Анапияевди өлтүргөн деген шек менен Айбек Абдразаковдун кармалганы чын

Kalmamat Anapiyaev
Буга чейин Минск шаарында Алманбет Анапияевди өлтүрүүгө шектүү делинип Кыргызстандын Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Айбек Абдыразаков кармалган деген маалыматтар тараган эле. Бирок, бул боюнча Белоруссия расмий билдирүү жасабай койгон. Айбек аттуу жарандын беларус укук коргоо органдары тарабынан кармалганын Алманбет Анапияевдин бир тууганы Калмамат Анапияев 7-март күнү “Кабарлар.kg” маалымат сайтына берген маегинде тастыктаган.

– Акыркы эки жылы Дубайда жашаган. Мен да Дубайда жашап жатат деп билемин. 19-февраль күнү Алманбет өтүп кетиптир деп кабар келгенде, мен Дубайга барам деп жеңил кийимдер менен даярданып Бишкекке барганмын. Минскиде экенин Бишкекке келгенде уктум. Алгач Минскиге барганда эле «Юристтер менен мыйзам чегинде иш алып барсам, мага жеңил болот» деген ой менен Кыргызстандын Беларуссиядагы элчисине бардым. Тилекке каршы, ал жерде юристтер жок экен. Элчи менен сүйлөшсөм «Сөөктү Кыргызстанга алып кеткенге керектүү документтерди топтоп, колубуздан келген жардамыбызды беребиз» дешти. Андан чыгып, Алманбеттин өлүмү боюнча иш алып барып жаткан Москва районунун оперлерине барып жолуктум. Ошол жерден биз Алманбеттин өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен бир адамды киргиздик. Ал Казакстандын жараны болуп келип, бул жердин жарандыгын алган экен. Фамилиясын унутуп атам. Аты Айдин. Бирок, кийин тактап сураштырсам, ал Кыргызстандын милиция кызматкеринде иштеген Айбек деген жигит экен. Беларуссияда эч бир жерге баш ийбеген тергөөчүлүк комитет бар экен. Ошол комитет да бул иш боюнча өзүнчө бир топ түзүп, ишти иликтеп жатыптыр. Алардын тергөөчүлөрү менен жолугуп, сүйлөшүп, «Сөөктү тааныганга киргизгиле» деп суранып атып алтынчы күнү моргго кирдим. А мен өзүм Беларуссияга жума күнү баргам. Ошентип, сөөктү биринчи күнү мага беришмек. Бирок биринчи күнү Интерполдон «Бир тууганы келген болсо, бир тууганынын ДНКсын алып текшергиле. Эгерде экөөнүн анализи туура келсе чыгарып бергиле» деген кабар келген экен. Себеби ал жакта Шакиров деген паспорт менен жүрөт экен. Биздеги паспорту боюнча Алманбет Анапияев да.

Так маалыматты билбей туруп жакын адамдарынан шек санаганыңызды кантип түшүнсөк болот?
– Мен Назгүл Насиевадан күмөн санаганым чын. Себеби, маалыматты жанында жүргөн же байланышып жүргөн адам гана билет. Кыргыздын «Душманыңды алыстан издебе» деген жакшы сөзү бар. Эгер жаныңда жүргөн адам сатпаса, башка жерден келген адам сенин каякта, ким менен жүргөнүңдү билбейт да. Бул деле ошондой эле маалымат. Назгүл Насиева менен дайыма байланышып жүргөн. Мен Назгүл Насиева өлтүрдү деген жокмун. Мен Назгүл Насиева Алманбеттин каякта жүргөндүгү тууралуу маалымат берип коюшу мүмкүн деген версияны айтып атам.

– Маркумдун акыркы өмүр сапарына чейин жанында болуп, бүгүнкү күндө көрсөтмө берип аткан Гүлжигитке эмнеге ишенбей атасыз?
– Менин кайгымды эч кимдин башына салбасын. Мен кайгырып инимди алып келе жатканда берилген суроолорго эмне деп жооп бергенимди билбейм. Балким, жолдон келе жатканда бирөөлөр бир нерсени сурашса айтып койгондурмун. Ага чейин жыйырма бешинде мага балдар «Гүлжигит келди. Көрсөтмө берип атат. Жаныш Бакиев менен жанындагы «хачик» бала өлтүрүптүр» деген маалыматты айтышкан. Мен эртеси интернеттен Гүлжигиттин берген көрсөтмөсүн көрүп, тергөөчүлөр комитетине барып «Мен азыр интернеттен видеону көрдүм. Ал жерде Гүлжигит Кыргызстанга барып көрсөтмө берди. Менин оюмча, ал айтып аткан киши – Жаныш Бакиев. Эмне себептен Жаныш Бакиевди камабай жатасыңар? Эгер кааласаңар, ал киши менен ишти алып барып аткан тергөөчү жана тергөө комитетинин жетекчиси менен беттештирип туруп дагы айтып бере алам. Мен алардын жанында «Эгер чындап иштеп жаткан болсоңор Жаныш Бакиевди киргизесиңер» деп эки саат отурдум. Анан менин убактым болуп калып кете бердим.

Булак: Кабарлар.kg