Articles Posted in the " Кылмыш жана кырсык " Category

  • Белорус бийлиги канкор Бакиевдерди качанкыга чейин коргойт?

    Мындан бир нече ай мурун Белоруссиянын Минск шаарында Кыргызстандан чыккан кримтөбөл Алманбет Анапияев киши колдуу болуп каза тапканы белгилүү. Анын жанында ар дайым чогуу жүргөн жардамчысы жана ашпозчусу Гүлжигит Абилазизовдун Кыргызстандын ИИМине берген көрсөтмөсү боюнча Анапияевди Жаныш Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрү өлтүргөн. Албетте, бул бир гана адамдын берген көрсөтмөсү. Бирок ал ар дайым Анапияевдин жанында […]


  • Данияр Деркембаев, “Акыры укугумду коргоп калууга жетиштим”

    Бешинчи бөлүк. Аягы Редакциядан: “Полит Клиника” гезити “Элдик көзөмөл”  рубрикасынын алдында Кыргызтандагы тейлөө тармагынын күңгөй-тескейин чагылдырып келатат. Гезиттин ушул жылдын 9-апрелиндеги №9 жана 7-майдагы №13 санына “Удача” такси кызматынын таксистинин айланасындагы кылмыш окуясы, ага карата укук коргоо органдарынын иш-аракети тууралуу сөз болгон.  Кенедей нерседен  кылмыш окуясы келип чыкканын, анын аягы кандайча бүткөнүн окуп коюңуздар. Ошентип, […]


  • Ички иштер министри Мелис Турганбаев ачылбай жаткан кылмыш иштери, үй-бүлө, көзү ачыктар тууралуу

    – Алманбет Анапияевдин өлүмүнө өзүн күбө катары атап келген Гүлжигит Абилазизов менен чогуу милиция кызматкерлери учуп келгени тууралуу маалыматтар чыкты. Бул кандайдыр бир шектенүүлөрдү жаратпай койбойт экен. Бул иштин чоо-жайын өзүңүз түшүндүрүп берсеңиз? Себеби бул ишке сизди да байланыштырып жазып чыгышты. – Акыркы мезгилдерде интернет түйүндөрүндө Алманбет Анапияевдин өлүмүнө байланыштуу бир катар ушак түрүндөгү материалдар […]



  • Жер көчкү алты адамдын өмүрүн алды

    Өткөн жуманын аягында Сузак районунун Кыр-Жол айылында көчкү жүрдү. Тилсиз жоо тоо боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калды. Кырсыктын кесепетинен алты адам каза таап, айылдын беш тургуну ооруканага жаткырылды. Каза болгондор жерге берилип, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, кырсык 23-майдан 24-майга оогон түнкү саат 2ге жакын болгон. […]


  • Александр Кимдин укугун Максим Бакиевдин адвокаты коргойбу?

    Александр Кимдин укугун Максим Бакиевдин адвокаты коргойбу?

    Чарбалык ишти саясатташтырып жиберген “Вечерний Бишкектин” чуусу жакын арада басылчудай эмес. Буга чейин Александр Ким Бакиевдер менен ымалага келип алып, ишкананын 100%ына ээ болгонун жазган элек. Бирок бул кыңыр иштерин моюндарына алгандын ордуна, сөз эркиндиги муунтулуп атканын жар салып келишет. Эми өзүнүн укугун коргош үчүн Москвадан Василий Сайкин аттуу адвокатты тартып жатканын «Рубикондун» дагы бир […]


  • Данияр Деркембаев, “Төртүнчү бөлүк: Бюрократиялык лабиринт”

    Редакциядан: “ПолитКлиника” гезити “Элдик көзөмөл” рубрикасынын алдында Кыргызстандагы тейлөө тармагынын күңгөй-тескейин чагылдырып келатат. Гезиттин ушул жылдын 9-апрелиндеги № 9 санында “Кенедей нерседен келип чыккан кылмыш” аттуу материалды жарыялаган элек. Ошол “Удача” таксисинин айланасында болгон кылмыш окуясынын уландысын окуп коюңуздар. КР жарандары мындай маселени кантип чечишерин билбейт экенмин, бирок менин немис паспортум жана ФРГнын жарандыгы менен […]


  • Канжар Кадыралиев жаткан палатага ээн-эркин эле кирип кетсе болот экен. Качып кетсе ким жооп берет?

    Талап-тоноочулук, бейбаштык беренелери менен кылмыш иши козголуп, бир нече убакыттан бери издөөдө жүрүп, акыры өзү укук коргоо органдарына келген Канжар Кадыралиевге карата Жогорку Сот камакка алынсын деген чечим кабыл алган. Бирок Кадыралиев ооруканада жатканына байланыштуу алиге чейин камакка алына элек. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кылмышка шектүү Канжар Кадыралиевдин ооруп жаткандыгына байланыштуу №1 шаардык оорукананын […]


  • Чарбалык талашты саясатка айланткысы келген Ким

    Курманбек Бакиевдин кандуу режими Кыргызстандын карапайым эли, деги эле дээрлик жалпы коомчулук үчүн адилетсиздиктин, акыйкатсыздыктын, канкордуктун туу чокусу сыңары эстеринде сакталып калган болсо, алар менен чогуу табакташ болуп, чогуу рейдерлик басып алууларга катышып калгандар үчүн бир келип кеткен «жомоктогудай жашоо» болуп эстеринен чыкпай туру. Андайлардын реванш алууга ашыгып, түрдүү имиштерди, жалган маалыматтарды таратып жаткандарына күбө […]


  • Президентке кат: «Уулубуздан айрылганыбыз аз келгенсип, автоаварияга шектүүлөр ээн-эркин сайрандап жүрүшөт»

    Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбекке Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Дархан айылынын С. Рыскелди көчөсүнүн №17 үйүнүн тургуну Койчуманов Эсентурдан Ачык кат Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Байлык деген чың ден-соолугуң жана балдарың турбайбы. Жалгыз уулубуз Мирбектен ажыраганыбызга бир жыл бир ай болуп, өңүбүз саргайып, үнүбүз бүтүп, көз жашыбыз кургап баратат. Мыйзамдын адилеттүүлүгүнө ишенип турсак дагы, аны аткарган […]