Ботокс менен бырыштарды кетирип, эриндерин чоңойткон кем акылдыкка алып келет

top_woman_needle

Азыркы учурда сулуулук салондорунда ботулинтоксин, же болбосо кыскартып айтканда ботокс менен ийне сайып, беттеги бырыштарды кетиришет, же болбосо эриндерин чоңойтуп беришет. Бул үчүн 30 еврого чейин каражат коротулат. Бирок, муну менен эле супсулуу болуп кетпейсиң, анткени, 6 ай же 1 жылдан кийин баягы калыбына келип, кайра ийне алууну талап кылат. Ботокстун сулуулук тартуулаган жакшы жагы менен катар,  терс жактары дагы бар.

Ботулинтоксиндин пайда болуу тарыхы

Алгачкы изилдөөлөр 1950-жылы Вернону Бруксу тарабынан жүргүзүлгөн. Ал аз өлчөмдөгү токсин гиперактивдүү булчуңдарды токтото алгандыгын байкаган. ХХ кылымдын 60-70-жж. Офтальмолог Смит Кетллуэлл ботулинтоксин менен приматтарга тажрыйба жүргүзгөн. 80-жылдары беттеги паталогиялык булчуңдарды кыскартуу, 90-жылдары тердөөгө каршы ийне сайуу процедуралары иштетиле баштаган. Медицинада  көз орууларына, кыймылды жөнгө салууда, биртоп убакыт өткөндөн кийин гана бул токсин косметикалык каражат катары пайдаланыла баштаган. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 76 мамлекетте ботоксту клиникалык жактан колдонууга уруксат берилген. Ботулин токсини АКШдагы тамак жана дары-дармекти көзөмөлдөө башкармалыгында жана Улуу Британиядагы өкмөт алдындагы текшерүү агенттигинде экспертизадан өткөн. Косметологияда 20 жылдан ашык колдонулган каражатты ар кайсы мамлекетте жүргүзүлгөн 230 дан ашык тажрыйба ботоксту көп убакыт колдонуу эмнеге алып келээрин аныкталган.

 

Ботокс деген эмне?

Ботокс, диспорт жана мезоботокс – нейротоксиндин А тибиндеги заманбап препараты менен теридеги бырыштарды кетирүү. “Ботоксту” америкалык Allergan, ал эми “Диспортту” франциялык Beafour- Ipsen- Speywood фирмалары чыгарышат. Мезоботокс – теридеги бырыштарды кетирүү менен бирге кыймылдар, мимикаларды жасаганга мүмкүнчүлүк бере турган заманбап ыкма.

– Маңдай, көздүн  айланасындагы жана мурундун үстүндөгү бырыштарды кетирет.

– Сырткы келбетти түзөйт.

– Кашка өзүнчө форма берет.

– Денени тердетпейт.

 

Терс таасир берүүчү жагдайлар:

– Бат чарчоо;

– Кан айлануунун бузулушу;

– Ийне сайылган жерлердеги инфекциялык оорулардын пайда болушу;

Кандай учурда колдонууга тыюу салынат болбойт?

– Өпкө оорусу барларга;

– Кош бойлууларга;

– 16 жашка чейинкилерге;

– Этек кири келген учурда;

– Антибиотиктерди ичип атканда.

 

Кантип жасалат?

Ботокс жасоодон мурун дерматолог кардардын ден- соолугу, терисинин түзүлүшү тууралуу маалымат чогултат. Ыңгайлуу отургучка отургандан соң дарыгер операция жасалчу бөлүктөрдү 0,5% спирттен өткөрөт. Ботокс берилчү жерди маркер менен белгидеп алып, атайын май (крем) сүйкөйт. Анын натыйжасы ( бырыштарды кетирүү) ботокс жасалгандан кийин 3-7 күндүн ичинде билинип 6-7 ай  эффектисин жоготпойт. Бул учурда бет бырышууну адат калып калат дешет дерматологдор. Жакшы абалда сактоо үчүн ботоксту улам жасатып туруш керек. Бара-бара эффектини сактоо убактысы да көбөйөт.

