Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү: “Жоомарт Оторбаев бечелдигин көрсөтүп келатат”

Altynbek Sulaymanov-Алтынбек мырза, өлкөдөгү азыркы саясий кырдаалга кандай баа бересиз?
-Бүгүнкү саясий кырдаалды жакшы, стабилдүү деп айтканга дегеле болбойт. Экономикалык да, саясий да абал опурталдуу, ойлондурарлык болуп турат. Дүйнөдө жүрүп жаткан экономикалык, финансылык кризис бизге да баш багып, аны саясий максатта пайдаланып, саясий кырдаалды дестабилдештиргиси келген күчтөр ичте да, сыртта да жок эмес. Адатта саясий абал экономикалык кырдаалдын жакшы эместигинен курчуйт эмеспи. Бул жагынан алсак, саясий кырдаалдын оорлошуусуна бизде негиздер бардай болуп турат. Анткени, экономикалык абалыбыз жакшы эмес. Бажы биримдигине киргенден кийин абалыбыз дагы оорлоп, кыйынчылыктар болору айтылып, жазылууда. Ошол эле убакта оптимисттик да баалар берилип жатат. Бирок өкмөт антикризистик программа сунуш кылмак турсун, Бажы биримдигинин артыкчылыктарын түшүндүрө албай койду.

-Бийлик тарап бардыгы тынч деп атса, оппозиция революциялык кырдаал түзүлгөнүн айтууда. Кимисиники туура?
– Жогоруда айткандай, экономикалык абал оор. Бийлик башындагылар менен оппозиялык ж.б. күчтөрдүн ортосунда диалог жок болуп жатат, тил табыша албай келишет. Кыргызстан деген бир кемеде баратканыбыз менен биримдик, түшүнүүчүлүк, максатка бирге умтулуу болбой жатат. Бийликтегилер өз кызмат орундарын сактап калуунун камын көрүшсө, оппозициядагылар бийликке жетүү үчүн саясий кырдаалды курчуткандан артка тартпачудай болуп турушат. Бирок менин айтарым, биз мындан ары революция дегенди оозго албасак жакшы болор эле. Эки революцияны баштан кечирдик, үчүнчүсү кыргыз эли, Кыргызстан үчүн ашыкча гана болот. Революциясыз эле мыйзам чегинде, цивилдүү түрдө бийлик бутактары түзүлсө дейм. Жеке мен мындан ары революциянын болуусуна караманча каршымын. Керек болсо революциялык жол менен Кыргызстанда бийликти алмаштыргысы келгендерге туура түшүндүрүп, алардын мындай аракеттерин мыйзамдуу жолго салыш керек.

-«Кумтөр» маселеси боюнча позицияңыз кандай?
-«Кумтөргө» байланышкан чыр 20 жылдан бери аягына чыкпай койду. Мен бул маселени чечүүдө 3 жолду көрүп турам. Биринчиси, «Центерра” менен бир мунасага, чечимге келип, ишти алдыга жылдыруу абзел. Экинчиси, бир чечимге келүүдө Кыргызстан тараптын улуттук кызыкчылыктары тиешелүү деңгээлде корголбой, эске алынбай калчу болсо, анда улутташтырууга баруу зарыл. Албетте, бул айтууга жеңил болгону менен арты бүдөмүк, опурталдуу чечим болушу ыктымал. Ошол эле убакта экологиялык запкы боюнча соттошуу жолу да бар, бирок ал жол көп жылдарга созулуп да кетиши мүмкүн.

-Ушул «Кумтөр» маселесинин айынан өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин өкмөтү садагага чабылып кетчүдөй болуп турат. Коалиция кулашы мүмкүнбү? Кайра кимдер түзүүсү ыктымал?
-Эгерде «Кумтөр» боюнча сүйлөшүүлөрдү оң жыйынтыктап, бир чечимге келалбаса, бүгүнкү өкмөттүн кетиши толук мүмкүн. Аны жокко чыгарууга болбойт. Бардыгы азыркы өкмөттүн аракетине жараша болот. Мында коалициянын ыдырашы күтүлбөй койбойт. Төрт жылда 4 коалиция алмашты. «Кумтөрдүн» шылтоосу менен бул жолу да коалиция кулай турган болсо, анда кайра эле азыркы коалициядагы 3 фракция жаңы коалицияны түзүшү ыктымал.

-Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстаны» менен бирикпей жатып эки башка кеттиңиздер. Буга башкаруу системасы боюнча пикириңиздер келишпей, башка жолго түшкөнүңүздөр айтылды. Коомчулукка айтылбаган башка себептери да болсо керек?
-Ар бир партиянын, саясий күчтүн өз багыты, принциптери болот экен. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы көптөн бери эле президенттик башкаруу формасына кайтууну жактап келет. Балким, алардын да өз чындыгы, билгени бардыр. Бирок биз, бир болчулар бүгүнкү парламенттик-президенттик башкарууну жактап келебиз. Бирикпей калуубузга негизинен ушул маселе себепчи болгону чындык. Бирок жалгыз эле ушул маселеге байлаганыбыз да туура эмес болуп калат. «Бүтүн Кыргызстан» партиясында да, бизде да өздөрүнүн калыптанган ойлору, пикир, көз караштары бар жоон топ саясатчы, инсандар бар. Мына ушул жоон топ саясатчылардын тигил же бул маселелердеги позициялары да себепчи болду.

