Айнуру АЛТЫБАЕВА, ЖК депутаты: «Кемчилик менден кетсе, кечирим сураганга эрким жетет»

Aynuru Altybaeva– Айнуру айым, аялзаты үчүн саясатчы болуу бир топ эле кыйынчылыкты жаратса керек?
– Мен өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп келем. Мамлекеттик кызматта иштөө аялзатына бир топ эле кыйынчылыкты жаратат. Эгерде жумушуң эртең менен тогузда башталып, кечки алтыда бүтсө, айрым учурларда сен үйүңө кеч кетип калышың ыктымал. Анткени, кайсы бир документтерди, же отчетторду кеч тапшырып каласың. Жумуштан канчалык кеч кеткен учурда да эртең менен эрте туруп, балдарыңды кийинтип, курсагын тойгузуп, бала бакчага жеткирип, жумушка да кечикпей келишиң керек. Кечинде жумуштан чыгып, балдарды бала бакчадан алып, алардын кийим-кечесин жууп- тазалап, тамак жасап курсактарын тойгузуп, сабагына жардам бересиң. Бул да болсо бир топ убакытты талап кылат.

– Сөз нугун үй-бүлөңүзгө бурсак, жолдошуңуз менен таанышкан күнүңүздү эстесеңиз? Ала качуу үчүн жазаны катаалданткан мыйзамды демилгелеп чыгып, ал кабыл алынды. Сизди жолдошуңуз ала качып алганбы?
– Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди мурда эле таанычубуз. Анын атасы бир кызматта жетекчи болсо, менин атам анын орун басары болуп эмгектенчү. Бир кызматта иштеп эле тим болбостон, алар үй-бүлөлүк маанайда да катышып жүрүшчү. Биз орто мектепти аяктаган соң жолдошум Сулайман экөөбүз бир университетте ал бухгалтерия факультетинде окуса, мен экономика факультетинде окуп калдым. Экөөбүздүн факультеттерибиз эки башка болгону менен жалпы лекциялар чогуу болгондуктан, ар дайым бирге жүрөр элек. Жатаканада да жашадык. Ал учурда окуу деп жүрүппү, айтор, Сулайман экөөбүздүн ортобузда эч кандай сезимдер жок эле. Университетти аяктагандан кийин Ошко барып мен бир башкармалыкта иштесем, жолдошум ошол эле башкармалыктын башка бөлүмүндө иштеп калды. Бизге алар келип отчетторун тапшырып турушту. Жолдошум экөөбүздүн бири-бирибизге болгон сезимдерибиз ошондо ойгонду окшойт (Күлүп). Ал кезде азыркыдай ресторан, бар деген нерселер жок болчу да. Биз киного көп барат элек. Мына ошентип бирге иштеп жүрүп эле жыйырма үч жашымда баш кошконбуз.

– Баш кошкон алгачкы күндөрдөгү кызыктуу учурларыңыздан айтып берсеңиз? Келиндин келгендегиси эсинде калат эмеспи…
– Албетте. Негизи биз үч бир тууганбыз. Бир эжем, бир агам бар. Алар орто мектепти аяктап кетишкенине байланыштуу биз үйдө атам, апам жана мен болуп үчөөбүз эле турчубуз. Үй да тынч эле. Мен келин болуп түшкөн үй абдан жакшы үй-бүлө болуп чыкты. Жолдошум беш бир тууган, үйдүн улуусу болгондуктан, үйдө киши да көп болчу. А мен үйдөгү тынчтыкка көнүп алып, көпчүлүккө көнө албай, бир топ эле кыйналгам. Бирок, көпчүлүк менен ишиң тез бүтөт экен. Алтургай балалуу болгондо да баланын курсагын тойгузуп эле үйдөгүлөргө берип коюп, өз оокатымды кыла берчүмүн. Ал күндөрдү мен дайыма жылуу сезимдер, жылмаюу менен эстейм. Ошол үйдөн эки балалуу болуп, анан өз алдынча бөлүнүп кеттик. Эсимде, бир ирет алыстан тагалары келип, кичинекей төрт баласын мага «карап тур» деп таштап кетишкен. Төрт баланы кантип жалгыз карайм деп аябай коркком. Бирок алар кетишкенден кийин эле балдар уктап калышты. Жолдошум келгенде «Баатыр энелер балдарын кантип багып жетишишет? Төрт баланы араң бактым» десем, ал «Эч нерсе эмес. Сага тажрыйба болот» деп тамашага салган эле.

– Сиз кыялдангандай жолдош боло алдыбы?
– Жолдошум мага жана балдарыма өзүнүн боорукерлиги, ак көңүлдүгү, көтөрүмдүүлүгү, чыдамкайлыгы менен өзгөчө таасир берип, мыкты жолдош, мээримдүү ата боло алды. «Тең теңи менен, тезек кабы менен» дегендей, жараткан деле эки жупту оӊ-терс жактарын теңдеп кошот окшобойбу. Мен – абдан эмоционалдуу адаммын. Бир нерсеге тез жарылып, бир заматта чартылдап, кайра күнөөмдү сезип кечирим сурап калам. А жолдошум болсо абдан көтөрүмдүү адам, чыдамкайлыгынан эч жазбайт. Биздин мүнөздөрүбүз бири-бирибизге төп келгендиктен, жашоодо жакшы жашап кете алдык окшойт деп ойлойм. Менин жашоомдо көп жакшылыктар болду, ошол жакшылыгыма себепчи жолдошум деп эсептейм. Анткени, кандай гана кыйынчылык болбосун, бүгүнкү күнгө чейин мени колдоп, өзүнүн кеңешип айтып келди.

