Аскар Салымбеков, “Эмгек” партиясынын лидери: “Алдыдагы шайлоодо чатак чыгып кетсин деген күчтөр да болушу мүмкүн”

Askar Salymbekov– Аскар мырза, 9-майдан баштап өлкөбүз Бажы союзуна толук кандуу түрдө мүчө болгону турат. Биздин өлкөбүзгө келген товарлардын басымдуу бөлүгү Кытайдан келээри маалым, анан бул жагдайда Бажы союзу ишкерлерибизге тоскоолдук жаратпайбы?
– Биз Бажы союзуна киребиз дегенден бери эки жыл өттү. Эки жылдын ичинде көп эксперттер, ишкерлер, коомчулук көп эле талкуу кылышты. Башка тажрыйбасы бар мамлекеттер биригип Бажы союзун түзбөдү беле. Алар бизге эки жылдын ичинде алардын кетирген кемчиликтерин кайталап албаганга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Алардын тажрыйбасынан сабак алгыдай шарт түзүлдү. Эки жылдын ичинде бир топ сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Биз он беш жылдан бери реэкспорт мамлекети катары калыптанып калбадыкпы. Биздеги Кытайдан келген товарлар Россия, Казакстан, Ѳзбекстанга кетип турчу да. Анткени, биздин Бажы төлөмдөрүбүз Россия, Казакстанга караганда арзан. Ошону биз 1998-жылы мыйзамдарыбызды туура кабыл алып, анын негизинде соода тармагы аябай көтөрүлүп, «Дордой» базары дүйнөнүн эң ири базарларынын онунун катарына кирбедиби. Учурда бир миллиондой адам соода иши менен алек болуп атат. Бир миллион кишинин тагдырына растаможка кымбаттап, соода тармагында кризиске батабыз го деген кабатырлануулар болгон. Айрыкча, «Дордой», “Кара-Суу”, «Мадина» сыяктуу чоң-чоң соода борборлорунун ишкерлери товарлар кымбаттаса эл кыйналып, банкрот болот экенбиз деп каршы болушкан. Бир жылдан бери Бажы союзуна кирген мамлекеттер чек араны жаап салышкандан улам 20 килограммдан ашык товар өтпөй калды. Базарлардагы товарлардын 20% гана өзүбүздө калып, 80%ы башка өлкөлөргө кетчү да. Ошондон улам биз Бажы союзуна кирбейбиз деген соодагерлер «Биз бул союзга кирип, чек араны ачышыбыз керек экен» деп чыгышты кайра.

– Азыркы коомдук-саясый кырдаалга кандай баа бересиз? Бул кырдаал шайлоо алдында курчуп кетиши мүмкүн деген прогноздор бар. Геосаясаттагы ири оюнчулар өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн ар кандай провокацияларды уюштурушу мүмкүн деген божомолдор айтылып жатпайбы?
– Биз чакан мамлекет болгондон кийин геосаясатка чоң мамлекеттер менен чогуу барып, үнүбүздү билдирсек болот. Ошол Бажы союзуна мүчө болсок, биздин добушубуз катуураак чыгат. Алдыдагы шайлоодо чатак чыгып кетсин деген күчтөр дагы бар. Чатак чыкпаш үчүн биздин бийлигибиз таза шайлоо өткөрүшү керек. Эч кандай күмөн саноо жаратпагандай кылып, бюллетендерди ачык коюп санашса, шайлоонун жыйынтыгына эл ишенсе, эч кандай провокация болбойт. Эгер утуп кетсе, жакшы иштеген болот. Утулуп калса, жакшы иштеген жок дегенди түшүндүрөт. Утулуп калган партиялар болсо, жыгылган күрөшкө тойбойт болбой, шайлоонун жыйынтыгын моюнга алып, кийинки шайлоолорго даярдык көрүшү зарыл. Беш жыл деле бат эле өтүп кетет.

– «Эмгек» партиясы «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен биригет деген сөздөр айтылып жатат. Бул сөздөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
– «Ѳнүгүү-Прогресс» партиясы, «Бир бол» партиясы менен бириксек, теңме тең болуп бириксек деген ойду айтып жатабыз. Айрымдары “Силер жаңы партиясыңар, биз көптөн бери иштеп жатабыз, күчүбүз бар” дегендер да болуп атат. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ким менен биригебиз, кандай болобуз – аны азырынча айта албайм. Бириксек, тең ата шартта гана биригебиз.

Дилбар Алимова