Бишкектик Усама Бен Ладен 13 жашта

UsamaБалага ат коюу жөрөлгөсү кандайдыр бир маанилүү окуяларга, адамдарга байланыштырып коюлушу ажеп эмес. Сузак районунда төрөлгөн балага Биллклинтонбек деген атты АКШнын 42-президенти Билл Клинтондун шайланышынын урматына коюшуптур. Ташматовдордун үй-бүлөсү 24-марттан 25-мартка караган түнү төрөлгөн балдарын Курманбек жана Феликс деп коюшкан. (К. Бакиевдин, Ф. Куловдун урматына) . Кыргызстанда Роза (Отунбаеванын урматына), Өмүрбек (Бабановдун урматына), Алмазбек (Атамбаевдин урматына) ж.б. ысымдар арбын кездешет. Ысык-Көлдө 3 жашар баланын аты Путинбек деп Орусиянын президентинин атынан коюлган.

Бишкекте дагы бир өзгөчө ысымдуу бала жашайт. Анын аты—Усама Бен Ладен. Фамилиясы Айтмаарек уулу.
Анда эмесе, 13 жаштагы бишкектик Усама Бен Ладендин азыркы турмушу кандай өтүп жатканына кызыгып, үйүнө барып калдык.
Бишкектин Жумушчу шаарчасындагы көчөлөрдү аралап, үйүн таппай жүрсөк, жанаша көчөлөрдөгү кичинекей балдар Усама Бен Ладен кайсы көчөдө жашаарын айтып беришти. Бишкектик Усама Бен Ладен азыр 13 жашта, борбордогу мектептин биринде орус класста окуйт. Айтмаарек кенже уулуна өзгөчөлүү бир ысым берүү кыялы менен жашап, Усама Бен Ладен деген ысымды тандап алганда, жубайы Жеңишгүл каршы болгон. Аялы эле эмес, мындай ысымды коюуга ЗАГС мекемеси да каршы чыгып, балага туулгандыгы тууралуу күбөлүктү көпкө чейин бербей коюшкан. Күбөлүктү баласы 5 жашка чыкканда Омбудсмендин кийлигишүүсү менен араң алышкан. АКШда жашаган туугандары чакырышканда, баласынын аты Усама Бен Ладен болгону үчүн үй-бүлө мүчөлөрүнө конок визасын бербей коюшуптур. Айтмааректин жубайы азыр деле уулунун ысымы тууралуу сөздү жайылткысы келбейт экен.
Айтмаарек Омокеев уулунун өзү койгон ысымы менен азыр деле сыймыктанаарын айтты. Уулу төрөлөрдөн бир жыл мурун – 2001-жылдын сентябрында АКШдагы бийик кабаттуу имаратты террорчулар жардырышып, Усама Бен Ладен аттуу адам АКШда дүйнөдөгү №1 террорчу деп дүӊ болуп турган убак эле. Бирок Айтмаарек Бен Ладен күчтүү жана тынч элге коркунуч жаратпаган инсан деген пикирде болуп, Бен Ладендер боорукер, жароокер да боло алаарын далилдегиси келгенин айтты.
Бен Ладендин бир тууганы Батый инисинин эр жүрөк, акылдуу экендигин, анын элчи болуу тилеги бардыгын жана соодага шыктуулугун, тынчтыкты сүйгөн бала болуп чоңоюп келатканын айтты.

…Бен Ладендин чакан үйүндө өрүк гүлүн ачканы турат, эшик алдында нарцисс гүлдөп турат. Ушул короонун эшигин такылдатканда сыртка күлмүңдөп чыга келген баланын ысымы Усама Бен Ладен экен.

– Ооба, менин атым Усама Бен Ладен. Бирок короодогу балдар, мугалимдер, ата-энем да– баары эле мени Бэни дешет. Дептериме деле ошентип жазам.

-Ысымыңан улам ыңгайсыз абалда калган же сыймыктанган учурларың болобу?
-Негизинен ыңгайсыз деле болбойм, кээде гана ыңгайсыз абалда калам. Чынын айтканда, атым өзүмө анчалык деле жакпайт. Ал эми сиздерге окшоп репортёрлор келгенде сыймыктанам, мени жазып, атымды чыгарып кетишет.

-Жанаша көчөлөрдөгү балдар да сени таанып, каерде жашаганыңды айтып беришет экен.
-Алар мени жакшы таанышат, анткени кошуна көчөлөрдөгү балдарды чоочун, тентек балдардан коргоп турам.

