Анарбек Калматов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Чолпон Турсуновнанын кызы ак кол эмес, жакшы тарбия көрүптүр”

a_kalmatov

ЖК депутаты Анарбек Калматов мэр Иса Өмүркуловго кылмыш ишинин козголушу, “Кумтөр” маселеси жана үй-бүлөлүк жаңылыктары тууралуу суроолорго жооп берди.

– Анарбек мырза, Бишкек мэри Иса Өмүркуловго кылмыш иши козголду. Бул кадам оппозиция өкүлдөрүнө эле эмес, бийликтегилерге да кылмыш иши козголуп атат деген маанай жаратуубу же мэрдин ишинде чыны менен эле кылмышка негиз барбы?
– Өзүңүздөр билгендей, президент коррупцияга каршы аёосуз күрөш жарыялап, ошол ишке ашып атат. Эл ичинде, саясатчылар ичинде да бир эле партиянын өкүлдөрү кылмыш жообуна тартыла береби дегендей пикирлер жаралып келди. Иса Өмүркуловго кылмыш ишин козгоонун негизи, далили бар деп ойлойм, депутаттык топ 3-4 ай мурун эле иштеп, материалдарды чогултуп беришкен экен, прокуратура ал далилдерди текшерип, иш козгоп атат. Мен оппозиция өкүлдөрүнө эле кылмыш иши козголуп, коалициядагы депутаттарга же башка кызматтагы адамдарга иш козголбой атат деген пикирлерге макул эмесмин. Кылмышка негизи бар адамдардын баарына тегиз эле иш козголуп атат.

– “Кумтөр” маселесинде улутташтыруу жөнүндө да сөз боло баштады. “Кумтөрдү” улутташтырууга барышыбыз мүмкүнбү?
– Өткөндө депутаттар “Кумтөр” маселесин караганда, бизге 67, аларга 33 пайыз үлүш деген реалдуу эмес, эки тарапка тең 50: 50 пайыз дегенди колдоп коёлу деп айтып чыккам. Эгер мурдагы макулдашууларды денонсация кылууга бара турган болсок, ал эми “Кумтөр” тарап буга макул болбосо, анда эмне болот? Анда алар Кыргызстан тарапты сотко берет. Ал эми сот деген ондогон жылдарга созулуп кетиши мүмкүн. Анда биз ошо ондогон жылдар бою алардын үлүшү 67 пайыз бойдон, ал эми биздики 33 пайыз боюнча иштей беребиз. Бул жерде курулай популизмдин кереги жок, популисттик кылбай эле, реалдуу карап, маселени чечсек жакшы болмок.

Элге деле жакшы болмок. “Кумтөрдө” иштеген кыргыз жарандары парламентке келип, ошол жактан тамак таап жеп, оокатын кылып аткандыгы тууралуу айтышпадыбы. Мына, азыркы күндө 33 пайыз үлүш менен деле иштеп атабыз, ал эми аны 50 пайызга чыгарып алсак болмок. Учурда Өкмөт “Кумтөр” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атат, ал кандай жыйынтык алып келет, мен билбейм.

– “Кумтөр” маселеси оңтойлуу чечилбей, талаш-тартыш болуп отуруп, акыры ушул маселе боюнча Өкмөттү отставкага кетирүү шарты коюлушу мүмкүнбү?
– “Кумтөр” маселеси боюнча өкмөттү отставкага кетирүү, менимче туура эмес.болуп калат. Себеби бул 22 жылдан бери чечилбей келаткан маселе экенин өзүңүз жакшы билесиз. Эгер азыркы Өкмөт ушул ишти жасап туруп, жооп бербей аткан болсо, анда кетирсек бир жөн эле. Мурдагы аткаминерлер жасабай кеткен иштерди жасап жана алардын каталыктары үчүн булар жооп берип атышат. Мен юрист катары айтсам, Жогорку Кеңеш депутаттарынын “Кумтөргө” эч кандай деле тиешеси жок. Себеби өкмөт жеке компания менен өздөрү иштей берсе болмок. Мурдагы президенттер өздөрүн жоопкерчиликтен алыстатыш үчүн бул маселени Жогорку Кеңештен ратификациялансын деп коюшкан. Азыр Жогорку Кеңеш кандай чечим кабыл алса, буга ЖК жоопкер болот, анткени ратификациялап беришкен деп айтышат. Мен тышкы иштер минитрлигине да ушул маселе боюнча суроо бердим. Эгер эки жак, өкмөт менен өкмөт макулдашып, анан эки тарап тең ратификация кылган болсо, анда бир жөн эле. Азыр биз тараптан эле ратификация болуп жатпайбы. Өкмөт өзү эле чечип коё турган маселеге депутаттардын башы айланып атат. Жеке компания менен Өкмөт өзү эле макулдашып, чечип, иштей берсе болмок да.

Андай болбой, Өкмөттүн да ар кандайы болуп атпайбы, мамлекетке, элге иштей турган, элди жыргалчылыгын жогорулатып, экономиканы өстүрө турган өкмөт болсо, ушундай эле чечилмек.

– Эми Анарбек мырза, жеке, үй-бүлөлүк маселе тууралуу да бир азыраак сурообуз бар эле. Жакында сиз Чолпон Баекова менен куда болгон турбайсызбы. Кудаңыз кут болсун…
– Рахмат. Эми ушуну да саясат кыласыңарбы. Уулуң болсо, ал үйлөнсө, кудалуу болот экенсиң . Мен Чолпон Турсуновна менен мурун-кийин иштешкен эмесмин, тааныштыгым да жок болчу. Эки бала университетти чогуу окуп бүтүрүшүптүр. Мен ал экөөнүн үйлөнөөрүнөн да кабарым жок болучу, киришкен да эмесмин. Нике кайып буюруп, үйлөнүп калышыптыр.

– Чолпон Турсуновнанын өзүнүн кызы бекен келиниңиз?
– Небереси экен, бирок өздөрү багып, өздөрүнүн наамына жаздырып алган кызы.

– Кудагыйыңыз бизге сыртынан сүрдүү көрүнөт, сиз менен кандай, жакшы эле сүйлөштүбү?
– Кадимкидей эле, куда- кудагыйлардай, жакшы сүйлөштүк. Кудагыйымды бир эле жолу көрдүм. Мурда сүйлөшүп да көргөң эмесмин.

– Уул- келиниңиз иштеп атышабы, кайсы жакта иштешет?
– Келиним Лира мурда жеке компанияда иштечү экен, азыр болсо иштебейт. Уулум Мелис укук коргоо органдарында иштейт. Бул тун уулум.

– Келиниңиз шаардык болсо, анда ак кол болуп, үйдө жумуш жасабайбы?
– Эмнеге? Ак кол эмес, жумуштун баарын эле жасап атат. Аны жакшы тарбиялашыптыр. Жаштар биз менен чогуу жашап атышат, келинимдин чайын ичип атабыз.

Маектешкен Айгүл БАКЕЕВА