Атадан кем уулдар

Кыргызда «Аккан арыктан суу агат» деген сөз бар. Бирок бул дайыма эле андай эмес окшобойбу, кыргызда бекеринен атадан кем уул, атага тең уул, атадан артык уул деп айтылбайт тура. Буга төмөндөгү ата ысымдарына көлөкө түшүрүп келаткан айрым аткаминерлердин бейнелери менен таанышканда ынана аласыз, окурман.

Sadykov KanatАткаминер эле эмес, адис катары да чабал…
Кыргыз Эл акыны, кезинде Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп, адабият, маданият тармагындагы жетекчилик кызматтарды аркалаган акын, котормочу Жалил Садыковдун уулу Канат Садыков узак убакытка билим берүү министри болуп иштеди. Тармакты көтөрүп, көйгөйлөрдү чечип ийгендиктен узакка иштедиби десек, министр катары эч нерсени  кыйратпады. Ал кызматка келгенден кеткенге чейин өзүнө карата айтылган сындардан арылган жок. Карап көрсөк, сөз кылып, мисалга тартарлык иш кылбаптыр. Тескерисинче, ал министр болуп турганда билим берүү тармагында коррупция деген балакет болуп көрбөгөндөй тамырын жайгандыгы аныкталды. Медициналык академияга, Кыргыз-орус славян университетине студенттерди коррупциялык схема менен өткөргөнү ачыкталганы менен кылмыш жообуна тартыла элек.
Бул жагынан алганда Канат мырза атактуу атасынын ысымына татыктуу боло албады деп ишенимдүү айтсак болот. Аткаминер эле эмес, адис катары да чабалдыгын көрсөттү. Орус тили жана адабияты боюнча адис экенине карабай тоталдык диктантты “3” деген баага жазып, анысына “иши кылып 2 алган жокмун да” деген жоопту айтып кутулуп, түк уялып койгон жок. Кыязы, ал адистик даярдыгына жараша министрлик милдетти аткарган окшобойбу.

Bekmamat uulu TemirbekБекмамат Осмоновдун бошоң уулу…
Бекмамат Осмонов ким эле? Чындык үчүн чыркырап, чындыкты бетке түз айтып, акыйкаттыкты бүткөн боюнда алып жүргөн, Кыргызстан, кыргыз эли дегенде ичкен ашын жерге койгон чыныгы улутчул, мекенчил, беттегенин бербеген көкжалдыгы жанда жок эл уулу, саясатчы эмес беле. Табиятынан канында чынчылдык, акыйкаттык жашагандыктан ошол убактагы өлкөнүн эң жогорку жетекчилигине ачуу чындыкты ачык айткан саналуу саясатчылардын бири болчу. Ошондогу өкмөт башчы Турсунбек Чыңгышев менен вице-президент Феликс Куловду “4-сорттогу жыландар” деп атаган дал ушул раматылык Бекмамат Осмонов эле.
Жашырганда не, анын прокурор уулу Бекмамат уулу Темирбектен да эл, коомчулук акыйкаттыкты, чынчылдыкты күткөн эле. Бирок Темирбек мырза атасындай боло алган жок. Ал өзүнүн бир маегинде “Атам бизди дайыма чындык үчүн күрөшкүлө, чындыкты айткандан коркпогула деп айтчу” деп эскерген. Тилекке каршы, Бекмамат мырза атасынын айткандарын кулак сыртынан кетирген окшобойбу. Болбосо, Башкы прокурордун 1-орун басары катары далай чындыктарды ачыктап, акыйкатсыз, коррупциялык көрүнүштөргө көз жумбай койгондо, элдин алкоосуна, урмат-сыйына  татымак. Башкасын айтпай ак коелу, бир эле Батукаев маселесинде не деген тирукмуш фактыларды айтып чыгууга мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок ал кызматтын кулуна айланып, “мен силерге тийбейм, силер мага тийбегиле” дегенди туура көрдү. Тескерисинче, кызмат абалынан пайдаланып, коррупциялык иштерге аралашканы боюнча маалыматтар айтылды. Кызык, эгерде Бекмамат Осмонов тирүү болгондо, уулунун мындай бошоңдугуна, мажирөөлүгүнө не демек?

