Айкөл АЛИКЖАНОВА, модель: «Модель болуу актриса болуу менен барабар»

Aykol–  «Мегаком» компаниясында да иштедиң. Өзүңдүн ишиң тууралуу кеңири айтып кетсең?
– Ооба, ал компанияда эки жыл эмгектендим. Бул жылдардын аралыгында ар тармактын адамдары менен тил табышып, документтер менен иштегенди үйрөнүп,  тажрыйба топтой алдым. Компаниядан ушул жылдын январь айында кызматтан кетсем да айрым учурларда кесиптештериме, досторума барып  турам. Өзүмдүн моделдик мектебимди ачкандан кийин ал жактан кызматтан кеткем.  Учурда моделдик мектебимди ийгиликтүү иштетип жатам.

Aykol 3– Элге таанымал болуш үчүн кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуң?
– Окууда болобу, жумушта болобу, баштаган ишимди аягына чыгарганды жакшы көрөм. Модель болуудагы алгачкы кадамым он тогуз жашымда “НБТ” телеканалында алып баруучулуктан башталган. Ал жакта үч ай иштеген соң “Vite line» моделдик агенттигинен билим алып, моделдик чөйрөгө акырындык Aykol 4менен аралаша баштагам. Бир айдан кийин алгачкы жолу подиумга чыккам. Азыр да талыкпастан алдыга умтулууга аракет кылып келем.

– Модель болгондон тарта жашооңдо кандай өзгөрүүлөр болду? Бир топ кинодо да ролдорду жаратып келатасыз.  Подиумга чыгуу менен киного тартылуунун айырмачылыктары эмнеде?
– Моделдик чөйрөгө аралашуу менен мен үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Мисалы, бир топ мамлекеттерге жолдомо алып, ал жерлердин маданияты, каада-салты менен тааныша алдым. Модель болуу актриса болуу менен барабар деп айтат элем. Себеби моделдер да актрисалар сыяктуу камеранын алдында иштешет. Анын негизинде моделдерге тасмага тартылуу да анча кыйынчылык жаратпайт.

Aykol 6– Жаш, сулуу кыздарга «колдоо көрсөтөм» деген дараметтүүлөр да чыгары  жашыруун деле эмес. Андай сунуштар болсо керек? Ошондой учурлар тууралуу айтып кетсең?
– Албетте, акчасы бар, бай адамдардын басымдуу бөлүгү өзүнүн жанынан сулуу кыздарды көргүсү келет. Бирок алардын акчасына байланып, кимдир бирөөнүн канатына жамынып ийгиликке жетишүүнүн кажети жок. Бардык ийгиликтерди өз күчүң менен багындырганың жакшы. Ооба, менин жеке жашоомо кызыккан колунда бар адамдар болгон. Бирок мен Aykol 5андай сунуштарды четке кагам. Ар бир кыздын дили таза, жан дүйнөсү таза болуп,  ийгиликке ак эмгеги, маңдай тери менен жетсе дейм.

– Дүйнөлүк сулуулар конкурсуна да барып келдиң. Биздин сулуулар менен алардын айырмасы эмнеде экен?
– Албетте айырмачылыктар бар. Ар бир өлкөнүн кыздары өз-өзүнчө сулуу келишет экен. Алардын арсынан бирөөсүн баса белгилеп сулуу деп айтыш кыйын.  Мен алардын айрымдары менен достук мамиле түзүүгө да жетиштим. Бирок ар бир жердин маданияты ар башка экендиги айтпасак да байкалып турду.

Aykol 2-Жүрөгүңдөн түнөк тапкан адам барбы? Артыңдан калбай чуркаган жигиттер да арбын болсо керек?
– Азырынча жигитим жок. Бирок тааныш досторум көп. Менин кыялымдагы ошол жигит менин бактым экенин жасаган кадамдарынан билдирип, өзүнө ишенген адам болсо дейм. Мен да башка кыздардай эле мени сүйгөн, сыйлаган жигитке жолуксам дейм.

– Дайыма диета кармаган жана тамакты ылгабай жей берген моделдер бар. Сен кайсынысына киресиң?
– “Бул тамакты жейм, муну жебейм” деген моделдердин катарына деле кирбейм  Бирок айрым учурларда съемка үчүн ашыкча тамактанбоого туура келет. А башка күндөрү каалаган тамак-ашты жей берем.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА