Башпрокуратура кызматкери Самаковдун уулунан 100 миң доллар талап кылып кармалды

Kylychbek ArpachievБашкы прокуратуранын башкы тергөөчүсү 100 миң доллар пара менен кармалды. УКМКнын коррупцияга каршы кызматы менен Башпрокуратуранын ички иликтөөө бөлүмүнүн кызматкерлери Башпрокуратуранын башкы тергөөчүсү Кылычбек Арпачиевди кармашты.

УКМКнын маалыматына караганда, Коррупцияга каршы кызматка жеке ишкер Башпрокуратуранын кызматкери козголгон кылмыш ишин жаап берем деп, бул кызматына 200 миң доллар талап кылып атканын айтып, арыз менен кайрылган.

Бул факты боюнча УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш кодексинин 304 (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313 (Пара талап кылуу) беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Кылычбек Арпачиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ушул эле кылмыш иши боюнча прокуратуранын дагы бир кызматкери кармалганы тууралуу маалымат чыгып, ал Арпачиевдин кол алдында иштеген Жеңиш Сейитов экени маалымдалды.

Көп өтпөй прокуратура кызматкерлери акча талап кылган ишкер Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун уулу экени ачыкталды. Депутат түзгөн “Биримдик” партиясынын маалымат кызматы, бул иш боюнча тергөө жүрүп атканына байланыштуу эч кандай комментарий бере албастыгын айтышты.
Алдын ала маалыматтарга караганда, Башпрокуратуранын жогорку кызматкерлери Бишкектин сыртындагы жер тилкелеринин мыйзамсыздыгы боюнча козголгон кылмыш ишин жабуу үчүн Самаковдун уулунан ири суммадагы акчаны талап кылышкан.

Бул иш боюнча Европада жүргөн президент Атамбаев да сөз арасында комментарий берди. “Мен бул сапарга жөнөөрдөн мурда Башпрокурор жана Коррупцияга каршы кызматтын жетекчиси менен жолугуп, күч структураларынын ичин дагы тазалоо керектигин айттым эле. Мына кечээ эле Башпрокуратуранын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси пара менен кармалып отурат. Менин кетериме 2 жыл, 8 ай калды. Бул аралыкта мен күч структураларынын баарын тазалайм. Биз азыр ууруларды тазаладык, уурдагандан коркуп калышты, коррупциялык иштери үчүн министрлер, депутаттар камалды. Бүгүн Кыргызстанда кол тийбес адам жок” деди Атамбаев.

Башпрокурор Индира Жолдубаева да бул иш боюнча комментарий берди. “Прокуратура кызматкери пара талап кылды деген маалымат түшкөндө, бул маалыматтын чындыгына ишенүү кыйын болду, анткени, жетекчилик кызматта турган адам тууралуу сөз болуп жатат, ал өзүнүн жоопкерчилигин сезиши керек болчу. Бирок, алып келинген маалыматтар ага кылмыш козгоого негиз бар экенин көрсөттү. Бул иш прокуратура органдарынын бетине көө жабаарын эске алып, бирок коррупция менен күрөшкө таянып, бул факты боюнча кылмыш козгоого жана дагы тиешелүү оперативдик иштерди жүргүзүүгө уруксат бердим. Бул иш Прокуратура менен Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин биргеликте жүргүзгөн аракети” деди Башпрокурор.

Акылай Байболсунова