Каармандарыбыз велосипед менен дүйнө кыдырууну максат кылып Түркиядан жана АКШдан келишиптир. Арасында бир дөңгөлөктүү велосипед менен жер шарын багындыргысы келген эр жүрөктүүсү да бар. Алар дээрлик үч жылды саякатка арнагысы келишет. Алты өлкөнү кыдырып, алар эми Кыргызстанга келип жетишти. Кийинки өлкө – Кытай. Төмөндө сиздерге бул саякатчылар – Милах, Зехиде, Эдуард менен болгон эксклюзивдүү маекти […]
(Башы өткөн санда) Таңданып жана өкүнсө да, кайран киши мени туура түшүнүп, келтирген жүйөөлөрүмдү кабыл алды. Анан коштошуп жатканда гана: -Ошондой болсо да, аскер комиссарына бир барып көрчү, -деген кеңешин айтты. Көрсө Алиаскар Токтоналиевич мында да мага камкордук көргүсү келген экен. Аскер комиссарында болгонумда, ал ошол замат эле мага “жылуу-жумшак” орун издей баштады. Бирок менин […]
Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомундагы майыптардын атынан: Тобокел уулу Алтынбек, Караева Гүлсара, Орозбакова Лиза, Койгельдиева Гульзана, Жумазова Айсулуулардан Кайрылуу Урматтуу Алмаз Шаршенович! Биздин Сизге кайрылып жатканыбыздын себеби, биз, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү (майыптар), майып болуп жаралганыбыздан эмес, адамдык укугубуз, жашообуз өзүбүзгө окшогон, бирок колунда бар адамдар тарабынан […]
-Мен Мажитова Шаар, Баткендин Көк-Таш айылынанмын. Ушул айылга бизди 90-жылдары (андан бери 24 жыл өттү) тажиктин Чаркөө айылынан көчүрүп келишкен. Тажиктер менен коңшу болуп, кыргыздын чек арасында силер гана жашай аласыңар, кыргыздын жерин тажиктер басып алып койбосун дешип көчүрүп келишкен. Он бир балам Чаркөөдөн окуду. Көк-Таштын бир жагында кыргыздар, экинчи жагында тажиктер жашайт. Айылда 5-6 […]
-Мен- Айымжан Аманова, Нарын областынын Жумгал районунун Жел-Арык айылынанмын. Мурда мектепте химия жана биология сабактарынан мугалим болуп иштечүмүн. Азыр пенсияга чыккам. Бир катар жылдардан бери кыргыздын тамак-ашы, даамдары боюнча конкурстарга катышып, жеңүүчү болуп атам. Жакында М. Өмүракунов атындагы фонддун конкурсунда “Жылдын кыргыз даамы” номинациясынын жеңүүчүсү болдум. “Кыргыз даамы” долбоорлоруна кандайча аралашып калгандыгым тууралуу айта кетейин. […]
Ушул жылдын күз айларында Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайлоо өтөт. Шайлоонун алдында саясий партиялар, алардын талапкерлери убадаларды кош кабаттап берет. Убадалардын аткарылышын көзөмөлдөш үчүн биз, шайлоочулар, politmer.kg сайты менен биргеликте саясий партиялардын программаларына дагы бир сыйра көз жүгүртүп, алардын кандай аткарылганын таразалап, аткарыла элек убадалар качан аткарыларын шайлоо алдында партиялардан сурап, анан таразалап шайлайлы. Тизмени мурунку […]
Эх, жыргал! Күзүндө шайлоо болот, буюрса. Кара шым, ак көйнөк кийип алып участөкө барабыз. Жалжайып түшкөн сүрөттөрдүн ичинен бирөөсүн тандайбыз. «Мобурекиге салагөр, салааңан май агызам…» дейт кимдир-бирөө калп эле жөтөлүп. Андайларды «сүтөнөр» деп тергеп алганбыз. Барагын барактай питичка кылып урнага салып ийип, арагын арактай ичип, кайра үйгө «ак» шым, «кара» көйнөк кийип, темтеңдеп кирип келебиз. […]
Бешинчи бөлүк. Аягы Редакциядан: “Полит Клиника” гезити “Элдик көзөмөл” рубрикасынын алдында Кыргызтандагы тейлөө тармагынын күңгөй-тескейин чагылдырып келатат. Гезиттин ушул жылдын 9-апрелиндеги №9 жана 7-майдагы №13 санына “Удача” такси кызматынын таксистинин айланасындагы кылмыш окуясы, ага карата укук коргоо органдарынын иш-аракети тууралуу сөз болгон. Кенедей нерседен кылмыш окуясы келип чыкканын, анын аягы кандайча бүткөнүн окуп коюңуздар. Ошентип, […]
Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Биздин «Кылым шамы» адам укугун коргоо борборуна Бишкек шаарынын тургуну Сактанов Асилбек: «Кызым Сактанова Алиянын 10.05.2015-жылы белгисиз адамдардын кысымы менен өлгөнүнө байланыштуу күнөөлүүлөрдү таап, мыйзам чегинде жооп берүүсүнө көмөк көрсөтүңүз. Мен майып адаммын. Жактоочуга төлөй турган мүмкүнчүлүгүм жок. Жардам берүүңүздөрдү суранам» деп 18-майда кайрылган. Бизден сырткары Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБине […]
Кыргызстанда калктын ден соолугун сактоо боюнча ондогон жылдар бою «Манас», «Манас таалими» программалары кабыл алынып жана иштетилип келген. Аларды азыркы күндө «Ден соолук» программасы улантууда. Канчалык гранттык каражаттар жана башка акчалай салымдар келбесин, тармактын абалы жана калктын саламаттыгынын көрсөткүчтөрү жакшырып кетпегенин соңку 20 жылдын мисалы көрсөтүп турат. Эгемендик алган жылдардан бери Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына […]
АКЫРКЫ ПИКИРЛЕР