-Сиздердин партияңыздарды Бакиевдер атайын реванш алуу үчүн даярдап жатат деген маалыматтар айтылган эле. Буга кандай дейсиз?
-Ушул Акаевчи, Бакиевчи, Отунбаевачы дегендей түшүнүктөрдөн арылсак жакшы болот эле. Ушундай бөлүнүүдөн эл деле жадап бүттү. Бул эми элди түндүк-түштүк деп бөлгөндөй эле кеп. Тигил же бул президенттин тушунда кызматтарда жүргөнү үчүн минтип байлай берүү туура эмес да. Эртең азыркы бийликтегилерди Атамбаевчилер деп атай баштайбызбы? Минтип тигил же бул бийликке байлоо эч кимге упай алып келбейт. «Бакиевдер реванш алганы жатыптыр…» дегени жөн гана биздин атаандаштардын, бизден чочулагандардын ойлоп чыгаргандары. Тилекке каршы, мындай чындыктан алыс маалыматтарды таркатып, эл алдында каралоо, жаманатты кылуу кыргыз саясатындагы көндүм көрүнүшкө айланып калбадыбы. Мен биздин партия тууралуу канчалык негативдүү маалыматтар айтылып, жазылса, демек, бизден чочулап, кооптонуп жатышкан экен деп түшүнөм. Эч кимге ысыгы- суугу жоктор менен эч кимдин деле иши болбойт эмеспи.

-Эми «Бир Бол» кайсыл күчтөр менен биригиши мүмкүн?
-Партиянын талапкерлеринин акыркы тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенге чейин биздин башка саясий күчтөр менен сүйлөшүүлөрүбүз улантыла берет. Негизи партиялардын биригүүсү жакшы көрүнүш, мен колдойм. Андыктан «Бир Бол» партиясынын да башка партиялар менен биригүүгө баруусуна түз көз караштамын. Сүйлөшүүлөр азыр деле жүрүп атат. Бирок тигил же бул партиялар менен биригебиз деп так айта албайм. Негизинен, башынан эле шайлоого өзүбүз катышабыз деп келатабыз.

-«Республика» партиясынан бөлүнүп кетишиңизге эмне себеп болгон? Ал партиянын лидери Өмүрбек Бабанов менен мамилеңиздер кандай?
-Өмүрбек Токтогулович менен мурда мамилем кандай болсо, азыр деле ошол бойдон. Ортобузда кандайдыр талаш-тартыш, пикир келишпестик жок, саламыбыз түз. Ал эми «Республика» партиясынан чыгып кетүүбүзгө саясаттагы санаалаш, ниеттештер менен биргеликте өз алдынча партия түзүүбүз себеп болду. Кыргызстандын бүгүнү, эртеңи, жакынкы жана алыскы келечеги боюнча “Бир Бол” партиясынын башкалардан өзгөчөлөнгөн стратегиясы, программасы бар. Биз партияны эптеп эле парламентке депутат болуп шайланып баралы деп түзгөн жокпуз. Буйруса, эл «Бир Бол» партиясынын максат, мүдөөсүн алдыдагы шайлоонун жыйынтыгы менен көрө алышат.

-Парламенттин бул чакырылышы өз ишин жыйынтыктап атат. Кандай иштеди деп баа бересиз?
-Эгемен Кыргызстандын тарыхында азыркы парламенттей коомчулуктун сынын көп уккан парламент болбосо керек. Коомчулукта бүгүнкү парламент жакшы иштей албады, милдетин аткара алган жок дегендей нааразылыктар көп. Бул балким, бүгүнкү башкаруу системасынын алгачкы чакырылыштагы парламенти болгону үчүн болсо керек. Бирок эл, коомчулук эмне дебесин, учурдагы парламент президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өткөн өткөөл мезгилде өз миссиясын татыктуу аткара алды деп айтсак болот. 2010-жылдан кийинки саясий стабилдүүлүктү камсыз кылууда бүгүнкү парламенттин салымы да аз болгон жок. Эми кийинки чакырылыштагы парламент, фракциялар бүгүнкү кетирген кемчиликтерди, туура эместиктерди, мүчүлүштүктөрдү кайталабоого аракет кылып, бүгүнкүдөн сабак алышса, менимче, кийинки чакырылыштагы парламент сапаттык жаңы баскычка көтөрүлбөй койбойт. Бул жагынан бүгүнкү чакырылыштагы парламент жаңы системадагы туңгуч парламент катары тарыхта кезиндеги легендарлуу парламенттей эле татыктуу баасын алса керек.

-Өкмөттүн ишмердүүлүгүн кандай баалайсыз?
-Өкмөттүн иши тууралуу айтсам, Жоомарт Оторбаевдин иши канааттандырбайт. Көп маселелерде чабалдыкка жол берүүдө. Ошол эле «Кумтөр» маселесинде бечелдигин көрсөтүп келатат. Жетишкендик, ийгиликтерди камсыз кыла алган жок. Конституцияга ылайык, ыйгарым укуктары жетиштүү болгонуна карабай президенттин, парламенттин көзүн караганга өтүп алды. Экономикалык, социалдык маселелердеги көрсөткүчтөр жакшы эмес.

Мирлан Дүйшөнбаев