“Кыргызстан” партиясы жарышка түштү Жаңы түптөлгөн “Кыргызстан” деп аталган партия съездин өткөрүп, келе жаткан парламенттик шайлоого барарын жар салды. Партиянын төрагалыгына Канатбек Исаев, тең төрагалар болуп Каныбек Иманалиев менен Арзыбек Бурканов дайындалды. Алардын катарында белгилүү ишкер Шаршенбек Абдыкеримов, Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков, депутаттар Алмазбек Баатырбеков, Элмира Жумалиевалар бар. Партиянын кудум Казакстандыкына окшогон желеги коомчулукта […]
Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомундагы майыптардын атынан: Тобокел уулу Алтынбек, Караева Гүлсара, Орозбакова Лиза, Койгельдиева Гульзана, Жумазова Айсулуулардан Кайрылуу Урматтуу Алмаз Шаршенович! Биздин Сизге кайрылып жатканыбыздын себеби, биз, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү (майыптар), майып болуп жаралганыбыздан эмес, адамдык укугубуз, жашообуз өзүбүзгө окшогон, бирок колунда бар адамдар тарабынан […]
Өкмөт “Мегаком” уюлдук операторуна ээлик кылган “Альфа Телеком” ЖАКсын сатууну сунуштады. Бул тууралуу мурдагы күнкү өкмөт жыйынында Экономика министри Олег Панкратов билдирди. Анын айтымында, “Альфа Телеком” ЖАКсын өкмөт пайдалуу баада сатышы мүмкүн. “Мегаком” компаниясы 2015-2017-жылдардагы менчиктештириле турган объектилердин катарына кирди. Эми бул тизмедеги объектилердин тагдыры парламенттин кароосуна коюлат. Министрдин айтымында, эгерде парламент компанияны сатууну жактырса, […]
АКЫРКЫ ПИКИРЛЕР