Бабанов менен Ташиевдин талашы

Babanov and TashievЖогорку Кеңештеги “Республика” фракциясы жаңы өкмөттү куроодо көпчүлүк коалицияга кошулууга даяр экенин айтып чыгышты. “Республика” жана “Ата Журт” партиялары “Республика Ата Журт” партиясына биригип, келаткан шайлоодо чогуу барарын жарыялашканы эсиңиздерде болсо керек. Учурда дал ушул партиянын лидерлери Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиевдин ортосунда катуу талаш орун алганы тууралуу маалыматыбыз бар. Буга Өмүрбек Бабановдун Камчыбек Ташиев менен кеңешпей туруп Өмүрбек Суваналиевди партиянын тизмесине киргизип койгону себеп болду. Өмүрбек Суваналиев 2010-жылы алгач дал ушул Ташиевдер негиздеген “Ата Журт” партиясына мүчө болуп, бирок кайра бат эле ойт берип “Содружествого” өтө качканын билебиз. Камчыбек Ташиевдин мына ушуга нааразычылыгы болуп жатыптыр. “Убагында бизди көзгө илбей кеткен Суваналиевди менин макулдугумсуз киргизип коюпсуң” деп. Эми ушундай чатактардан кийин бул “эки кочкордун башы бир казанда кайнайбы”?

ПК-пресс