Жасаткандан кийин

– 4 саат ичинде горизанталдык абалда жатпоо зарыл;

-1 сааттын ичинде активдүү мимикалык кыймылдарды жасабоо керек;

– 3 күндүн аралыгында күнгө күйбөөгө аракет кылуу зарыл;

– 2 жуманын ичинде антибиотиктерди кабыл албоо керек;

– 7 күндүн ичинде мончо, сауна, көлгө барууну чектөө абзел;

Ийне сайып жашаруу

Америкалык ММКлардын билдиргенине караганда, өткөн жылы 12 000 өспүрүмгө ботокс ийнелери сайылган. Бул акыркы сан эместигин жана жылдан жылга көбөйүп жаткандагын косметологдор да баса белгилешүүдө. Сырткы келбеттеги кемчилдикти тез жана оңой жоюуга кызыккан өспүрүмдөрдүн  мындай кадамга баруусуна мода индустриясынын өкүлдөрү  жана шоу-бизнес жылдыздары үлгү көрсөтүшүүдө. Улуулар арасында  жылына 4 миллиондон ашык адам  ушул кызматты пайдаланат. Анткен менен ал беттеги бырыштарды түбөлүккө жоготпойт. Европада жана АКШда атайын кечелер уюштурулуп, ботокс тууралуу маалымат берилип, кардарларды тартуу үчүн арзан баадагы кызматтар сунушталат.

 

Мээге тийгизген таасири

Мээ булчуңдарга таасирин тийгизгендей эле, булчуңдарда  мээге таасир берип, психиканын начарлоосуна өбөлгө түзөт. Ботулинтоксинин ой жүгүртүүнүн ылдамдыгын жайлатып, интелектке да терс таасирин тийгизет. АКШдагы нейрофизиологдор изилдөөсүндө мындай косметикалык процедурадан кийин сөздү кабыл алуусу жана сүйлөөсүндө кыйынчылыктар пайда болоорун аныкташкан. Ботулин токсини гиперактивдүү токсиндерди булчуңдарды тоңутуп, мээнин иштешине зыян келтирет.

Кыргызстандагы сулуулук салондор дагы ботоксту активдүү пайдаланат

Бүгүнкү күндө шаарыбыздын салондорунун 40%ы беттеги бырыштарды кетирүү үчүн ботокс процедураларын жасашат. “Белгилүү адамдар келгендиктен процесске катыша албайсыз” деген көрүнүктүү салондордун биринде эмгектенген косметолог Алия Рахманова “Бизге 23 жаштан 65 жашка чейинки аялдар кайрылышат. Биз бырыштарды кетирүү үчүн ботулин токсининин ордуна Кореядан келген нейронокс каражатын колдонобуз. Бул каражат медицинада кесилген, жаракат алган терилерди калыбына келтирүү үчүн колдонулат. Диспортко салыштырганда булчуңдарды  тоңутуу деген болбойт.  Муну пластикалык операцияларда көп колдонушат. Азыр бизде акция жүрүп атат, нейронокстун 1 бирдиги – 300 сомдон болуп жатат. Айымдардын бир жылда канча келгенин айталбайм. Майрамдарда өздөрүнө белек кылуу үчүн жасатышат” деди.

Марина, косметолог: “Түбөлүккө деп пластикалык операция  дагы кепидик бере албайт”

“Идеал”  сулуулук  салонуна “эринимди чоңойтом, эжем  беттеги бырыштары кетирүү үчүн билип келүүмдү суранды” деп  консультацияга бардым. Барсам киргизбей койсо кантем деген арсар ойдо бараткам, жылмаюу менен тосуп алган кызматкерлер жашым канчада экенин сурашпаганына таң калдым.  Эжем бөйрөгү ооруп келалбаганын айттым.  Акчаң, каалооң болсо жашартып кое беришет тура. “Келечегиңе  зыян, жаш башыңа ботоксту эмне кыласың ” деген сөздү угам деп жаңылыптырмын.