-Атыңдын кимдин урматына коюлганын качан билип калдың?
-Усама Бен Ладендин урматына коюлганын эс тартканда биле баштадым. Телевизордон аны көрүп, өмүр баянын, жасаган иштери тууралуу маалыматтарды окудум. Бир кезде аны АКШдагы мунараны жардырткан террорчу деп эсептешиптир. Бирок Бен Ладендин жакшы сапаттары да бар экен, ал бай жана мусулман киши экен, реформа жасаганын окудум. Ал эми дүйнөдөн кайтканын кийин эле уктум. Атам мени Бен Ладендей эр жүрөк, күчтүү, бирок боорукер, мээримдүү болсун деп тилеген экен. Мени грек-рим күрөшү боюнча спорт секциясына жиберди. Мен салмагы менден чоң, 10-11-класстагы балдар менен күрөшүп жатам.

-Мектепти аяктаганда кандай кесипти тандагың келет?
-Бул тууралуу ойлоно элекмин, ошентсе да мага мугалимдик кесип жагат.

-Нарцисс гүлдөрүн эшик алдына ким отургузду?
-Мен олтургузгам. Гүлдөрдү жакшы көрөм.

-Кайсы сабактарга кызыгасың? Дагы эмнелерге кызыгасың?
-Адабият, тарых сабактарына. Англис тилин анча-мынча үйрөнүп калдым. Тарыхый инсандар, киноактер, ырчылардын өмүр баянына кызыгам. Фантастика, мелодрама фильмдерин, «Блэк стар» тобун жакшы көрөм.

-АКШга барууга силерге конок визасын бербей коюшкан турбайбы? АКШга баргың келеби?
-Ооба, чет элди, жерлерди көргүм келет. Өзүмдүн жүрүш-турушум менен Усама Бен Ладен аттуу бала боорукер да болоорун көрсөтсөм, Америкага барууга уруксат беришет.

-Кыздар менен мамилең кандай?
-Мамилем жакшы, сүйлөшкөн кызым бар.

Ошентип, мотурайган Усама Бен Ладен же Бэни менен коштошуп, бул ысымдын жагымдуу жагы да болоорун сезип, келечекте эр жүрөк, бирок боорукер, элине, дүйнөгө тынчтык алып келген адам болуп чоңоюшуна тилек кылып кайттык.

Дүйнө жүзүндө кызык жана өзгөчөлүү ысымдар, фамилиялар арбын.
Ошолордун бир азыраагын мисал келтире кетели.
Индияда бир жаран баласынын ысмын Бир килограмм күрүч деп атаган. Буга мамлекеттин төрөлгөн ар бир бала үчүн бир килограммдан күрүч бергени себепчи болгон. АКШнын Монтана штатында төрөлгөн баланын аты С. Эллен Джорджиан Сер-Леккен деп коюлган. Бир караганда мунун өзгөчөлүү деле эч нерсеси жоктой, бирок С. дегени 598 тамгалуу ысымдын биринчи эле тамгасы экен.
Америкалык психолог Джон Треин өзгөчөлүү ысымдарды иликтеп, Чикагодо Жексондордун үй-бүлөсү балдарына Менингит, Ларингит, Аппендицит, Перитонит, Тонзиллит деген ат коюшканын жазыптыр. 200 жыл мурун Францияда бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн фамилиялары 1792 деп жалаң сандар менен аталган. Бул үй-бүлө төрт баласын тең айлардын аты менен- Январь, Февраль, Март, Апрель деп атаган.

Кыргыздардын кызык аты-жөнү
КырТАГ Борбордук Шайлоо компаниясынын тизмесинен өзгөчөлүү фамилияларды таап чыккан. Мисалы Кыргызстанда 5 кишинин фамилиясы Счастливый, 7 кишинин фамилиясы Комнатный, 7 кишиники Пискурь-Панько. Ал эми Ысык-Ата районунда Владимир Ленин жашайт экен. Бишкекте жашаган кыздын аты-жөнү- Юлия Ромео. Чүй областында Тупица, Маломуж, Безгубов, Беззубов, Бородатов, Бокмурунов аттуу фамилиялар бар. 8 кишинин фамилиясы Дубина, 77 киши Гуляев, 39 кишиники Головач, 205 кишинин фамилиясы Сасыкбаев, 3 киши Чудов, 2 киши Беляшов, 12 киши Пирожков, 2 Колбасов, 13 Колбасиных, 6 Коржиковдор бар…
Айбанаттардын атын алып жүргөн фамилиялар да арбын, 60 киши Коёнов, 79 киши Күчүков, 3 киши Верблюдов, 8 киши Пауков, 88 киши Чегирткеев деген фамилияларды алып жүрүшөт. Шайлоочулардын арасында Аббос, Балыкбай, Гайдайбай, Койчу ж.б. ысымдар да учурайт.

Айгүл Бакеева