Буйруктун ээси кутулуп, «куйругу» тутулду

BabyrbekӨткөн жылы Антимонополдук агенттиктин кызматкери Нургали Кудаяровдун «Кудайберген» базарынын директорунан 300 миң сом пара талап кылып жаткан жеринен кармалышы, андагы окуянын аудиожазууга жаздырылып алып, интернет булактары аркылуу таркатылышы коомчулукта бир топ талкууга алынган эле. Адегенде аудиожазуудагы агенттиктин кызматкеринин тоту куштай кайталаган сөзүн эске салып көрбөйлүбү: «Мен бул акчаны шефке алып барып берем, анын аппетити аябай ачылып атат». Мына ушул «аппетити араандай ачылган» шефи ал убакта Антимонополдук агенттиктин башында турган Бабырбек Жээнбеков болгон. Бул кылмыш иши боюнча адегенде райондук сот, андан кийин шаардык сот карап, биринчиси жөн гана айып пул салуу менен чектелсе, экинчиси Кудаяровду 5 жылга шарттуу түрдө кесүү менен чектелген. Акырында бул иш Жогорку Сотто каралып, шаардык соттун шарттуу делген чечими өзгөрүп, Кудаяров 5 жылга эркинен ажыратыла турган болду. Албетте, соттун чечимине эч кимибиз эч нерсе деп айта албайбыз. Бирок, көпчүлүк элдин көңүлүн өйүп турган суроону берип калбасак болбосо керек. Эмнеге соттун үч инстанциясы тең катардагы кызматкердин катыштыгын гана карап, анын үстүнөн буйрук берип отурган «шефинин» жоопкерчилигин көңүлдүн сыртында калтырышты. Ал пара катары талап кылынган 300 миң сом акча Кудаяровдун эмес, Бабырбек Жээнбековдун чөнтөгүнө түшө турган болуп жаткандыгы аудиожазууда ачык эле айтылып атпады беле? «Киттер» кутулуп, буйрук аткарган «чабактар» тутулуп калып атпайбы?

Махабат Шакирова