АЙАР, ырчы: «Өзүмдү дүйнөлүк аренадан көргүм келет”

Ayar 1Анкета
Аты-жөнү – Айар Акылбеков
Туулган жылы -1991-жыл, 8-декабрь
Билими – Караколдогу К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетинин экономика жана менеджмент бөлүмүн аяктаган.
Кумири – атасы
Фобиясы – жалгыздык
Хоббиси – сууда сүзүү
Акыркы окуган чыгармасы -Александр Беляевдин чыгармалары

– Салам, Айар! Сен жаңы эле чыгармачылыкка аралашып келе жатасың. Ayar 2Кандай жаңылыктарың бар?
– Жакында эле “Тамчым менин” аттуу ырымды жаздым. Сөзү да, обону да өзүмө таандык. Жакында радиолордон уга аласыздар жана ошол ырга клип тартканга даярдык көрүп жатабыз. Дагы бир жаңылыгыбыз – Жийдеш Идирисова деген таланттуу ырчы менен ырдаган  “Карлыгач” аттуу ырыбызга клип тарттык.

Ayar 3– Ырчылар көбүнчө мектепте жакшы окубайт го, сен да ошолордун катарында болдуңбу?
– Жок, мен жакшы эле окудум, мектепте тартиптуу бала болчумун. Кээде эл катары тентектик кылып койчумун. Окуучулук күндөрдөн эсте калган окуяны айтып берейин. Ачуу калемпирди үйдөн салып барып, танапис учурунда бардык класстагы окуучулар сыртка чыгып кетишкенде, мен ручкаларына калемпирди шыбап чыктым. Анан бардыгы класска киргенден кийин эле ручкаларын ооздоруна салып чыгышты, ооздору ачышып, кээ бир кыздар ыйлаган. Ошону ким кылганы табылбай калган, мен дагы айтпай койгон элем. Азыр силердин гезитиңерге айтып жатам (Күлүп).

Ayar 4– Чыгармачылыкка кандайча аралашып калдың анан?
– Өзүмдүн каалоом жана кудайдын буйругу менен аралашып калдым. Ырчы болуу менин максаттарымдын бири болчу. Буюрса, баары алдыда.

– Кандай максаттарды коесуң алдыңа?
– Өзүмдү дүйнөлүк аренадан көргүм келет. Мен эле эмес, кыргыз элибиздин желегин желбиреткиси келген башка дагы таланттуу, чыгаан инсандарыбыз көп болушу керек. Алардын арасына мен дагы кошулсам дейм. Мен дагы чет өлкөгө чыгып, кыргыздын туусун көтөрүп, атын алыска таанытсам, максатыма жеткен болор элем.

Ayar 5– Сенин жеке жашооң тууралуу көп кыздар билгиси келет…
– Жеке жашоом тууралуу кеп салсам, азыр бойдокмун. Чыныгы сүйүүнү издеп жүргөн кезим.

Кандай кыздар жагат?
– Кыргызымдын бардык ай-чырайлуу кыздары жагат. Болочоктогу жубайым эң негизгиси ыймандуу, ата-энеме тың келин болуп берсе эле болду.

– Бош убактыӊда эмне менен алек болосуң?
– Бош убакытты текке кетирбей, жакындарым, туугандарым, бир туугандарым менен бирге өткөрүүнү абдан жакшы көрөм.

Айзада Кыдырмышева