Белорус бийлиги канкор Бакиевдерди качанкыга чейин коргойт?

Almanbet AnapiyayevМындан бир нече ай мурун Белоруссиянын Минск шаарында Кыргызстандан чыккан кримтөбөл Алманбет Анапияев киши колдуу болуп каза тапканы белгилүү. Анын жанында ар дайым чогуу жүргөн жардамчысы жана ашпозчусу Гүлжигит Абилазизовдун Кыргызстандын ИИМине берген көрсөтмөсү боюнча Анапияевди Жаныш Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү өлтүргөн. Албетте, бул бир гана адамдын берген көрсөтмөсү. Бирок ал ар дайым Анапияевдин жанында жүргөн адам экендигин эске алганда жана кылмыш иши Минскиде болгондугу бул версияны көбүрөөк чындыкка жакындатат. Мына ушундан кийин белорус тарап бул ишти колго алып, кримтөбөлдүн киши колдуу болгондугу боюнча ишти иликтеп, ачып беребиз деп убада кылган. Маселен, Белоруссиянын тергөө комитетинин төрага орун басары Алексей Волков бул ишти алар жетишерлик деңгээлде иликтеп атышкандарын, жакынкы убактарда ачыкка чыгарын билдирген. Бирок азырынча ал тараптан эч кандай жыйынтык айтыла элек. Ал эми Кыргызстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү «Белорус тарап Жаныш Бакиевди Анапияевдин өлүмүнө тиешеси жок» деп табышы мүмкүн экендигин айтышууда. Маселен, милициянын подполковниги Кайрат Осмоналиев «Мен белорус тарап иликтөөнүн жыйынтыгында Бакиевдердин тиешеси жок деп табышы мүмкүн экендигине көбүрөөк ынанып турам. Болбосо алар өз өлкөсүндө кылмышкерди катып жүргөн болуп калышат» дейт. Анан дагы ал белорус тарап Анапияевдин өлүмүнө башка эле бирөөнү таап чыгышы мүмкүн экендигин да кошумчалайт. «Мындай болсо ал «кийимди ак жип менен тиккендей» болуп калат. Анткени бул иш эл аралык мүнөзгө өтүп калды. Эгерде ошондой адам болсо дагы, ага карата тактоочу база өтө кылдаттык менен жасалышы керек» дейт ал. Чындыгында эле белорус тарап Анапияевдин өлүмүнө байланыштуу ишти иликтеп аткан болсо, эмдигиче бир шек-шыбаасы билинет эле. Анын үстүнө ага Бакиевдердин тиешеси бар экендиги тууралуу күбөнүн берген көрсөтмөсү бар. Бирок негедир алар андай версиядан алыс тургулары келгендей. Качанкыга чейин белорус бийлиги канкор Бакиевдерди колтугуна корголотуп отураар экен?

ПК – пресс