– Үстүңкү жана астыңкы эринимди бир аз чоңойтсом дегем, процесс жөнүндө айтып бериңизчи?
– Эриндерди чоңойтуу териге  ийне сайуу менен ишке ашырылат. Ийнеси ичке шприц, атайын гель  колдонулат. Алгач эриниңиздин үстүңкү жана астыңкы жагынан контур чийип алабыз. Белгиленген чекиттерге ийне сайып чоңойтулат. Процедура 1-1,5 саат жүргүзүлөт.

– Мен бир жолу жасатканым түбөлүккөбү же кайра келишим мүмкүнбү?
– Түбөлүккө деп пластикалык операция да кепидик бере албайт, сиздин чоңойтконуңуз 6 ай формасын жоготпойт. Кээде 1 жылга деле жетиши мүмкүн. Ал гелдин сапатына да жараша болот. Бир жасаткандан кийин кайра жасатып туруу керек.

– Бир жолку чоңойтконум канча сом болот?
– Эгер көпкө чейин формасын сактайм деп кымбатын тандасаңыз 300 евро болот. Бирок 100-200 еврого да бар. Алардын сапаты баасына жараша болот.

– Эжем бырыштарды кетирүү боюнча билип келүүмдү суранды эле.
– Эжеңиз азыр бөйрөгү ооруп аткан болсо, дары-дармектерди колдонуп жатса керек. Даарылануусу бүткөндөн кийин аз дегенде бир жумадан кийин ботокс жасатышы керек. Антпесе эч кандай өзгөрүү болбойт. Бырыштарды кетирүү үчүн диспорт, ботулин токсинин колдонобуз. Ал кымбат жана бир флаконду ачканда бирдиктердин баарын колдонушубуз керек. Мисалы сиздин эриниңизди каалаган убакта келип чоңойтсоңуз болот. Диспорттун бир флаконунда 500 бирдик болгондуктан айымдарды да бир күнгө чогултабыз.

-Маңдай, көзүнүн айланасындагы бырыштарына канча бирдик кетет?
– Эгерде бырыштар көп болсо жакындатылган түрдө 180 бирдик керектелет. Ал 360 еврого барабар болуп калат. Ботокс да 6 ай сайын жасалып туруусу керек.

Дүйнө жылдыздары жана ботокс

Кайсы бир убакта Франциянын мурунку биринчи айымы Карла Бруни-Саркози Мамлидерлер аялдарынын арасындагы эң сулуу айым деп эсептелчү. Ботокс ийнелерин сайуу аны ырайы суук айымга айланткан.

Табият берген сулуулукка ынанбаган супер модель  Кэти Прайс бычак астына жатып эле токтобостон, ринопластика жана эринине ботокс жасатып жаңы келбетке ээ болгон.

Мулда Италиянын сулуу кыздарынын башында  турган Микаэла Романини, ийне сайуу жана бир канча пластикалык операциялардан кийин эң ырайы суук кыздардын башында деп айтууга болот.

Айчүрөк Иманалиева, ырчы: “Жасатканга неге болбосун?”

– Мен колдонуп көрбөсөм да  ботокско көз карашым түз эле. Эгерде аял заты ушунун жардамы менен өзүн кандайдыр бир деңгээлде бактылуу сезсе жасатканга неге болбосун?  Эгерде кайсы бир убакыттан кийин жасатуу зарылчылдыгы пайда болсо, балким мен деле жасатмакмын. Бирок муну модага айландырып алган туура эмес. Бир жолу чет өлкөдөгү кичинекей кыздар арасындагы сулуулар сынагында ботокс колдонгон кыздарга эскертүү берилгенин жана катуу сынга алынганын угуп калгам.  Жашы өтүп, беттеги бырыштар билинип, ыңгайсыздык жаратса балким жасатса болот.