Батирден чыккан балээ…

samakov«Чырдын башы кимден чыкты? Алты соттук жерден чыкты…» демекчи, Карганбек Самаковду «чекистер» тутуп кетиптир дегенди угуп алып, төбө чачыбыз тик турду. Шилекейлеп жаткыралбадык. Үрөй учурган окуя болуп атса, өшөнтөт да. Илгери-илгери бир көзачык шыбырап айттыле, эч убакта бирөө «үй салып ал…» деп бекер жер тилке берсе, албай жүр деп. Албаганым жакшыле болуптур. Омей, бербегени жакшы болуптур. Берсе, кантип албай коесуң, алмак болчубуз да. Азыр эми эки жүз алтымыш гектир жерди буудай айдагандын ордуна, будамайлап, батир салгыла деп сатып жиберген деген күнөө тагылган К.Самаковду үй камагына бошотушту дейт. Бекер бошотпой калсын. Анын да айдын аркы бетиндей сырдуу өз баасы бар да. Үжө алышты да, омей, беришти да. Анан кантет, айла кетсе берет да.
Мындан бир-эки ай мурда ЖоКенин коридорунда жип-живой коррида болгону али эсибизде. Эки киши катар өтсө ийиндери тийишип калган тар коридордо Карганбек Самаков өз «сивитасы» менен ишенимдүү арыш таштап баратса, ары жактан аларды көздөй дагы бир депутат ого бетер ишенимдүү кадам шилтеп келатат дейт. Жакындап чукул келгенде караса, көпжылдык депутат Каныбек Иманалиев экен. Экөө тең ыздароовый мужик болгондуктан, тар кородорго батпай калышып, «сен өткөр, мен өткөр…» болуп «карагөтөн» кармаша кетишет. Мыйзам чегинде тең-салмак сактап көпкө турууга мүмкүн болбогондуктан, бир маалда чырдаша кетишип, чыканактын жардамы менен микропонго биринчи жетмей болушат. Ушул жаат боюнча Каныбек Иманалиевде опут көп болгондуктан, Карганбек Самаковдун көзү караңгылай түшүп, жол бошотконго аргасыз болот. Капа кылган калган ишти сотто чечерин айтып, эрегиш тарапка жеңил опуза көрсөтөт. Андан бери бир топ жаан жаап, бир топ сел жүргөнүнө карабастан, Каныбек Иманалиевдин азыркы картасы кандай экенин айтыш кыйын. Көзүрү көппү же жокпу, аны өзү  билет да. Бизге айтмак беле. Балким, чырагына май тамып аткандыр, кайра-кайра тамып аткандыр, балким, мен деле бекер жер алып койсом болмок экен деп аткандыр. Бекер жер алганда К.Самаков экөөбүз урушуп-талашпайле, илгеркидей ысык мамиледе болмок экенбиз деп аткандыр, ким билет аны. Балким, бир күнү өзү келип айтып берер…

Кимбайке