KulmatovМэрликти эптей албаган кенже Кулматов
Учурда Москвадагы Дипакадемиянын проректору болуп иштеп аткан тарых илимдеринин доктору, профессор, кезинде көптөгөн жогорку партиялык, комсомолдук жетекчилик кызматтарда иштеп, анын ичинде Ош облусун, азыркы Бишкек, мурдагы Фрунзе шаарын башкарып, СССРдин Шри-Ланка, Непал өлкөлөрүндөгү элчиси, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи кызматтарын өтөгөн, СССР Жогорку Советинин депутаты да болгон Кеңеш Кулматовдун уулу Кубанычбек Кулматов учурда бир кезде атасы башкарган шаарды башкарууда. Ажонун мураскери экен дегендей имиштерге жем таштаган Кубанычбек Кеңешович ажолукту мындай кой, мэрликти эптей албай айласы кетүүдө. Анан кайдагы ажолук?! Мэрликке эмнеге келип, мэрдин милдети эмнеде экенин деле билбегендей таасир калтырат. Бул жагынан эгемендик мезгилдеги эң бечел, эң начар мэр катары тарыхта калат окшоп калды. Шаардын толуп жаткан көйгөйлөрүн чечүүнү мындай коелу, жок дегенде Бишкектин тешилип, оюлган жолдорун жамап-чампалоо колунан келбей атат. Кээде Бишкек башчысы жок эле жашап аткандай сезилип кетет. Иши кылып, “Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн” дегендей, атасынын кадыры менен Кубанычбек мырза Бишкекти башкарып жаткан кербези. Атасынын кадыры жөнүндө бекер сөз кылган жокпуз. Тар чөйрөдө бүгүнкү ажого Кремлдин көңүлүн бурдурууда дал ушул мэрдин Москвадагы атасы чоң роль ойногондугу айтылып келет. Балким, ошол себептен кылган ишинен дайын жок болсо да, кылы кыйшайбай, ташы өйдө кулагандан кулап келаткандыр. Бирок не дебейли, анын ишмердиги Кремлге таасири бар атасынын кадырына көлөкө эле түшүрбөсө, абийир апкелген жери жок.

Ishak Masaliev 1Исхак Масалиев атадан кем уулбу?
Ыраматылык Апсамат Масалиев адам катары жөнөкөй, жупунулугу чекте жок, мамлекет, эл дегенде ичке ашын жерге коюп, колундагы ишин токтоткон жетекчи, журт башчысы катары кристаллдай таза, талапкөй, дайыма карапайым элдин кызыкчылыгын 1-орунга койгон, бир сөз менен салыштырып айтканда, бүгүнкү журт башындагылардын антиподу  эле. Тилекке каршы, уулу Исхак Масалиев тууралуу мындай пикир айтууга болбойт. Атасынан Коммунисттик партияны “менчиктеп” алганы менен көз карашында коммунисттик идеядан ныпым да жок, сөз жүзүндө эле коммунист болбосо, иш жүзүндө накта рынокчу адам. Атасы барган жеринде эң мыкты иштеп, элдин ыраазылыгына арзыган болсо, Исхак Масалиев кооз сүйлөгөндөн башка колунан жарытылуу эч нерсе келбестигин Салык кызматын башкарганда көрсөттү. Кызматтан кетип атып “Шайлоого камдануу үчүн өз арызым менен кеттим” деп билдирди. Бирок ал жөн гана айла жоктон айтылган сөз болбосо, аныгында өкмөттүн койгон планын аткара албай, өсүш жолундагы Салык кызматынын ишин артка кетирип, салыкты 1,5 млрд сомго аз жыйнаганы үчүн кетирилгени тууралуу маалыматтар бар. Ал башкарган партиянын аты эле калбаса, затынан эч нерсе калбады. Алдыдагы шайлоодо да бир партияга эрмешип, шайлоого катышары бышык. Бул өңүттөн алганда, канча аракет кылып Исхак мырзаны атасына теңейли десек да теңей албай койдук. Эл сыйлаган, урматтаган атасынын ысымына көө жапканы эле болбосо, “Апсамат Масалиевичтин уулу” деп айтарлык иши жок.

Мирбек Нарынбеков