– Канча уул- кызды тарбиялап жатасыздар? Кимиси кимиңерге окшош?
– Бир кыз, бир уулду тарбиялап, эрезеге жеткирдик. Кызымдын тышкы келбетинен тарта ички дүйнөсү, мүнөзүнө чейин атасынын эле өзү. Ал эми уулум мага окшош.

– Балдарыңардын саясатчы болушуна кандай карайт элеңиз?
– Эки балабыз тең мамлекеттик кызматта эмес, банктарда иштешет. Менимче, алар саясаттан алыс эле болушат го. Эгерде неберелерим саясатчы болууну каалашса, мен аларга саясатчы катары өзүмдүн кеңешимди берип, колдоо көрсөткөнгө дайыма даярмын.

– Жолдошуңузга таарынып, төркүнүңүзгө кеткен учурлар болгонбу?
– Албетте, үй-бүлө болгондон кийин урушуп- талашкан учурлар сөзсүз болбой койбойт. Эсимде, бир ирет жолдошум жумушу аркылуу съездге командировкага кеткен эле. Ал кетип атканда «Канча күндө келесиң?» деп сураганымда «Билбейм, канча күн экенин. Менимче, үч күн» деп айткан эле. Мен анын айтканы боюнча эле үч күндөн кийин келип калат деп ойлоп алган экенмин. Арадан тез эле үч күн өттү, баягы үч күндө келем деген жолдошум жок. Оюма ар нерселер келип уктай да албай калгам. Ал убакта чала калайын десең, азыркыдай уюлдук телефон да жок да. Жолдошум бешинчи күн дегенде келди. Ошондо мен «Эмнеге мени алдадың?» деп таарынып төркүнүмө кетип калгам. Көрсө аларды дагы эки күн жер кыдырткан экен.

– Ал кезде жолдошуңуз командировкадан кечигип келгенине таарынсаңыз, азыр жолдошуңуз сиздин командировкага кетишиңизге кандай карайт?
– Мен мамлекеттик кызматта жаңы иштеп жүргөндө, кээде отчет тапшырып үйгө кеч барчумун. Бир ирет жумуштан кеч келсем, жолдошум кызганып «Эмнеге кеч келдиң? Жарым саат өттү, бир саат өттү» деп аябай урушкан. Анда кайненемдер менен чогуу турчубуз. Менин ыйлаганымдан улам көздөрүм кызарып калган экен. Аны кайненем байкап, жолдошума бир нерселерди айткан эле. Алигүнчө эмнелерди айтты экен деп ойлойм. Жолдошумдан да “Эмне деди?” деп сураган жокмун. Ошондон кийин жолдошум мени «Эмнеге кечигип келесиң?» деп урушпай калган. Андан бери канча жыл өтсө да, менин ар бир иш сапарыма түшүнүү менен мамиле жасайт. Биз эл адамы болгондон кийин эл менен жолугушууларга көп барат эмеспизби. Анын баарын түшүнөт.

– Үйдө да үстөмдүк кылып депутат болуп коесузбу?
– Жок. Мен – үйдө жолдошумдун сүйүктүү жубайы, балдарымдын мээримдүү энесимин. Үй-бүлөбүздө кандай маселе жаралбасын, жолдошум экөөбүз акылдашып, туура жагына чечкенге аракет кылабыз.

– Кээде болбогон нерсеге чукчуңдаша кеткенде, кимиңер биринчи кадам жасап, таарынычыңарды жазасыңар?
– Эгерде мен бир нерсени туура эмес жасап алган болсом, күнөөмдү сезип кечирим сураганга эрким жетет. Бул менин жакшы сапатымдын бири, өзүмдү мактап коеюн. Айрым учурларда үйдөн бир маселени толугу менен укпай эле жолдошума катуу тийип алам. Бир аз убакыттан кийин эле кайра кечирим сурайм. Жолдошум туура эмес кылган болсо деле мен биринчи кадам жасап, жанына барып сүйлөй берем. Кээде жолдошум «Сен бир нерсени толугу менен уксаң» деп тамашалап күлүп калат.

– Кайсы тамактарды катыра жасайсыз? Же тамак жасаганга деле убактыңыз болбойбу?
– Эс алуу күнү жолдошум экөөбүз биргеликте очокко аш жасадык. Ал отундарын даярдап от жакса, мен керектелүүчү азыктарды аарчып, туурап даярдадым. Негизи эле очокко жасалган тамак абдан даамдуу болот эмеспи. Биздин аш да ширин болду (Күлүп). Күрүчтү катыра басам.

– Сайма сайып, жүн байпак токуган колуңуздан келеби?
– Ыраматылык апам өтө иштүү адам эле. Мага түймө түйгөндү көп үйрөттү. Убакыт боло калганда эле жүн байпак, кофталарды түйө калчумун. Ал киши бизге баардыгын даярдап берип атып, биз даярга көнүп калсак керек да. Азыр аларды түйгөнгө убакыт деле жок.

Маектешкен Кымбат ТУРДУБЕКОВА