздү жеке жашооӊузга бурсак, жолдошуӊуз менен сүйлөшүп жүрүп баш коштуӊуз беле?
– Ал кезде мен Арабаев атындагы институтта, жолдошум политехте студент элек. Мен да, ал да группабыздын старостасы болчубуз. Аларда жалаӊ балдар, бизде жалаӊ кыздар окучубуз. Эки группа дос болуп жүрүп сүйлөшүп кеткенбиз. Бир жылдан соӊ баш коштук. Азыр бир уул, бир кыздын ата-энесибиз. Кызыбыз Акмарал Жогорку сотто иштейт, уулубуз Темирлан Эл аралык университетти быйыл бүтөт. Балдарыбыз – эки канатыбыз. Түтүн булатканыбызга 25 жылдын жүзү болду. Эки эле балабыз бар деп айтпайбыз, кайын журтумдан, төркүнүмдөн жылда студенттер келет. Ошолорду багып, уядан учуруп турабыз.

– Бир интервьюӊуздан «Кечинде үйгө келгенде колум толтура пакет, чөнтөгүм толтура акча менен келсем да, кээде жакшы, кээде жаман кабыл алат» деп айтканыӊызды окуп калдым эле. Колду шилтеп чыгармачылыгыӊызды түшүнгөн адамга кетип калгыӊыз келбейби?
– Андай болушу мүмкүн эмес. Себеби үй-бүлөӊ – сенин уяӊ. Башка нерсенин кызыкчылыгын үй-бүлөдөн кийин коюш керек. Үй-бүлөӊдүн тынчтыгы – сенин дүйнөӊдүн тынчтыгы. Акчаны сапырып келсеӊ да, баары бир эркектин алдында сен жөн гана аялсыӊ деп кээде тамашалап калам. Үйдө аялдык, энелик, кожойкелик милдетиӊди аткарып турушуӊ керек. Ошонун баарын чогуу алып кетүү чындыгында чыгармачыл адамдар үчүн, өзгөчө аялдар үчүн татаал. Бирок ошого карабастан сүӊгүп кирип кеткенбиз, бизге артка жол жок.

-Анда өзүӊүздү татыктуу жубаймын деп эсептейсизби?
-Кандай аял экенимди жолдошум айтышы керек го. Балдарымдын айтуусу боюнча, жакшы энемин, ак көӊүл, боорукер, кечиримдүү, эмгекчил, мээримдүсүз деп баалап калышат. Өзүм мугалим болгондон кийин Лениндин «Тарбиячы тарбиялуу болушу керек» деген урааны менен иштейм. Балдарыӊ жакшы чыкса, демек жакшы эне экениӊ ошол да.

– Чыгармачылыкта кандай жаӊылыктарыӊыз бар?
– Чыныбай Жолдошевдин Зайырбек Ажыматовдун сөзүнө жазылган «Жарты кайык» деген ыры азыр «Санжыра» радиосунан кетип атат. Менин тагдырымды эмнеге мынча ашкерелеп, элге жарыялап ырдап атасыӊ деген күйөрмандарым болуп атат. Себеби бул «Жарты кайыкта» турмуштун кайыгын жалгыз өзү алып кетип бараткан адамдын кайгысы, жан дүйнөсүнүн аӊгырап бош калгандыгы ырдалат. Андан тышкары Рустам Аттокуровдун «Түгөйүмө», Гүлшайыр Садыбакасованын «Барсыӊбы» деген ырларын ырдап атам. Калгандары сыр болуп турсун, концертимде көп-көп жаӊы ырларга күбө болосуздар.

Шайыр Назарбек кызы