Айчүрөк Камаева, Апрель баатыры -Үсөнбек Камаевдин кызы: “Атам арманда кетти”

Aprel baatyryҮсөнбек Камаев – апрель окуясында набыт кеткендердин бири. Апрель баатыры Ак- Талаанын Тоголок Молдо айылында туулган. Үч жашында атасынан айрылганда апасы Баетов айылына алып кетип, жалгыз чоңойткон. Мектепти аяктап жатканда апасы каза болуп, тоголок жетим калган. Ошол жылы өрт өчүрүү кызматына ишке орношуп, үч жылдай иштеп калат. Кийин МСОго, даярдоо кеңсесинде иштейт. Өмүрлүк жары Бурулбүбү экөө төрт балалуу болушкан. Уулу Сыймыктын айтуусу боюнча атасы китеп, гезиттерди көп окуп, саясатка көбүрөөк кызыкчу. 7-апрелде аянттан көргөндөр Үсөнбектин “Качпагыла! Алдыга чыккыла!” деген акыркы сөзүн угуп калышкан. 2010-жылы 7-апрелде каза болгон Камаевдин үй-бүлөсүнүн бүгүнкү тагдыры кандай болуп атканын билүү максатында кызы Айчүрөк Камаевага байланыштык.

-Атам ата-энесинен эрте ажырап, бир туугандары да жок экен. Бизге, төрт баласы жана апабыз үчүн чоң жоготуу болду. Ушул беш жыл ичинде кыйналдык, ыйладык. Атам өзү мектепте жакшы окуп, бизди жогорку окуу жайларында окуткан. Мен педагогикалык университетте, анан юристтикке окудум. Диплом алаарымда атам каза болуп калды. Кийинки иним менен сиңдим мектеп жашында болушчу. Ошол учурда күйөөгө чыкканыма он беш эле күн болгон, атам күйөө баласын көрбөй калды. Үйдөгүлөр куда тособуз деп даярдык көрүп жатышкан, куда тосуунун ордуна, атамдын сөөгү келди. Азыркыга чейин атамдын көзү жогуна ишенбей кетем. Ден соолугу мыкты, тишинен бери таза болчу. Бук болгондо сөөгү коюлган Ата-Бейитке барып “сүйлөшүп” келебиз. Атам балдарынын жакшылыгына күбө боло албай арманда кетти. Тирүү болсо 58 жашка чыкмак. Атамсыз күндөрүбүз өтүп жатат, улуулары үй-бүлөлүүбүз, иним балалуу болду, мен да балалуу болдум. Өкмөт апрелчилерге квартира берди, компенсация төлөдү, айтор кандайдыр материалдык жардамдар болууда. Бирок баары бир атабыздын ордун эч ким, эч нерсе толтура албайт экен. Апам атамды көп эстеп, ооруп да калат. Учурда апрель соту жүрүүдө, эми ошол соттун акыйкаттык менен аягына чыгышын күтүп атабыз. Дагы бир көӊүл жубатарыбыз —биздин атабыз жөндөн-жөн өлбөй, эли-жери үчүн, элинин тынчтыгы, бейпилдиги үчүн жанын курман кылган деп ишенебиз.

Айгүл Бакеева